Экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылы Кыргызстандан качып кеткенден кийин анын Жалал-Абаддагы резиденциясында сейрек кездешкен жаныбарлар кармалган зоопарк табылган. Чакан капастардагы айбанаттар ачка калган. НАБУ коомдук фонду Каракол зоопаркынын ветеринары Салтанат Сеитованы ал жакта ачкадан өлгөнү калган ак илбирстерди, аюуларды, карышкырларды жана канаттууларды сактап калууга жөнөткөн.
Окуя сегиз жыл мурда болгон. Анда коркунучка карабастан Салтанат Сеитова колундагы кичинекей балдары менен Кыргызстандын түштүгүнө барып, аткезчилик менен Курманбек Бакиевдин бакчасына алынып келинген жаныбарларды сактап калган. Сеитованын сөздөрүн Александра Титова жаздырып алган.
2010-жылы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги Бишкектин борборундагы апрель революциясынан кийин кулаган. Андагы кагылышта 80ден ашуун адам каза таап, дагы миңден ашууну жарадар болгон. Жаңы бийлик бул күндү «Апрель революциясы» деп атаган.
Бакиев кичи мекени Жалал-Абаддагы өзүнүн резиденциясына качкан. Кийинчерээк ал жактан Бакиев Казакстанга кетип, андан соң Беларустан саясий башпаанек алып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта жашап келет.
Май айында Бакиевдердин үйүн прокуратуранын кызматкерлери ээлеп калып, алар кароосуз калган бакчадан көптөгөн экзотикалык айбанаттарды табышкан.
Качкын президенттин кызыл китепке кирген айбанаттары
2010-жылы май айынын башында бийлик алмашкандан кийин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги ал кезде Каракол зоопаркын демөөрчүсү болгон НАБУ коомдук уюумуна жардам сурап кайрылган. Мамэкологдор экс-президенттин Жалал-Абад облусунун Тейит айлындагы резиденциясында кызыл китепке кирген жаныбарлар табылганын кабарлашкан. Жан-жаныбарлар ачкадан улам арыктап, өлгөнү калгандыктан экологдор аларды эмне кылуу керек экенин сурашкан.
«Менин түшүнгөнүм боюнча ал жерге бир айдай адамдар бара алышкан эмес, анткени ал жакта бардагы басылып алынган — мен ким басып алганын так билбейм, бирок ал жакка кире алышкан эмес. Андан кийн ал жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирип, алар жаныбарларды, анын ичинде илбирстерди табышкан», — деп эстеди Каракол зоопаркынын директору Салтанат Сеитова.
Ал кезде кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоо боюнча немистердин НАБУ уюму зоопаркты колдоп турган.
Анын директору Торстен Хардер илбирстердин өлүп калышына жол бербөөнү чечип, Бакиевдердин үйүнө Сеитованы жөнөткөн. Ал кезде Сеитова 10 жылдык тажрыйбасы жана жаныбарларга карата чексиз сүйүүсү менен Каракол зоопаркында мал доктур болуп эмгектенип жүргөн.
«Мен биринчи эле дендиреп калдым. Ал жерде жаныбарлар көп экенин айтышты. Ал жакта илбирс, аюу, карышкыр жана башка кызыл китептеги жаныбарлар бар болчу. А менин колумда болсо кичинекей балдарым бар эле», — дейт Сеитова.
Анын кызы болгону үч айлык, ал эми баласы он жашта болчу. Революдиядан кийинки кооптуу абалга карабай, күзөтчүлөрү жок эле Сеитова Жалал-Абад облусуна жөнөгөн. Ал кароосуз калган жаныбарларга эмне болуп кеткенин ойлоп атып балдарын жанына алып жолго чыккан.
Салтанат Жалал-Абадга барганда биринчи эле көргөнү Бакиевдин үйү болгон, анда артында эмне бар экени таптакыр көрүнбөгөн килейген дарбаза турган. Ал төрт гектардан кем эмес чоң жер тилкеси болчу.
Үйдүн алдынан мал доктурду прокуратуранын кызматкерлери тосуп алышкан. Алар Сейитованы ичкери киргизгенде, ал бассейнде сүзгөн ак кууларды жана абдан чоң, көз жоосун алган хансарайды, ал эми арткы короодогу мончонун жанындагы кичинекей капастардын ичинен жаныбарларды көргөн.
