Toro цехинин касапчылар. Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

«Көпчүлүгү эмнегедир халал — бул мал жандыкты "Аллаху Акбар" деген сөздөр менен союу деп ойлойт. Биз мамлекет катары бул андай эмес дээр элек. Халал — биринчи кезекте тазалык, гигиена жана тамак-аш коопсуздугу», — деп түшүндүрүүдө Экономика министрлигинин алдындагы халал индустрия секторунун бөлүм башчысы Алмаз Кайырбеков.

Анын төртүнчү кабаттагы чакан иш бөлмөсүндө араб тилиндеги жазма, ал эми анын жанында ишканаларга берилген мамлекеттик халал тастыктамасынын кыргызча «Халал» энбелгиси илинип турат.

Кайырбеков халал тастыктамасынын тарыхы жөнүндө шыктануу менен айтып берип жатты: 2009-жылы экономика министри өз ведомствосунун алдында кантип халал индустриясын өнүктүрүү секторун ачкандыгын, бул бөлүм 2013-жылы кыскартуудан кантип өткөнүн жана өкмөт 2015-жылы «Халал индустриясын өнүктүрүү концепсиясын» кантип кабыл алгандыгын.

«Бул фундаменталдык документ. Бул документти биз Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн ичинде биринчилерден болуп өкмөттүн токтому менен бекиткенбиз. Бул эмне үчүн кылынат? [халал жана халал тастыктама түшүнүгүнүн мааниси — эмне эмнеден тураары түшүнүктүү болушу үчүн», — дейт Кайырбеков.

Бишкектин Аламүдүн базарындагы халал продукциясы менен эт катарлары. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Арабачадан которгондо «халал» «уруксат берилген» же «уруксат кылынган» дегенди билдирет. Мусулмандарга тамак-аш катары колдонууга уруксат берилген азык-түлүктөрдү шариат аныктайт — бул Куранга негизделген эрежелер менен мыйзамдардын жыйнагы.

Шариат мусулмандарга чымчыктардын (жырткычтардан тышкары), койдун жана уйдун этин жегенге уруксат берет. Жылкы этин жегенге болот, бирок анын макамы мазхабтар менен аныкталат — бул шариат укуктары боюнча мектептер. Мусулмандарга жырткыч жаныбарлардын этин жегенге тыюу салынат — бул чочко жана иттин эти. Андан тышкары, мисалы, курамында чочко майы бар азык-түлүктөрдү да колдонууга тыюу салат.

«Халал» тастыктамасын алууну каалаган компаниялардын өндүрүшү шариаттын талаптарына шайкеш келиши керек.

Бул деген мал союлчу жайларда мал-жандыктар жабдыктардын жардамы менен эмес кол менен союлушу керек жана союу алдында жаныбар чочуганга үлгүрбөй калышы керек дегенди билдирет. Малды сойгонго чейин аны сабап, коркутуп же башка мал-жандыктардын көзүнчө сойгонго болбойт.

Касапчыга да талаптар бар: ал сөзсүз түрдө мусулман болушу шарт. Союунун алдында ал малдын башын Меккени көздөй буруп, баштан тараган кан тамырларды жана уйку безин курч жана узун бычак менен Аллахтын атын айтып мууздашы керек.

Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан Toro цехинин короосундагы букалар. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Улуттук халал индустриясын өнүктүрүү борборунун халал тастыктама боюнча адиси Эрмухаммад Мыктыбек массалык өндүрүштө шариаттын талаптарын сактоо дайыма эле мүмкүн боло бербесин айтат: мисалы, чымчыктарды башка чымчыктардын көзүнчө сойбоо дайыма эле мүмкүн эмес.

Бирок өндүрүшчүлөр мындай учурда дайыма жылчык табышат — мисалы, ток менен кулактары тундурулуп мал-жандыктарды «тынчтандырышат», союп баштаганда башка малдардын көзү жабык болот.

Эки тастыктама

Жалпысынан Кыргызстанда халал тастыктамасынын эки түрү бар: жеке жана мамлекеттик.

Жеке түрү менен 2012-жылдан тарта Улуттук халал индустриясын өнүктүрүү борбору алектенет. 2014-жылга чейин ал Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы  (КМДБ) менен биргеликте иштеген, бирок кийинчерээк бөлүнүп кетип, өзүнчө иш алып бара баштаган.

