Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны жана аны жаңыртууга кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын көрсөттү. Анын пикири боюнча, авариянын негизги себеби — бул энергетика тармагынын саясатташканы, кадрлардын жетишсиздиги жана тууганчылык байланыштар аркылуу кызматтарга дайындоо. Ошондой эле депутаттар жаңыртуу долбоорунан 12 мыйзам бузуу таап, Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылышты.

Парламенттик комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыкты. Депутаттар комиссиянын корутундусун аягына чейин талкуулоого жетишпей калып, кийинки апта улантууну чечишти.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү өз иликтөөсү жөнүндө эмнелерди айтышты?

ЖЭБдеги авариянын себеби

Комиссия 2018-жылдын январынын аягында Бишкек ЖЭБде болгон авария бир нече себептерден улам болгон деген тыянак чыгарган. Депутаттар алардын ичинен негизгилерин гана аташты:

• энергетика тармагынын саясатташканы;

• бул тармакты жакшы билген кадрлардын жетишсиздиги;

• кадрларды тууганчылык менен дайындоо;

• эски жабдуулар;

• өкмөттүн жылытуу сезонуна натыйжасыз даярдыгы;

• ЖЭБ кызматкерлеринин жоопкерчиликсиздиги.

Комиссиянын башчысы Улан Примов жабдууларды оңдоо үчүн мамбюджеттен бөлүнгөн каражат максатсыз колдонулганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жыл сайын ЖЭБди оңдоого 400 млн сомдон ашуун акча бөлүп турган.

Улан Примов. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

ЖЭБди жаңыртуу

Депутаттар Бишкек ЖЭБди жаңыртуу керек болгонун моюнга алышты. Бирок Кыргызстан Кытайдан насыя катары алган 386 млн доллар — жаңыртуунун жүрүшү менен анын баасы — «суроолорду жаратууда». Комиссиянын пикири боюнча, укук коргоо органдары акчалар кай жакка кеткенин билип чыгышы керек.

Депутат Талант Мамытовдун айтымында, депутаттар жаңыртуу долбоорунда 12 мыйзам бузуу тааап, Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылышкан.

«Бирок бардык кызматтар үндөбөй жатышат. Бул уюшкан кылмыштуу топ. Башкы прокуратура менен УКМК токтоосуз чара көрүшү керек эле. Алар президентке баш ийишет. Бул жерде коррупциялык аракеттер бар. Дыкат иликтөө жүргүзүлүшү керек», — деди эл өкүлү.

Эл өкүлдөрү сатылып алынган жабдуулар менен көрсөтүлгөн кызматтардын баасы жаңыртуу учурунда кымбаттатылган деп эсептешет.

Комиссиянын мүчөсү Алмаз Токторовдун айтымында, жабдыктардын «баасы 3-4 эсе кымбаттатылган».

Бирок ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимге кол койгон мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо 396 млн долларга бааланып, кийинчерээк баа арзандатылганын билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин 386 млн доллар болуп калды. ТВЕА бааны бир тыйын да түшүрбөсүн, анткени бул эл аралык стандарт экенин айтты», — деди ал.

Жантөрө Сатыбалдиев. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, эл өкүлдөрү жаңыртуу үчүн 386 млн доллар кымбат экенин түшүнүшкөн. Келишимге кол коюунун алдында алар ТВЕАнын демилгеси боюнча Кытайга барып келишкенин жана ал жакта аларга компаниянын долбоорлорун көрсөтүп, ушундай эле долбоор Кыргызстанда да ишке ашырылаарын айтышкан.

«Бизди көндүрүштү. Мен [Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек] Атамбаев насыядан бир тыйын да албаганына ишенем. Муну долбоордун үстүнөн түздөн-түз иштегендер кылышты», — деди Карамушкина.

Аягында депутаттар айрым системалардын курулушун аягына чыгарбай эле жаңыртылган ЖЭБди мамлекеттик кабыл алуу шашылыш өткөрүлгөн деген тыянак чыгарышты.

Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим

Депутаттык комиссия Кытайдын ТВЕА компаниясы менен ЖЭБди жаңыртуу боюнча келишимге кол коюуда коррупция болгон деп тыянак чыгарышты. Юстиция министрлигинен депутаттарга макулдашуу эл аралык келишимдерге дал келбестигин билдиришти.

Депутат Исхак Масалиевдин пикири боюнча, Атамбаев кытай компаниясы менен келишимдин кол коюлушуна «кийлигишкен».

«Президент министрлерге насыя келишимине кол коюп, аны аткарууга түздөн-түз көрсөтмө берет. Мен президент ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп эсептейм. Президент кийлигишип, көрсөтмө бергени  — бул узурпация», — деди Масалиев.

Бирок мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн Атамбаев айрым бир компанияны тандап алуу боюнча көрсөтмө бербегенин айтты.«Масалиев Атамбаев тапшырма берген деп жатат. Атамбаев [ЖЭБди жаңырта алчу компанияларды] карап көрүүнү суранган. Масалиев алдап жатат. Биздин катты окуп көрсөңөр, биз айрым бир компанияны сүрөмөлөгөн жокпуз. Биз жөн гана президентке компаниялар боюнча маалымат бергенбиз», — деп билдирди Исаков.

Ошону менен Исаков ЖМКлардын ТВЕАнын ЖЭБди жаңыртууга катышуусун мурдагы премьер сүрөмөлөшү ыктымал деген маалыматтарын четке какты.

«Эксимбанк» менен насыя келишими

Депутат Алмаз Токторов билдиргендей, финансы министринин мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев менен тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскарбек Бешимов Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкынын» Бишкек ЖЭБди жаңыртууга акча бөлүү жөнүндө насыя келишиминен улам жаралчу коркунучтар жөнүндө эскертишкен.

«Кожошев келишим тышкы карыздан турууктуулуктун жоголушуна алып келет деп жазган, ал эми [мурдагы финансы министри Ольга] Лаврова кол коюп берип жатпайбы. Бешимов келишим эгемендикке коркунуч туудуруп атканын жазган, ал эми [тышкы иштер министри Эрлан] Абдылдаев кол коюп берген», — деди Токторов.