Базар-Коргондо «мас» жигит 19 жаштагы айылдашын бычактап койду

Жалал-Абад облусунда 24 жаштагы арстанбаптык жигит чырдан улам 19дагы айылдашын бычактап, өспүрүм окуя болгон жерде каза тапты. Райондук милиция «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окуя Базар-Коргон районунун автобекетинде 7-май күнү эртең менен болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Самара Кыдырова «Клоопко» билдиргендей, эки жигит Арстанбапка кетүүчү каттамды күтүп отурушкан.

«24 жаштагы жигит мас абалда болгон жана айылдашына сөз ыргыткан. Ортодо келишпестик чыгып, жаңжалдын жыйынтыгында мас жигит 19дагы өспүрүмдүн далысына бычак сайып жиберген», — деди Кыдырова.

Басма сөз катчынын айтымында, бычак жеген жигит көп кан жоготуп, окуя болгон жерде каза тапкан.

«Шектүүгө карата “киши өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Базар-Коргон райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми маркумдун сөөгү медициналык кароодон өткөрүлүүдө», — деп кошумчалады Кыдырова.

Милиция тергөө амалдарын улантууда.


ТЕМА БОЮНЧА: