Депутаттар экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш беришти

Парламентте экс-президенттер оор кылмышка шектелген учурда аларды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча механизмдерин иштеп чыгышат. Идеянын демилгечиси Исхак Масалиев бул жол менен Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы мыйзам бузуулар үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратуу механизмин иштеп чыгуу үчүн 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришти. Эми бул боюнча механизмди парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети иштеп чыгат.

Идеяны «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев демилгелеп чыккан. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча өз аракеттери үчүн жооп бериши керек.

«Президент түзмө-түз премьер-министрдин башын аттап туруп министрлерге буйрук берген, бул мыйзамга туура келбейт жана Конституцияны бузуу дегенди билдирет. Мен мурунку президенттен кол тийбестикти алуу боюнча сунуш бергем. "Масалиев айтты, эртең эле кол тийбестик алынат" деген ой болбош керек, биринчи мыйзамды өзгөртүү зарыл», — деди ал.

Ал мурдагы президенттерди жоопкерчиликке тартыш үчүн мындай процедура керектигин билдирди.

«Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен, ошондой эле иштеп жаткан депутатты да тартса болот экен. Ал эми экс-президентти эч ким, эч качан эч нерсеге тарта албайт экен. Кыргызстанда бир адам эч качан эч нерсеге жооп бербейт деген Конституцияга да туура келбейт», — деди Масалиев.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Клоопко» азыр мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратууга болбостугун айтты. Бирок 2019-жылдын январында башкы прокуратурага экс-президенттерге кылмыш иштерин козгоого мүмкүндүк берген жаңы Жазык-процессуалдык кодекси күчүнө кирет.

Мурдараак депутаттык комиссия 386 млн доллар кытай насыясы сарпталган Бишкек ЖЭБди жаңыртууда мыйзам бузууларды тапкан. Эл өкүлдөрүнүн пикири боюнча, экс-премьер Сапар Исаков Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыктарын «сүрөмөлөгөн». Ал эми Атамбаевди депутаттар ЖЭБди жаңыртуу жөнүндө макулдашууга кол коюуда өкмөттүн ишине кийлигишкен деп айыпташкан.

Бул учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жашыруун тирештин шартында болду. Негизи Жээнбеков өзүнө чейинки президент дайындаган жогорку кызматтагы аткаминерлердин дээрлик бардыгын алмаштырган. Эки саясатчы тең кандайдыр бир чырды четке кагышууда.