Дүйнөнүн айрым аймактарында гейлердин укуктары оор абалда. Борбор Азия да бул аймакка кирет. Тажикстанда гейлерди туугандары «айыктырууга» аракет кылышса, ал эми милиционерлер акча опузалоо менен коркутуп-үркүтүшөт.
«Орус тилдүү медиа тармактын» колдоосу менен даярдалды. Бардык каармандардын аттары өзгөртүлдү.
Дүйшөмбү шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү дээрлик бардык имараттарда Тажикстандын алмашкыс президенти Эмомали Рахмондун сүрөттөрү илинген. Калаа жолдорунда камералар орнотулган, ал эми шаарда милиционерлерди байма-бай кездештирсе болот.
Өлкөдө интернет начар өнүккөн. Зым менен тартылган интернет жай иштеп, кээде иштебей деле калат. Мобилдик интернет бир аз ылдам иштегени менен ал деле маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап турат. Ошол эле маалда интернетти баары эле колдоно бербейт, анткени тарифтер кымбат, ал эми акысыз вай-фай түйүндөрү жок. Вай-фай орнотулган имараттарды кол менен эсептеп койсо болот. Адамдар маалыматтын көпчүлүгүн гезиттерден жана сыналгыдан алышат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары ЛГБТ коомчулугу жөнүндө анда-санда гана жазат. Активист Баходур тажик журналисттери ЛГБТ туурасында өлкөдө бул теманы ЖМК аркылуу чагылдыруу боюнча биринчи тренинг өткөндөн кийин, болжолдуу 2012-2013-жылдары, көтөрө башташканын айтып берди. Анын пикири боюнча, бул адамдардын аталган коомчулукка карата мамилесин өзгөртүүгө бир аз жардам берген.
«Адамдар, мисалы, беш-алты жыл мурда [ЛГБТга] жагымсыз мамиле жасашчу, ал эми азыр бир аз токтоо мамиле кылышат. Бул менин пикирим, мен бүткүл Тажикстан үчүн жооп бере албайм. Бардык нерсеге кайдыгер адамдар бар, ошондой эле, буга негативдүү мамиле кылгандар да бар», — деп эсептейт активист.
Ошол эле учурда гейлерди түшүнбө албай өз үй-бүлөлөрү да кабыл албагандыктан, алар чет жакка кетүүгө аргасыз болгон учурлар да кездешээрин белгиледи. Алар жумуштан да өз каалоосу менен арыз жазып кетүүгө аргасыз болгон учурлар бар болгонун айтат.
Башкалар сыяктуу эмес, бөтөн
Тажик көчөлөрүндө эл негизи жупуну, консервативдүү жана анча-мынча окшош кийинишкен. Жергиликтүүлөр туристтерге көнгөн эмес — башкача кийинген адамдар кызыгуу жаратат. Маал-маалы менен көчөлөрдө көпчүлүктүн арасынан айырмаланууга аракет кылган жергиликтүү жаштарды байкаса болот, бирок алар абдан эле аз.
Маектешүү учурунда Диловар тез-тез тамеки чегип турду. Аны таап, интервью алууга макулдугун алуу кыйын болду. Тажикстандын гей коомчулугу абдан жабык, бардыгы эл арасына таанылып кетүүдөн коркушат. Гейлер журналисттер менен сунуштама аркылуу гана сүйлөшүшөт, алар кимдир бирөөгө ишенсе да бул ыкма көп деле иштебейт. Көпчүлүгү интервью берип же бербестиги жөнүндө чечимдерин бир нече жолу өзгөртүп, натыйжада баары бир эле баш тартып коюшкан.
Диловар өзүнүн гомосексуалдуулугун болжолдуу 15 жашында сезген. Ал кезде жергиликтүү тургундарга гомосексуализм жөнүндө маалымат алуу оор болчу. Себеби интернет жай өнүгүп, кандайдыр бир баракчалар же уюмдар жөнүндө кеп да болушу мүмкүн эмес эле.
«[гейлердин ортосундагы] маектешүүнүн бардыгы таанышуу сайттарында гана орун алчу. Ал жакта элге шектенүү менен мамиле кылышат, көпчүлүгү менен жолугуша бербейсиң, — дейт Диловар. — Сени [кармап алышат] деген коркунуч бар эле, бирок сен жалгыз экениңди сезип, бул тобокелдикке барасың. Сексуалдык ынтызарлык сыяктуу нерселерди айтпастан эле өзүңдүн түгөйүңдү тапкың келип, сүйлөшүүгө боло турган кимдир бирөөнү издейсиң».
Диловар ата-энесине азырынча өзүнүн гомосексалдуулугу жөнүндө айтып бере элек.
«Мунун өзүмө кайта турчу кесепеттеринен коркпойм, бирок апам ачууланып атып, жабыр тартып калышы мүмкүн. Бирок ошентсе да апам бул нерсени кабыл алаарын түшүнөм», — деп ой толгоду Диловар.
Башка гей Азиз айланадагылар негизинен ЛГБТга жагымсыз мамиле кылат деп эсептейт: кыйкым издеп, мыскылдашат. Жергиликтүүлөр үчүн гомосексуалдар — башка планеталыктар сыяктуу эле деп тамашалады ал. «Айрымдар үчүн биздин жүрүм-турумубуз же бийлегенибиз жапайы көрүнөт. Ооба, биздин жүрүм-турумубуз бир аз башкача, биз башкалардан айырмаланып турабыз», — дейт ал.
Тажикстанда гей клубдар жок. Гомосексуалдар батирлерде кече уюштуруп, кээде анчейин чоң эмес компанияда кадимки эле кафе, бар жана клубдарга барышат. Бул коомчулуктун 2000-жылдары ЛГБТ чогулган клубу бар болгонун, бирок ал болгону бир нече ай гана иштеп, андан кийин мындай жайларды ачуу аракети болбогонун айтышууда — бардыгы тең айыбы ачылып калуудан коркушат.
Жагымсыз окуялардан кутулуу үчүн Азиз жана анын гей достору көңүл ачуу жайларына дайыма курбу кыздары менен барышат, себеби ошентип алар шек жаратуудан же ашыкча көздөрдөн сактанышат. Ал Диловар сыяктуу эле бир туугандарына ал гей экенин айтпайт. Бирок үй-бүлөсү анын сексуалдык ориентациясынан шектенип жатканын билет.
«Алар мен гей экенимди 100 пайыз билишкенден кийин аларга өтө жаман болоорун билем», — дейт ал.
Ал бир туугандарын жакшы көргөнү жана аларды кабатыр кылууну каалабаганы үчүн өзүнүн сексуалдык ориентациясын үй-бүлөсүнөн жашырып жүргөнүн айтат. Ошол эле кезде Азиз аларга үйлөнбөстүгүн айтат (бул өзүнөн-өзү Тажикстан үчүн мүнөздүү эмес). Анын айтымында, өлкөдө өз балдарын эрте никеге турууга мажбурлоо көнүмүш эле нерсе. Өзгөчө динди катуу туткан үй-бүлөлөрдө алардын балдары «соо» экенин көрсөтүш үчүн мындай учурлар көп эле болот.
«[Гейлер] өздөрүнө шек туудуруп албоо үчүн "үйлөндү деген" белги үчүн эле никеге турууга аргасыз болушат. Үйлөнүү тойдон кийин алар баары бир эле өз билгенин кылып, аялдарын башкалар менен алмаштырышат», — дейт Азиз.
Диловар Азиздин пикирин колдойт. Анын айтымында, өлкөдө эркек кишиге 30 жашка дейре баары бир үйлөнүүгө туура келет. «Сенден эч ким сурап да койбойт», — дейт ал.
Милициянын коркутуусу
Диловар бир нече жолу чет өлкөгө барып келген жана азыр ал качандыр бир күнү Тажикстандан башка өлкөгө көчүп кетүүнү пландап жүрөт.
«Ачыгын айтканда бул жерде жашоо деле жок да. Бул жердеги ар бир эле адам дайыма коркунучта жашырынып жашай албаса керек. Ар ким эркин сүйлөп, эркин сейилдеп, эркин дем алгысы келет», — деди ал.
Анын айтымында, тажик милициясы гейлерге «начар мамиле кылат же аларды коркутуп-үркүтөт».
«Эң эле жакшы дегенде [милиционерлер] сени дайыма манипуляция кылат: коркутуп-үркүтөт, сенден акча сорот — мунун бардыгы сен жөнүндө адамдар билип калышат деген коркунуч менен коштолот. Бирок эң коркунучтуусу — бул адам өзүнө-өзү кол салуу менен жанын кыйган учурлар», — деп айтып берди Диловар.
Тажик ЛГБТлары ырасташкандай, милиционерлер менен гейлердин «кызматташуусу» — дайыма эле кайталанып келген практика. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери опузалоо аркылуу акча өндүрүү үчүн, балким, башка гейлерди салып берүүнү суранышат же кармалган балдарды бай адамдарга каршы колдонушу ыктымал. Бул ЛГБТ коомчулугунун жабык болуусунун дагы бир себеби.
Гейлердин милиционерлер тарабынан кармалышынын башка ыктымал кесепеттери — бул милиция бөлүмүндөгү кыйноо жана кемсинтүүлөр.
«Гейлердин көпчүлүгүн кармап, [милиционерлер] ошол эле бөлүмдө зордукташат — ушундай окуялар да болот. Бирок алар өздөрүн "көкпүз" деп эсептешпейт. Ушинтип мыскылдашат», — деп айтат ал.
Диловар бир жолу өзүнүн курбу кызы менен милиционерлерге «кыз кийимчен баланы» кармап кетүүгө жолтоо болууга аракет кылганын айтты.
«Биз аны коргогонго аракет кылганыбыз табигый эле болду, бирок натыйжада мени курбу кызым өз убагында токтотуп койду. Болбосо биз кандайдыр бир түрдө жабыркап калмакпыз [...] Алар ачык эле "Силер азыр оозуңарды жаап кетип каласыңар же болбосо биз силерди да кошо байлап, жаап коёбуз!" деп айтышты. Биз билебиз да милиция бөлүмдөн эмнелер болоорун: ал жакта кыйнап, жана башка көптөгөн нерселерди кылышат», — деп эскерди ал.
Тажикстандын аймактарында абал борбор калаага салыштырмалуу мындан да оор. Анткени айылдарда адамдар бирин-бири таанышат жана динге берилген кишилердин саны көп.
«Менин гейлердин укуктарын коргоо боюнча иштеген тааныштарым бар. Алар бул нерсе [аймактарда] кандай болоорун айтып беришет — ал жакта атасы баласы гей экенин билип калып, аны зордуктай баштаган сыяктуу окуялар жык-жыйма. Үй-бүлөнүн бардыгы билсе да үндөгөн эмес, — дейт Диловар. — Айылдардагы үй-бүлөлөр эгерде билип калып, баласын же кызын "айыктыруу" аракети ийгиликтүү болбой калса, дароо эле токтоосуз өлтүрүп салышат».
«Гомосексуалдык жүрүм-турум үчүн чараларды кабыл алуу»
Өкмөттүк эмес «Адам укутары боюнча эл аралык кызматташтык» уюмунун 2017-жылга карата отчётунда тажик бийлиги ЛГБТ менен күрөшүүгө аракет кылып атканы көрсөтүлгөн.
«Ички иштер министрлиги "гомосексуализмдин жайылышына" каршы туруу себеби боюнча тымызын көрсөтмөлөрдү алышкан деп божомолдогонго негиздер бар», — деп жазышууда укук коргоочулар.
Милиция 2014-жылы июнда өлкөнүн ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын көрсөтмөсү менен «сойкулук, ортодо жүрүүчүлүк жана көмүскө жайларды кармагандарды аныктоо боюнча» бир катар түнкү рейддерди өткөргөн.
Укук коргоочулар ырасташкандай, бул рейддердин учурунда бир гана секс-индустриянын кызматкерлери эле эмес, сойкулук жана көмүскө жайларды кармоого байланышы жок ЛГБТ коомчулугунун мүчөлөрү да кармалган.
Бир аптадан кийин ИИМ секс кызматкерлерден тышкары милиционерлер «гомосексуалдык жүрүм-турумдун айынан керектүү чараларды көрүү үчүн» үч адам кармалган деп отчёт берген.
Ошол эле жылы Тажикстандын Ислам борборунун башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода жума намазы учурунда гомосексуалдык мамилени ачык түрдө сынга алган. Ал гомосексуализмди «кырсык» жана «бактысыздык» деп атаган.
«Мен мечитте бул тема жөнүндө сүйлөп атканыма уялып жатам. Тилекке каршы, өз жубайлары, аялдар менен мамилеге баруудан баш тартып, бачабаздык күнөөсүн кылып жатышкан билимдүү жана маданияттуу адамдардын сексуалдык ориентациясы жөнүндө угууга туура келген», — деп келтирди «Би-би-си» басылмасы Абдулкодирзоданын айткандарын.
Тажик басылмалары менен чет элдик ЖМКда 2017-жылдын октябрында Тажикстандын ИИМи менен Башкы прокуратура ЛГБТ коомчулугунун 380 өкүлүнүн тизмесин түзүшкөнү тууралуу макалалар пайда боло баштаган.
Бийлик расмий түрдө мындай тизменин түзүлүшүн аталган коомчулуктун өкүлдөрүндө «ВИЧ инфексиясын жуктуруп алуу коркунучу жогору» болгонуна байланыштырып түшүндүргөн.
Активисттер тизмектер жөнүндө маалымат болгону ЖМК рейтингин көтөрүү үчүн уюшулганын жана ЛГБТ өкүлдөрүн аныктоо боюнча эч кандай рейд болбогонун айтышууда.
«Мен эшикте кетип бара жаткан адамды кармап алып эле, "мына сен ЛГБТ экенсиң, биз сени кармап кетебиз" дешет деп ойлобойм. Кантип эле элди жөн жерден ЛГБТ болгону үчүн эле кармашсын, — дейт Баходур. — Менимче эч кандай тизме болгон эмес».
Ал Башкы прокуратуранын журналынан 2015-жылы эркектер жана аялдар кармалган учурдагы секс-кызматчыларды аныктоо боюнча өткөрүлгөн рейддин статистикасы менен бир абзац ЖМКга жарыяланганын айтып берди.
Ошондой деп Тажикстандын укук коргоо уюмдарынын биринде иштеген активист Сайера да эсептейт.
Бирок «Клооптун» кабарчылары маектешип көрүшкөн Тажикстандын ЛГБТ өкүлдөрү бул пикирге макул эмес. Алар 2017-жылдын аягында чын эле рейд болгонун жана рейд учурунда чындыгында кармалган гомосексуалдардын тизмеси түзүлгөн деп айтышууда.
«Көчөлөрдө, сейил бактарды кыдырып, алардын жүрүм-туруму баары бир башка экенин көрүп, кармап алып кетишкен. Андан соң алар паспорт, телефон номерлерди сурашып, телефонду чукулашкан. Эгерде ал кишинин көп адамдар менен сүйлөшкөнүн байкашса, ага элди опузалап акча таба турган жумуш сунушташкан», — деп айтат Азиз.
Анын айтымында, рейд учурунда досторун эс алып отурушкан жеринен көңүл ачуу жайында кармап кетишкен. Азиз алар менен барган. Ал кайсы бир учурларда укук коргоо тармагында иштеп калган жана бул тажрыйба ага досторун коргогонго жардам берет деп үмүттөнгөн.
«Бөлүмдө алар жөн гана биздин паспортторубузду сурап, мыскылдашкан. Мен алардын оозун басып, алар бизге мындай мамиле кылууга укутары жок экенин, анткени биз да адам экенибизди айткам. Бизди ал жактан мен ызы-чуу көтөрүп жибергеним үчүн коё беришкен», — деп эстеди ал.
Азиз аларды коё бергенге чейин кармалгандардын бардыгын тизмеге киргизгенин айтат. Ал жакта кармалгандардын жеке маалыматтары болгон.
Андан сырткары, Шахбоз (ал да гомосексуал) айтып бергендей, ЛГБТ коомчулугунун айрым өкүлдөрүнө зыян тийгизүү максатында милиционерлер рейд учурунда алар менен атайын таанышып, бирге жатууну сунуштап келишкен. Эки эркек киши бөлмөгө киргенден кийин ал жакта милиция формасын кийген кызматкерлер пайда боло калышкан.