КМБД 2015-жылы халал тастыктамасы боюнча милдеттерди өзүнө кайтарууну чечип, экономика министрлиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгон. 2016-жылдан бери муфтият Экономика министрлигинин алдындагы Кыргызстандарт менен биргеликте тастыктамалоо менен иштеп келет.

Бул убакыт ичинде 2016-жылдан тарта 16 ишкана мамлкеттик халал тастыктамасынан өткөн.

Ал үчүн компания документтер менен билдирме берип, комиссияга өндүрүш процессин көрсөтүшү керек. Эгерде ал ЕАЭБдин техрегламенти менен ченемдерине туура келип, кызматкерлер шариаттын эрежелерин сакташса, анда компания келечекте мөөнөтүн узартып туруу шарты менен мамлекеттик тастыктама алат.

Цехтин кызматкери Рысбек буканы сойгонго алып кетип бара жатат. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Тастыктама алгандан кийин ишкана ошондой эле, товарларды өз алдынча маркировкалоо системасына кошула алат — бул аларга QR-коду бар атайын наклейкаларды чаптоого мүмкүндүк берет. Экономика министрлигиндеги Алмаз Кайырбековдун айтымында, аталган наклейкаларды өз алдынча жасатып алуу мүмкүн эмес.

Эгерде керектөөчү маркировкасы бар колбаса сатып алып, QR-кодун сканерден өткөрүү менен ал продукцияны ким өндүргөн, ал каяктан жасалган, жарактуу мөөнөтүү жана курамы сыяктуу кеңири маалыматтарды ала алат. Андан сырткары, бул система сатып алуучуга жасалмаларды сатып алуудан коргоонууга мүмкүндүк берет: өндүрүүчү жана анын продукциялары жөнүндө бардык маалымат Стандартташтыруу жана метрология борборунда сакталат.

Бирок мамлекеттик халал тастыктамалары бардык эле жерлерде тааныла бербейт. Мисалы, Казакстанда — бирок ал жакта жеке Улуттук халал индустриясын өнүктүү борборунун тастыктамалары таанылат.

Бул базар талабына ылайыктуу болуш үчүн кандай тастыктамаларды алуу керектигин ойлогон кыргыз ишкерлерин тандоого коюуда.

Кыргызстанда белгилүү «Куликовский» кондитер үйү жеке тастыктама алган, бирок азырынча мамлекеттик тастыктамадан өтүү керек же керек эместигин чече элек.

«Биздин негизги сатуу базарыбыз — бул Казакстан. Биз [экономика министрлигинин] тегерек столунда Стандартташтыруу борбору бере турган ошол жаңы тастыктамалар Казакстанда жарактуу болобу же жокпу деп сураганбыз. Бизге азыр казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат деп жооп беришкен», — дейт «Куликовскийдин» маркетинг боюнча директору Олеся Кущенкова.

Колбаса чыгарган «Аль-Халал» ишканасынын өкүлдөрү менен «Ак Куу» чымчык фабрикасынын коммерциялык директору Дмитрий Клименко «Клооптун» кабарчысына аларда да жеке тастыктаманы мамлекеттикке алмаштыруу планы жок экенин айтышты.

Цехте мал-жындыктардын терисин сыйрыган столдогу бычактар. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Жеке тастыктаманын процедурасы менен анын жарактуу мөөнөтү дээрлик мамлекеттик тастыктаманыкындай эле: ошондой эле документтерди даярдап, комиссиянын алдында отчет тапшырып, жыл сайын тастыкаманын мөөнөтүн узартып туруу керек.

Ар бир тастыктаманын ген-модификациялашкан азык-түлүктөргө мамилеси ар кандай: жеке тастыктама чечкиндүү жана ГМОсу бар продукциялар менен башка кошундуларды тааныбайт, ал эми мамлекеттик азырынча буга туш боло элек, бирок муфтияттын өкүлдөрүнүн айтышынча, ГМОго терс карайт.

«Бүгүнкү күндө ГМОнун коопсуздугуна байланыштуу маселе дүйнөнүн жана шариаттын окумуштууларынын арасында талаштуу болуп эсептелет. Алардын коопсуздугу далилдене элек», — дейт жеке тастыктама боюнча адис Эрмухаммад Мыктыбек.