Жаныбарларды болсо мал доктурлук билими жок ошол эле айылдын тургуну карап жүргөн — ал жөн гана жаныбарларды багып, капастарын тазалап жүрчү. Ал Салтанатка жаныбарлар бир айдан ашуун убакыттан бери ачка жатышканын айтып берген. Тоютка акча жөнөтүү токтотулуп калгандыктан ал айбанаттарга эмне болсо ошолорду бере баштаган. Бирок, албетте, бул аларга аздык кылган.
«Мен дароо жаныбарларды карай баштадым. Тилекке каршы, мен келгенде эки илбирс өлүп калган экен — бул алардын уургачылары эле. Алардын сөөктөрүн биз лабораторияга жөнөтүп, адистер ачкадан улам арыктап кеткенден тышкары, алардын өпкөсү сезгенгенин билдиришти», — деп кайгыруу менен эстеди Салтанат.
Жанында илбирстердин үчүнчүсү эркеги табылды. Ал дагы эле тирүү болчу. Аны итти кармаган сыктуу эки-үч метрлик капаста кармашкан. Мышык сымал ири жырткыч түркүмү үчүн бул абдан эле тар жер болчу.
«Анын да өпкөсү сезгениптир. Бирок бул сууктан улам деп ойлоп албагыла — Жалал-Абадда жылуу да. Мунун себептери абдан көп — мисалы, туура эмес кармоо. Мүмкүн начар багылгандыр. Биз аны буга чейин эмне берип багышканын билбейбиз да. Балким ал көп кыймылдабай жашагандыр, мүмкүн илбирстердин бардыгы эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес», — дейт Сеитова.
Илбирстерден тышкары качкын президенттин үйүндө болжолдуу жарым жылдык аюунун эки мамалагы, эки төө куш (эркеги мал доктур келгиче эле өлүп калыптыр), бир нече карышкыр, ак куулар, эликтер, суур жана көптөгөн жырткыч канаттуулар табылган.
Мыйзамсыз зоопарктын кароочусу Салтанатка президенттик үйгө бир нече жолу сүлөөсүндөрдү алып келишкенин, бирок алар алынып келинген башка жаныбарлар сыяктуу эле өлүп калышканын айтып берген. Алардын саны канча экени так белгисиз.
«Эгерде ал президент болсо ар бир бүлгүнчүгө же мергенчиге кимдир бирөөнү алып кел деп айтып койгон кеп бекен?» — деп түшүндүрдү Сеитова.
Жаныбарларды кароодон өткөргөн соң алардын көпчүлүгү айласы жок эле турушканы түшүнүктүү болгон. Ошондуктан НАБУ фонду аларды көчүрүүгө даярдоого чейин багып турууга акча бөлгөн.
«Мага Германиядан акча жөнөтүшүп, биз дароо эле [Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин] кызматкерлери менен базарга барып, тоют алдык. Мен жаныбарлардын ар бир түрүнө тоют акчасын эсептеп, аларга көчүрүү үчүн үкөктөрдү даярдашканга чейинки убакытка дейре акча калтырып койдум. Ал эми өзүм илбирсти алып кетүүгө кириштим — аны ыкчамдык менен менин машинама салып алып кетишти, ал эми өзүм балдарымды алып алардын артынан башка машина менен жөнөдүм», — деп айтып берди Салтанат.
Тирүү калган илбирстен өлүп калган түркүмдөрүндөгүдөй эле илдет аныкталган, ошондуктан Сеитова аны дароо эле Караколго алып кеткен. Ал жактан аны дарылай башташкан, бирок ал тогуз айдан кийин даарылоого карабастан өлүп калган.
«Анын өпкөсү убакыт өтүшү менен иштебей калган, бирок биз болгон күчүбүздү жумшадык. Ошондо эле ал бир өпкөсү менен күн көрүп жашап, кийинчерээк анысы да иштебей калган. Өлөөр алдында ал семирип, кадимкидей дени сак эле көрүнгөн. Бирок...», — Салтанаттын баяндамасы үзүлүп, ал терезени тиктеп, көзүн муңайыңкы түшүрдү.
Сегиз жыл өтсө да Сейитова бул жоготууну эстеп, көңүлү чөгөт.
«Жаныбарларды эмес, адамдарды да сактап кала албай каласыңар»
Ак илбирсти дароо эле алып кетип, калган жаныбарларды бир айдан кийин алып кетүүнү чечишти, анткени көчүрүү үчүн үкөктөрдү жана кармоо үчүн капастардын жасалышын күтүп туруу керек эле. Бирок алардын буга убактылары жок болуп чыккан.