Азиз да милиция кызматкерлери анын досун зыянга түрткөн учурларды эстеди.
«Менин транссексуал досум чечингенде, ал таанышкан бала чыгып кетип, анын артынан эле бөлмөгө [милициядан] көп адамдар киришкен. Ал каршылык көрсөтпөй эле кийинип, аны бөлүмгө алып кетишкен», — деп айтат Азиз.
Бөлүмдө аны суракка алып, анын жеке маалыматтарын жазып калышкан.
«Сурактан кийин милиционер ага жөн гана парик кийип алуусун жана ага минет кылып берүүсүн суранган, ал аргасыздан ага да көнгөн», — деп кошумчалады ал.
Анын пикири боюнча, тизме ЛГБТ коомчулугун коркутуп коюш үчүн түзүлгөн.
«Алар коомчулуктагы адамдардын саны азайышын каалашууда. Аларга [гомосексуалдар] көбөйүп кеткендей сезилип кетишинин айынан бийлик биз үчүн көйгөйлөрдү жарата баштаган. Бул тизме [ЛГБТны] жоюш үчүн керектелген», — деп эсептейт Азиз.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура «Клооптун» журналисттеринин расмий сурамдарына жооп беришкен жок.
ЛГБТны коргоочулар
Активисттердин айтымында, Тажикстанда ЛГБТ коомчулугу менен иштеген бештей укук коргоо уюму иштейт. Тажикстанда бир эле ЛГБТ коомчулугунун көйгөйлөрү менен иштеген укук коргоочулар жок. Активисттер бийлик буга жол бербейт деп эсептешет.
Бирок гейлер укук коргоочуларга ишенишпейт. Алар тигилер милиция менен кызматташышат деп эсептешет.
«Алар ИИМге отчёт беришет экен. Көрсө алар биз кайда барып, кандай көңүл ачып жүргөнүбүздү билишет тура», — деп айтат Азиз.
Диловар да Азиздин пикирине тилектеш. Ал эч качан Тажикстандын укук коргоо уюмдарына кайрылбастыгын айтты.
«Мен мындан ары да жаман болоорун билем — органдардын көзөмөлүндө каласың жана сен кайда гана барба, алар үчүн баары бир биринчи максатта болосуң. Укук коргоо уюмдары — бул укук коргоо органдарына иштеген курал», — деп эсептейт ал.
Диловар мурда өлкөдө ЛГБТ коомчулугу кандайдыр бир жардам берүүгө аракет кылган жана анча-мынча ишенүүгө боло турган уюмдар болгонун, бирок алардын бардыгы жабылууга аргасыз болушканын айтты.
Азиз да, Диловар да ЛГБТнын укугун коргоо боюнча иштеген уюмдар өлкөдө гомосексуалдарга жагымсыз мамиле жасоо менен акча табышат жана эч кандай реалдуу жардам көрсөтүшпөйт деп эсептешет.
«Мисалы, мени мент эч бир жүйөөсүз эле кармаган. Ал мени сексуалдык ориентациямдын айынан коркуткан. Мен кимдир бирөөгө чалып, жардам сурашым керек, бирок ошол учурда укук коргоочулардын бардыгы өздөрүнүн мобилдик телефондорун өчүрүп салышат. Менин досторум жана тааныштарым мындай абалга да кабылышкан», — дейт Азиз.
Активист Баходур өз кезегинде укук коргоочулар милицияга маалымат беришкени жөнүндө эч уга электигин айтты. Ал эми бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген Сайера муну милиция менен кызматташкан ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү таратып аткан ушак деп атады.
«Бул жөнүндө жекече укук коргоо органдары менен иштеген жана башкаларды зыянга түркөн коомчулуктун өкүлдөрү айтышууда», — деген ал анын уюму жада калса өз кардарларынын жеке маалыматтарын сактабасын кошумчалады.
«Алар мага эмне мүмкүн болсо, ошонун бардыгын кылышты»
Айрым гейлер Тажикстандан кетүүгө аргасыз болушат, анткени алар милиция тарабынан опузалоого кабылышкан. Далер да ушундай окуяга туш болгон.
Ал өзүнүн гей экенин болжолдуу алты жашында сезген. Ошондо ал өз апасына ага кошунасы жагаарын айткан.
«Мага бул күнөө экенин жана мындай болбошу керектигин, анткени мен эркек экенинимди айтышкан. Кошунам менден улуу болчу жана апам ал мага жөн гана дос катары жагып жүрбөгөнүн эмнегедир дароо эле түшүнгөн», — деп эстеди Далер.
Ата-энеси аны эмчи-домчуларга алып барып, анын «оорусуна» элдик каражат катары ар кандай өсүмдүктөрдүн тамырларын ичирүүгө мажбурлап, молдого алып барып даарылай башташкан. Туугандары балага «жин кирип кеткен» деп ойлошкон. Жылдар өтүп ал өзү да бир нерсе болуп ооруп атам деп ойлоно баштаган.
«Мен динден жооп табууга аракет кылган күндөрүм да өткөн. Алар менин тынчымды алышпашы үчүн мен айланадагыларымдан оолактап, сыйынып, мечитке барып, диний ырым-жырымдарды аткара баштагам», — деп айтат Далер.
Бирок мунун баардыгы жардам берген жок. «Жыл өткөн сайын бул сезимдер күчөп, мен муну эч нерсе менен токтото албасымды түшүнгөм», — дейт ал.
Ал байма-бай мечитке барып, намаз окуй баштаганда туугандары бир аз тынчтанып калышканы менен анын артынан дыкат аңдууну улантышкан. «Ата-энем жана бир туугандарым университетти аяктаганымда гана биротоло ишене башташкан. Алар мени үйлөнткөнү жатышканын түшүндүм», — деп баяндайт ал.
Аны мурда деле үйлөнтүп коюуга аракет кылышкан, бирок ал бул окуусуна кедергесин тийгизип койорун түшүндүргөндөн кийин анын тынчын албай калышкан. Мажбурлап үйлөнүүдөн кутулуу үчүн ал грант утуп алып, Орусияга окууга учуп кеткен. Далер өз алдынча акча таап, үй-бүлөсүн камсыздай баштагандан кийин ата-энесине өз ориентациясы жөнүндө айтып бере алам деп ойлоп жүргөн.
Ал Тажикстанга кайтып келгенден кийин туугандарынын бири үй-бүлөсүнө гомосексуалдуулугун айтып берген соң өз жанын кыйып салганын билген.
«Соп-соо эле бала кандай бир жерден "баңгизатка отуруп калып", бир нече убакыттан кийин асынып калган. Мен буга эч качан ишенбейм. Тажикстан үчүн наркоман болгон жакшы, бирок кудай сактасын, гей болбошуң керек. Бул үй-бүлө үчүн шермендечилик», — деди Далер.
Ал ошол бойдон үй-бүлөсүнө «айыкпай эле» гей бойдон калганын мойнуна алып айтып берген эмес.
Орусиядан келгенден кийин бир нече убакыт өтүп ал өзүнүн жигити менен бирге жашай баштаган. Бир жолу алардыкына милиция кызматкерлери келип, жигиттердин документтерин текшерүү керек деген негиз менен бөлүмгө алып кетишкен.
Далерду башка кабинетке өтүүнү суранышкан. Ал жактан анын үстүнө кандайдыр бир арыз түшкөнүн, бирок иш эмне жөнүндө болуп атканын түшүндүрүшкөн эмес. Ага жашаган жерин өзгөртпөөнү жана жакын арада анын кармалуу себептерин түшүндүрүп берүү үчүн милиция бөлүмүнө чакырыла тургандыктарын айтышкан.
Эки-үч күндөн кийин Далерго эки киши келип, анын үстүнөн түшкөн арызды териштирүү үчүн алар менен барууну суранышкан. Машинада анын колуна кишен тагып, башына мүшөк кийгизишкен. Аны кайсы бир жер төлөөдөгү орун жайга алып барышкан.
«Менин башымдан мүшөктү алышкандан кийин көз алдымда бет капчан киши отурган. Анын үнүн дароо тааныдым — ал менин үстүмөн арыз түшкөнүн айткан милиционер экен», — деп эстеди ал.
Ал жактан аны кыйнап, жашы жете элек баланы зордуктоо боюнча күнөөнү моюнга алдырууга мажбурлашкан экен.
«Мени келтек менен чапкылашты. Ага катуу сүлгү оролгон, ал быдыралуу, чапканда тытып кетет. Адам тердеп жатканда мунун бардыгы ачыштырат — ушунчалык ооруйт, сен отура да, сүйлөй да албай каласың, — деп айтат Далер. — Андан кийин мага ошол жаш баланын "сурагынын" жазмасын коюп беришти. Ал чынында эле менин атымды, жашаган жеримди, менин паспортумдун маалыматтарын айтып жатты».
Кыйноо Далер жашы жете элек баланы зордуктоо боюнча моюнга алуу документине кол коюп бергенге чейин уланды.
«Мени абдан катуу сабап, башыма баштык кийгизип, ал эле эмес артыма бөтөлкө киргизишти. Алар мага эмне мүмкүн болсо, ошонун бардыгын кылышты. Төрт аяктап басууга мажбурлап, мага заара ушатып, мен иттей болуп үргүлөшүмө аргасыз кылышты. Мындай шумдуктардан кийин мен бардыгына кол коюп берүүгө даяр болуп калгам», — дейт ал.
Милиционерлер колуна моюнга алуу документин алышкандан кийин, алар бул ишти 500 долларга жабууну сунуш кылышты. Далердин айтымында, ал кезде бул акчага тажик үй-бүлөсү бир нече ай жан багып же жупуну үйлөнүү тоюн өткөрүүгө болмок.
Далер анда мындай суммада акча жок экенин айткан, бирок милиционерлер анын жигитинде акча бар экенин билдиришкен. Анткени алар берки жакшы акча табаарын билишкен. Алар аталган суммадагы акчаны алышкандан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери балдарга жашаган жерлерин өзгөртпөөнү айтып, кайра келишээрин эскертишкен.
Далер жигити менен өлкөдөн дароо учуп кетишкен. Алар азыр бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашашат.
«Азыр мен эч качан жана эч бир нерсе үчүн Тажикстанда өмүр сүргүм келбейт деп айта алам. Себеби мен бул жерде биринчи кезекте адам экенимди жана менин айрым бир укуктарым бар экенин билем [...] Эгерде азыр мага "Тажикстанга кайт, элдердей болуп жашай бер" дешсе, мен сизди карап, көздөрүмдү ирмеп, жөн гана колум менен кулак тушумду тырмап отура берем», — деп жыйынтыктады Далер.
Тажикстандын мыйзамдары боюнча гомосексуализм 1998-жылдан тарта кылмыш эмес. Буга карабастан, ЛГБТ коомчулугу өлкөдө дайыма куугунтукка кабылып келет: аларды эшиктен токмоктошот, жумуштан бошотушат, милиционерлер кол салуу жөнүндө арыздарды кабыл алуудан баш тартышат, аларды шылдыңдап, акча тоорушат.
Тажикстандан тышкары, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө деле абал көңүл жылытаарлык эмес. Мисалы, Өзбекстан менен Түркөнстанда эркектердин ортосундагы гомосексуалдык мамилелер кылмыш болуп эсептелинет. Бул үчүн Өзбекстанда үч жылга чейин, ал эми Түркмөнстанда эки жылга чейин эркинен ажырап калуу мүмкүн.
Казакстан менен Кыргызстанда гомосексуалдык байланыштар кылмыш эмес, бирок бул өлкөлөрдүн бийлиги Орусиянын артынан эле «гей пропагандага» тыюу салуу жөнүндө мыйзамды кабыл алууга аракет кылышкан. Кыргызстандын парламенти мыйзамды кабыл алган эмес, анткени менен депутаттар анын долбооруна бүтүндөй эки жыл өзгөртүүлөрдү киргизип, аны карашкан. Ал эми Казакстанда аны конституциялык эмес деп таанышкан.
Буга карабастан, Казакстан менен Кыргызстанда милиционерлер дагы эле маал-маалы менен ЛГБТнын өкүлдөрүн токмоктоп, коркутуп-үркүтүп турушат, ал эми коомчулук көбүнесе гомофобиялуу болуп кала берүүдө.