УКМК Кулматовду ТВЕАнын грантынын айынан суракка чакырган

Кулматов УКМКда суракка кирүү алдында. Сүрөт: «Тазабек»

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду Кытайдын ТВЕА компаниясы мектептин курулушуна бөлгөн гранттын өздөштүрүлүшү фактысы боюнча суракка чакырышкан. ТВЕА Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлүп, андан сырткары, Бишкек ЖЭБди 386 млн доллар насыяга жаңыртып берген.

Кулматовду 11-майда суракка алышкан — маектешүүдөн кийин ал журналисттерге аны УКМКга ошол эле учурда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынын айынан чакырышканын айтты. ТВЕА Кулматов Бишкек мэри болуп турган кезде мектептин курулушуна грант бөлгөн.

«Биз мектепти ТВЕАнын гранттык каражаттарына Калыс-Ордо конушунда курганбыз. Бир гана ушул суроо болду, башка суроо болгон жок. Бардыгы мыйзамдуу болгон, мектеп турат. Кылмыш иши жок. Мэрия мектепти даяр турдө кабыл алган», — деди Кулматов.

Кыргызстан 20,3 млн долар грантты кытай компаниясынан Бишкек ЖЭБди жаңыртууга чыгымдалган 286 млн доллар өлчөмүндөгү насыя менен кошо алган.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар мектептин курулушуна жана энергетика тармагынын башка долбоорлоруна сарпталган, мисалы, Кара-Кече Жылуулук электр станциясына (ЖЭС) 3 млн долллар жана «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө 1 млн доллар.

Мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шартту аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдык документтер жок.

Коомчулуктун ТВЕА менен Бишкек ЖЭБди жаңыртууга бурган көңүлү станциядагы авариядан кийин насыя каражаттарынын сарпталышын иликтей баштаган парламентик комиссиянын суроолоруна байланыштуу.

Бишкек ЖЭБдеги авария 26-январда болуп, бишкектиктердин үйлөрүндө температура абдан эле төмөндөп кеткен. Авария шаарда катуу болгон суук аба ырайына туш келип, шаардыктарды дээрлик жылуулуксуз калтырган.

Окуядан кийин бийлик тарабынан авариянын келип чыгышынын себептерин жана станцияны жаңыртууга кеткен 386 млн доллардын чыгымдалышын иликтей баштаган. 10-майда депутаттык комиссия парламентте өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын алып чыккан.

Комиссиянын пикири боюнча, авариянын негизги себептери — бул энергетикалык тармактын саясатташканы, кадрлардын жетишсиздиги, кадрларды тууганчылык менен дайындоо жана эски жабдуулар. Депутаттар ошондой эле, жаңыртуунун баасын «кымбаттатылган» деп аташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: