Кулматов бажы кызматынын төрагалыгынан кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кубанычбек Кулматовду бажы кызматынын төрагалык кызматынын бошотту. Бул Кулматов УКМКга суракка чакыргандан кийин болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Кулматов ээлеген кызматынан 14-майда бошотулганын кабарлады. Бул чечимдин себептери белгисиз. Анын ордуна бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Оңолбеков дайындалды.

Кулматов өзү КNEWS басылмасына курган маегинде кызматтан кетүү боюнча арызды «айрым шарттарга макул эместигинен улам» өз каалосу менен жазганын айтып, бирок тагыраак кандай шарттардын айынан экенин түшүндүргөн эмес.

«Мени биз пландагандарыбыздын бардыгын аткарууга үлгүрүп калганыбыз кубандырат. Бажы кызматында иш аракеттер планы, стратегия бар. Башкысы — биз 4 айда жетишкен ийгиликтер бажы кызматы методологиялык жактан даяр экендигинде», — деди бажы кызматынын мурдагы төрагасы.

Кулматов бажы кызматын 2017-жылдын декабрында жетектей баштаган, буга чейин ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы, ал эми андан мурда Бишкек мэри болгон.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте суракка алынгандан кийинны кызматтан кетти. 11-майда Кулматовду Кытайдын ТВЕА компаниясы Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушуна гранттын өздөштүрүлүшү жөнүндө суракка алышкан. Курулуш учурунда Кулматов Бишкек мэри болуп турган.

Кыргызстан 20,3 млн долар грантты кытай компаниясынан Бишкек ЖЭБди жаңыртууга чыгымдалган 286 млн доллар өлчөмүндөгү насыя менен кошо алган.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар мектептин курулушуна жана энергетика тармагынын башка долбоорлоруна сарпталган, мисалы, Кара-Кече Жылуулук электр станциясына (ЖЭС) 3 млн долллар жана «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө 1 млн доллар.

Мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шартту аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдык документтер жок.

Коомчулук 2018-жылдын январынын аягында Бишкек ЖЭБде болгон авариядан кийин жылуулук борборун жаңыртууга кеткен чыгымдын сарпталышын иликтей баштаган депутаттык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктарына байланыштуу ТВЕА менен Бишкек ЖЭБдин айланасындагы жагдайга көңүл бура баштаган.

Депуттар Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууга кол коюуда коррупция болгонун аныкташкан, ал эми юстиция министрлиги макулдашуу эл аралык келишимдердин стандарттарына жооп бербейт деп ырастаган.

Депутаттык комиссиянын пикири боюнча, авариянын негизги себептери — бул энергетикалык тармактын саясатташканы, кадрлардын жетишсиздиги, кадрларды тууганчылык менен дайындоо жана эски жабдуулар. Депутаттар ошондой эле, жаңыртуунун баасын «кымбаттатылган» деп аташкан.

Бишкек ЖЭБдеги авария 26-январда болуп, бишкектиктердин үйлөрүндө температура абдан эле төмөндөп кеткен. Авария шаарда катуу болгон суук күндөргө туш келип, шаардыктарды дээрлик жылуулуксуз калтырган.


ТЕМА БОЮНЧА: