Айрымдар жамгырда жөн гана суу болуп калышат. Кээ бири ар бир тамчысына суктанып, жаандан кийинки тазалыктан ырахат алышат. «Клооптун» журналисттери жамгырдан кийинки Ош шаарын сүрөткө тартып алышты.

Калаага чыгыш дарбазадан кире бериште жайгашкан «Ош мунарасы». Имараттын курулушу 2013-жылдын июль айында башталып, 2015-жылы колдонууга берилген. Өзгөчө чатырлуу «Ош мунарасынын» ичинде 246 батир бар.
Экинчи борбордун «Ак үйү». Ош шаардык мэриясынын жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн имараты Ленин көчөсүндө жайгашкан. Имараттын оң канатында мэрия, ал эми сол канатында Өкмөт өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери эмгектенет.
Суу издеп келген бактек.
ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы. Ленин көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу имаратта Элдик телерадио корпорациясы жана Эл ФМ радиосу иш алпарат.
Өлкө боюнча телекоммуникациялык долбоорлорду ишке ашырган «Кыргыз Телеком» байланыш түйүнүнүн имараты. Ал да Ленин көчөсүндө жайгашкан.
ОшМУ. Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу алгач 1939-жылы педагогикалык адистерди даярдоо максатында ачылган. Окуу жайдын башкы корпусу Ленин көчөсүндө жайгашкан. Шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө орун алган ОшМУнун 30 миңден ашуун студенти бар. Алар окуу жайдагы 18 факультетте, үч институтта, төрт колледжде, үч лицейде жана үч клиникада билим алат.
«Алымбек Датка» комплексиндеги оргума. Комплекс Сулайман Тоо аймактык кеңешине карайт.
Кыргыз-өзбек университети. Сулайман Тоонун бет маңдайында жайгашкан Кыргыз-Өзбек университети улуттар аралык биримдикти, ынтымакты, достукту бекемдөө максатында 1994-жылы ачылган. Учурда университетте 10 миңден ашуун студент билим алат.
Шаардын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бири.
Нан сатуучулардын соодасы уланууда
Ош шаарындагы өрт өчүрүү кызматынын имараты жана Сулайман Тоонун алыстан көрүнүшү. Имарат Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан.
ОшМУнун алдындагы Конфуций институту 2017-жылдын май айында ишке кирген. Институтта кытай таануу жана лингвистика адистиктери боюнча 700гө жакын студент билим алат.
Ош МУнун алдындагы Искусство факультетинин курулушу 2017-жылдын 21-июлунда башталган. Анын тендердик баасы 57 миллион сомду түзөт. Ушул жылдын май айында ачылуу аземи болоору күтүлүүдө.

Багдагүл Матжакыпова менен Максымбек Кадырбек уулу тарткан сүрөттөр