Кыргыз парламентарийлери кайрадан Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана аны жаңыртуунун баасы жөнүндө депутаттык иликтөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Талкуу маалында Кыргызстан ЖЭБди жаңыртуу үчүн Кытайдын «Эксимбанкына» 19 млн доллар төлөп берип койгону жана эми дагы 474 млн доллар карыз болуп жатканы белгилүү болду. Эл өкүлдөрү дагы эмне жөнүндө кеп кылышты?
Жогорку Кеңештин жыйыны 16-майда өттү. Буга чейин депутаттар иликтөөнүн жыйынтыгын 10-майда талкуулашкан, эми кийинки талкууну 17-майда улантышат.
Сапар Исаков «ТВЕАны сүрөмөлөгөнбү»?
Парламенттин айрым депутаттары мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Бишкек ЖЭБди жаңырткан Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн деп айыпташты.
«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдиргендей, 2009-жылы Сапар Исаков [качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу] Максим менен Кытайга барып, ал жерден ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
«Мына ошондо эле Бишкек ЖЭБ менен "Датка-Кемин" электр чубалгаларын жаңыртуу боюнча макулдашуу жетишилген. Ал кезде 150 млн доллар жөнүндө макулдашылган. Биздин аткаминерлер сумманы 386 млнго чейин жеткиришкен», — деди Иманалиев.
«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматына ылайык, алгач ирет бийлик Кытайдын China Machinery Engineering Corporation (СМЕС) компаниясы менен Бишкек ЖЭБди жаңыртуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
«Андан кийин кайдан-жайдан ТВЕА пайда болду. Биринчи жолу анын атын [“Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башкы директору] Салайдин Авазов айткан. Ал Сапар Исаковго кат жолдогон, ал эми Исаков аны Атамбаевге жөнөткөн. Исаков ТВЕА менен иштөөнү суранган. Президент катты министрлердин үчөөсүнө жөнөтөт. Анын тапшырмасы боюнча ТВЕА бардыгынан мыкты жана ал насыя боюнча бааны азайтты деп айтылган кеңешме өткөрөт», — деп билдирди депутат.
Бирок экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бийлик компания ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө кубаттуу блокторду куруп берүүнү сунуштаганы үчүн ТВЕАны тандап алганын билдирди.
386 млн доллар кредит эмнеге жумшалган?
Депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов документтерде Бишкек ЖЭБди жаңыртууга кеткен 386 млн доллар деталдуу түрдө кандай сарпталганы көрсөтүлбөгөнүн айтты. Анын айтымында, жаңыртуу үчүн жабдууларды сатып алууда 800 млн доллар «жоголгон».
«Воропаевдин [Бишкек ЖЭБдин директору] маалыматы боюнча, 170,7 млн долларга жабдуулар киргизилген. Бажы кызматынан 169,9 млн долларга жабдуулар түшкөндүгү боюнча кат алынган. Айырма 800 млн доллардан ашуун акчаны түзгөн», — деп билдирди Примов.
Эсеп палатасынын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын ведомствосу аудит өткөргөн, бирок Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча «чыгымдарды деталдуу карап чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес».
Андан сырткары, Кыргызстанда кытай насыясы түшө турган эсеп ошол бойдон ачылбай калганы да белгилүү болду.
«Насыя келишиминин беш пунктунда эсеп ачылат жана ага кытай компаниясы көз салат деп жазылган. Каражат жалданмачынын эсебеине түшүп турган», — деп түшүндүрдү финансы министринин орун басары Мирланбек Байгөнчөков.
Насыяны төлөп берүү
Бийлик Кытай менен насыя келишимине кол коюп жаткан учурдагы мурдагы финансы министри Ольга Лаврова депутаттарга Кыргызстан Бишкек ЖЭБдин жаңыртылышы үчүн Кытайдын «Эксимбанкына» 20 жыл ичинде 493 млн доллар төлөп бериши керектигин кабарлады.
«Негизги карыз азыр жабылбай турат, биз пайыздарды төлөп жатабыз. Биз негизги карызды 2024-2025-жылдан тарта төлөп турушубуз керек», — деди Лаврова.
Кыргызстан 386 млн доллар насыянын пайыздары боюнча бюджеттен 19 млн доллар төлөп берип койгон.