Бир нече аптадан кийин Сеитовага Жалал-Абаддан чалышкан — Бакивдердин үйүн кайтаргандардын арасында түштүктө бүгүн-эртең башаламандыктар башталып кетиши мүмкүн деген кептер жүрүп кеткен. «Эгерде бул эки-үч күндүн ичинде силер калгандарын алып кетпесеңер, кийин бул жерден жаныбарларды коюп, адамдарды да таап, сактап кала албайсыңар», — деп айтышкан ага телефондон.
Ал кайрадан балдарын алып Караколдон Жалал-Абадга жөнөгөн. Бул ирет ал жалгыз эмес эле, анын менен кошо дагы беш адам жолго чыккан: эки айдоочу, зоопарктын эки кызматкери жана жаныбарларды сактоо жөнүндө даректүү тасма тарткан журналист.
Он сааттан кийин куткаруу тобуна кирген компания Тейит айлына жетип, Сеитованын кесиптештери канаттуулар менен карышкырларды үкөктөргө отургуза башташкан.
Аюулар менен алышуу оор болду — алар адамдардан коркушса, адамдар алардан коркуп атышты, анткени аюунун мамалактары капастарда чынжырлар менен байланып турган. Үйлөрдү кайтарган эркектердин арасынан эч кимиси аларга жолоого батына алган жок. Кичинекей жана назик Салтанат аюуларды чынжырлардан бошотуп, аларды көчүрүү үчүн үкөктөргө жетелеп барууга өзү аргасыз болгон.
Июнь айынын кечтеринде Сеитова кесиптештери менен жаныбарлардын акыркыларын жүктөп, Ысык-Көлдү карай жолго чыккан. Эртең менен жолдо баратып ал түштүктө расмий маалыматтар боюнча 400дөн ашуун адам каза болгон этникалык араздашуу башталганын уккан.
«Жолдо катар тынч болгондуктан арабыздан эч ким таң эрте Ошто кыргын башталып кетет деп ойлогон да эмес. Ал кезде биз Ысык-Көлгө жетүүгө да үлгүргөн эмеспиз. Албетте, ошол телефон чалуудан кийин мен бир нерсе болоорун ойлогом, бирок ушунчалык мыкаачылык болуп кетээрин күткөн эмесмин», — деп эскерди ал.
Зоопаркка бараткан жолдо алар бир эле жолу токтошкон — Бишкектен Салтанат ата-энесиникине кичинекей кызынын кийимдерин алмаштырып алыш үчүн кирген. Жалыпысынан алар 20 саат жол жүрүшкөн. Ошол убакыт аралыгында ал жаныбарлар үчүн кабатырланган, анткени айбанаттар көп убакытка чейин үкөктүн ичинде жол жүрүү оңой-олтоң эмес эле.
«Мен азыр тобокелдик абдан эле чоң болгонун түшүнүп отурам. Бирок ал кезде менде коркуу сезими жок эле, мен болгону үлгүрүшүм керек болчу», — дейт Сеитова.
Жаныбарларга эмне болду?
Канаттуулардын бардыгы Ананьево айлындагы НАБУнун жандандыруу борборуна жөнөтүлдү. Айры куйрук, тарпчы жана бүркүт жандындыруудан өткөрүлгөндөн кийин эркиндикке учурулган. Канаттуулардын бардыгы качандыр бир кезде чоңоюшкан маалда кармалып, алар эркиндикте жашоо кандай экендигин унутушкан эмес. Ошондуктан Сеитова алардын өмүрү үчүн кабатырланган эмес, себеби алар өз жанын багып кете алышына көзү жеткен.
Бакиевдин бакчасынан алынып келинген башка жаныбарлардын көпчүлүгү дароо эле зоопарктан чыгышкан, ал жерде алар карып калганга чейин жашашкан жана алардын көпчүлүгү өлгөн.
Салтанат коркпостон өз колу менен бошотууга чегинген аюулардын мамалактары Каракол зоопаркында эки жыл жашаган. Андан соң алар Алматынын зоопаркына жөнөтүлгөн, себеби Кароколдо алтыга чукул өзүнүн аюулары бар болчу.
Алматыдан 2015-жылы Караколго Умка алынып келинген — бул Сеитова Бакиевдин резиденциясынан чыгарып кеткен ошол аюулардын кызы эле.