Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавында жашаган 154 кыргыз үй-бүлөгө 2011-жылы Ош облусунун Беш-Үй кыштагынан жер бөлүнүп берилген. Жаңы конушта мектеп жок болгондуктан алар жети жылдан бери балдарын кошуна айылдарга алып барып окутууга аргасыз.

Этникалык кыргыздар Беш-Үй кыштагын Жаңы Барак деп атап коюшат. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы кыштакта азыркы күндө 20 чакты түтүн жашайт.

Гүлнура Турсунбаева Өзбекстандын Барак анклавынан көчүп келгендердин бири. Анын Кара-Суу районундагы Беш-Үй кыштагына там салып, отурукташып калганына быйыл үч жыл толот. Жолдошу, беш баласы бар. Анын айтымында, бул жердеги тургундар бала бакчага, фельшердик-акушердик пунктка (ФАП) жана мектепке муктаж.

«Эки балам мектеп курагында. Алар Беш-Үйгө чектеш турган Сары-Колот айыл өкмөтүнүн орто мектебине барып окушат. Бул мектеп биздин айылдан беш чакырым алыс. Кышкысын мектепке кеткен балдар үйгө караңгы кирип калганда келишет», — деген Турсунбаева кыштакка мектеп салынып калса, эл көбүрөөк көчүп келмек деген пикирде.

Ал эми Барактан келген Алмазбек Каримов мектеп жок болгону үчүн Беш-Үйдөн кошуна аймакка көчүүгө аргасыз болгон. Учурда ал Кашкар-Кыштак айылында жубайы, алты баласы менен жашайт.

«Кашкар-Кыштакта Орусияга кеткен инимдин үйүндө турабыз. Алты баламдын төртөө мектеп окуучусу. Улуусу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Мөнөк айылындагы мектепте барып-келип окуса, үчөө Султанов атындагы жатак мектебинде жатып билим алышат», — дейт Өзбекстандан көчүрүлүп келген Каримов.

Ошондой эле ал берилген 8 сотик жер аянты эгин эгүү үчүн тардык кылганын айтып кейийт. Өзүнөн башка да этникалык кыргыздар жаз айында Баракка барып эгин эгип, күзүндө түшүмдөрүн жыйнап жан багууга аргасыз болуп жатыптыр.

«Жаңы Баракта эл көбөйсө гана мектеп курулат»

Кара-Суу райондук администрациясынын аймакты өнүктүрүү боюнча башкы адиси Шайырбек Базарбаев башкы планда Беш-Үйгө көчүрүлгөн этникалык кыргыздарга мектеп, бала бакча жана медициналык пункт куруп берүү каралганын айтат. Базарбаев азырынча айылда калктын саны аз болгондугуна байланыштуу орто билим берүүчү мекеме айыл эли толукталганда курулаарын белгиледи.

Учурда Беш-Үйдө турак-жайларын толук салып бүтүрө элек тургундар Ош шаарындагы батирлерде, айрымдары туугандарынын үйлөрүндө жашап жатышат.

«Акырындан айыл болуп жашоочулар толукталганда мектеп курулат. Бул өкмөттүн жана Кара-Суу администрациясынын перспективасында бар. Качан курулаарын так айта албайм. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнүшү керек. Бул өкмөттүн көзөмөлүндө турган аймак», — дейт Кара-Суу райондук администрациясынын кызматкери Базарбаев.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, учурда Жаңы Баракка мектеп эмес, ФАП куруунун жол-жобосун карап чыгуу боюнча иштер башталганын айтат. Бирок айылга көчүп келген элдин саны көбөймөйүн, андагы инфраструктуралык шарттар баары бир түзүлбөйт дейт ал.

«154 кишинин баары көчүп келип, жашашса деле, мамлекет 100 киши үчүн мектеп курбайт. Аларга ссуда, акча, жер тилкеси берилген. Көчүп келип, жашай башташса, тиешелүү шарттар түзүлмөк. Учурда райондук администрацияга ФАП куруунун жол-жобосун карап чыгуу боюнча тапшырма берилген. Ал эми мектептин курулушу жакынкы пландарга бекитилген эмес», — деп белгилеп өттү басма сөз катчы.

Аткаминерлер Өзбекстандан көчүрүлүп келген кыргыздардын Беш-Үй кыштагында калктын санынын аздыгына шылтап, азырынча шарттар түзүлбөй турганын айтып жатышкан кезде, тургундар балдарын беш километр алыста жайгашкан кошуна айылдагы мектептерге жөнөтүүгө аргасыз.

Жыйырмадай түтүн отурукташкан бул чакан кыштактын тургундарынын бири Талантбек Абсаттаров учурда башка айылга каттап окуп жаткан балдар кыш чилдесинде кыйналып жатканын айтып кайгырат.

«Кышкы чилдеде балдар бир сааттай жөө басып, мектепке барышат. 10 күн барса, 3 күн ооруп калышат. 1-класстын окуучулары алыска баса албай, кыйналышат. Же балдарды ташыганы машина берип, же башталгыч класска ылайык мектеп курулса жакшы болмок», — деп кейит ал.