Эт азыктарын экспорттоо

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына алайык, 2016-жылы кыргыз этин жана эт продукцияларынын экспортунун көлөмү 623 миң долларды түзгөн. ЕАЭБдин техрегламенттерине ылайык, Кыргызстандан чыккан эт эгерде мал-жандыктар ЕАЭБдин ишканалар реестрине кирген мал сойгон цехтеринде союлган болсо гана биримикке кирген өлкөлөрдүн базарына чыга алат.

Азыр Кыргызстанда мындай мал-сойгон үч цех бар. Биринчиси — Toro цехи — ал Бишкектен алыс эмес жерде орун алган. Экинчиси — Нарын облусунда. Үчүнчүсү апрелде Жалал-Абад облусунда ачылган.

«Биздин касапчылар мал-жандыктарды “Бисмилляхи Аллаху Акбар” деген сөздөр менен союшат. Бардыгын халал-стандарттар менен аткарабыз», — дейт Toro мал союу ишканасынын директорунун орун басары Далил Шадыбеков.

Ал заманбап жабдылган мал сойгон цехтин ичинде жайбаракат экскурсия өткөрдү. Биринчи аялдама — майда мүйүздүү мал үчүн ырым-жырым столу. Жанындагысы — жылкы жана уйлар союлчу ырым-жырым боксу.

Цехтин кызматкерлери мал мууздалгандан кийин жабдууну тазалап жатышат. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Шадыбековдун айтымында, мал сойгон цехте базардагы жандыктар союлбайт: ишкана мал-жандыктарды түздөн-түз алып келип берген фермердик чарбалар менен иштешет.

Шадыбеков бул чарбалар Toro ишканасында малдарды кармоо жана аларды багуу боюнча окуудан өтүшкөнүн айтат. Мал союлганга дейре бир нече убакыт кармалат — бул организмди антибиотиктерден тазалоо үчүн керек. Мал-жандыктарын мал доктур карап чыгат, анткени оорулуу уйлар жана койлор союлбашы керек. Мал доктур ал союлгандан кийин да эттерин карап чыгат.

Toro цехи — азырынча Кыргызстанда Иранга экспортко кетирүү үчүн мал-жандыктарын сойгон жалгыз ишкана. Өткөн жылы кыргыз экспорту бул өлкөгө жанданган. 2012-жылы Иран өлкөдө мал-жандыктардын оорусу көбөйүп кеткендиктен Кыргызстандан чыккан импортко тыюу киргизген.

Беш жыл өткөн соң 2017-жылы Кырызстан менен Иран 500 тонна муздатылган кыргыз кой этин экспорттоо келишимине кол коюшкан, анын ичинен 56 тонна буга чейин эле Иранга жөнөтүлгөн.

Рыспек чоң ара менен буканы экиге бөлүп жатат. «Клоооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Кыргызстандын ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев 2010-жылы Кыргызстан Ирандын кой этине муктаждыгынын 30 пайызын жаап турганын, бирок заманбап мал сойгон цехтердин, өнөр-жай муздаткычтары жана улуттук халал-стандарты жоктугунан улам Иран Кыргызстандын кой этин сатып алуудан баш тартканын айтат.

Бир кезде Кыргызстан Бириккен Араб Эмиттарына (БАЭ) да эт экспорттогон, бирок 2016-жылы бул өлкө эт-азыктары халал-стандарттарына дал келбегени үчүн республикадан эт сатып алуга тыюу салган.

Экономика министрлигиндеги Алмаз Кайырбеков өз кезегинде БАЭнин тыюусун Кыргызстандын этинин халал-стандарттарга дал келбөөсү менен байланыштырган жок.

Ал Кыргызстандын азырынча БАЭге жылына 1200 тоннадан эт жөнөтүүгө даяр эместиги себеп экенин, ал эми БАЭ жылына ушундай өлчөмдө эт-азыгын алгысы келээрин айтат. Кайырбеков экспорттун мындай көлөмүн камсыздоо үчүн фермердик чарбалар ассоциацияларга биригиши керек деп эсептейт.

«Бирок фермерлер муну каалабай жатышат, ал эми биз аларды [Советтер] Союзундагыдай мажбурлай албайбыз. Эгерде алар макул болушса, биз аларга [жардам көрсөтүүгө] даярбыз.  Бизде керектүүнүн бардыгы бар: лабораториялар, мал сойгон цехтер. Фермерлер өз каалосун билдириши керек», — дейт ал.