Жогорку сот: Soundcloudга «Хизб ут-Тахрирди» пропагандалаганы үчүн тыюу салынган

Кыргызстандын Жогорку соту SoundCloud музыкалык сервиси экстремисттик «Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами» уюмун пропагандалоону камтыган материалдардын айынан тосмого алынганын билдирди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, SoundCloud Дин иштери боюнча мамкомиссиянын экспертизасынан кийин тосмого алынган. Эксперттердин корутундусунда музыкалык сервис жана бир катар сайттар экстремисттик идеологияны пропагандалаган материалдарды камтыган деп айтылат.

«Адистин корутундусу эч ким даттанган эмес, жараксыз деп да табылган жок, демек анда юридикалык күч бар», — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылдын 17-октябрында эксперттик корутундунун негизинде бир нече интернер-ресурстарын экстремисттик деп тапкан. Алардын арасында SoundCloudдан тышкары, LiveLeak видеошэринг сервиси, multiki-pro-sobak.ru сайты (ал экспертизанын чечими боюнча, «Ислам Мамлекетин» пропагандалаган материалдарды камтыган) жана бир нече башка сайттар бар. Алардын көпчүлүгүндө «Хизб ут-Тахрир» деген аталыштарды камтыган материалдар болгон.

Жогорку сотто сайттарды тосмого алуу боюнча сот чечимин эч ким даттанган эместигин тактай кетишти.

SoundCloud кыргыз колдонуучуларында 2018-жылдын башында ачылбай калган. Кыргыз интернет-провайдерлеринин көптөгөн абоненттери азыркыга чейин сайтты ача албай келишет, бирок айрым колдонуучуларда дагы эле ага кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

SoundCloud — аудио жазмалар менен музыкаларды жайгаштыруу үчүн сервис. Аудиолорду угуу үчүн сайтты акысыз колдонсо болот, бирок ченемден ашкан тректерди көчүрүүдө акча төлөө талап кылынат. Сайттан жаңы чыгып келаткан аткаруучулардан тарта, мисалы, Жастин Тимберлейк сыяктуу профессионал ырчылардын музыкаларын тапса болот.

Андан сырткары SoundCloud сервисин подкасттарды же аудиорепортаждарды жайгаштыруу үчүн колдонушат. Сайтта «Азаттык» үналгысынын, КТРКнын жаңылыктар чыгарылыштары жана жергиликтүү аткаруучулардын кыргыз музыкалары бар.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» — ислам мамлекетинин орнотулушу үчүн чыгып жаткан эл аралык исламисттик саясий партия. Кыргызстанда ал экстремисттик уюм деп табылып, ага тыюу салынган. Мындан тышкары, анын ишмердүүлүгүнө Орусияда, Түркияда, Пакистанда жана башка мамлекеттерде да тыюу салынган. Уюм тыюу салган өлкөлөрдүн ичинде Борбор Азия мамлекеттери да бар.


ТЕМА БОЮНЧА: