Кыргызстанда Бишкектин Октябрь райондук соту Музыкалык SoundCloud сервисин экстремисттик деп таап, чечимдин негизинде сайт тосмого алынган.

SoundCloud кыргыз колдонуучуларында 2018-жылдын башында ачылбай калган. Кыргыз интернет-провайдерлеринин көптөгөн абоненттери азыркыга чейин сайтты ача албай келишет, бирок айрым колдонуучуларда дагы эле ага кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

«Клооптун» редакциясы белгилүү музыкалык платформанын сайты жеткиликсиз болуп калышынын себептерин аныктоого аракет кылып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагасынын SoundCloud Кыргызстанда «экстремисттик» деп таанылганына байланыштуу жообун алды.

Соттун чечими 2017-жылы октябрда чыккан. SoundCloud менен кошо дагы бир нече сайттар да тыюуга кабылышкан, алардын арасында белгилүү LiveLeak видеошэринг сервиси жана тыюу салынган диний агымдарга арналган ресурстар бар.

Соттун чечими Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын арызы боюнча чыгарылган.

Мындан тышкары, соттун чечиминде SoundCloudда жайгашкан материалдарды сактоого жана жайылтууга тыюу салынат деп айтылган — бул сервистеги бардык музыка тыюуга кабылат дегенди билдирет, мисалы, SoundCloudда жарыяланган белгилүү музыканттардын ырлары.

«Бул сайттарда жайгаштырылган материалдарды, атрибуттарды жана символикаларды сактоого жана көчүрүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы Интернет тармактарында жайгаштырууга тыюу салынат», — деп айтылат маалыматта.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын жетекчиси Фатима Якупбаева «Клоопко» Октябрь райондук сотунун жообуна караганда, SoundCloudду экстремисттик деп таануу сайттагы бардык контентке тыюу дегенди билдириши мүмкүн.

Юрист сот чечимине кандай жол менен көзөмөл жүргүзүү керектигин түшүнө албады.

«SoundCloud боюнча чечим — бул Кыргызстанда кайсы бир коомдук тармакка тыюу салып койгондой эле. Алар муну кантип аткарышат? Жарандардан мобилдик телефондорун алып коюшабы же музыка менен SoundCloudду өчүрүүгө мажбурлашабы?» — деди Якупбаева.

SoundCloud — аудио жазмалар менен музыкаларды жайгаштыруу үчүн сервис. Аудиолорду угуу үчүн сайтты акысыз колдонсо болот, бирок ченемден ашкан тректерди көчүрүүдө акча төлөө талап кылынат.

Сайттан жаңы чыгып келаткан аткаруучулардан тарта, мисалы, Жастин Тимберлейк сыяктуу профессионал ырчылардын музыкаларын тапса болот.

Андан сырткары SoundCloud сервисин подкасттарды же аудиорепортаждарды жайгаштыруу үчүн колдонушат. Сайтта «Азаттык» үналгысынын, КТРКнын жаңылыктар чыгарылыштары жана жергиликтүү аткаруучулардын кыргыз музыкалары бар.