Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова, андан сырткары укук коргоочу Чолпон Жакуповага койгон 30 млн сом дооматынан баш тартты. Жогорку сот 2017-жылдын ноябрында аларды Атамбаевдин ар намысын жана кадыр-баркын кемсинтүү боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма өз катчысы Кундуз Жолдубаева мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Маслова, Айып жана Жакуповага карата койгон дооматынын материалдык бөлүгүнөн баш тартканын «Клоопко» тастыктады.

«Акыркы жылдары расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка, Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартышыма мүмкүнчүлүк берүүдө», — деп келтирди Атамбаевдин айткандарын КСДПнын басма сөз кызматы.

Атамбаев медиа коомчулук менен прокуратура органдары коом үчүн «артыкча маанилүү жана керектүү» жумуш аткарышты деп эсептейт.

«Соттордо дооматтарды жана коомдун кайрылуусун, андан сырткары журналисттердин өздөрүнүн "фейк" жана ушак темасын кароонун жыйынтыгында Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде абал кыйла эле жакшы жакка өзгөргөн», — деп айтылат КСДПнын маалыматында.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, Атамбаев «Медиа Полиси Институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова менен Кыргызстандагы «Интерньюс» өкүлчүлүгүн директору Элина Каракулованын өтүнүчүн канааттандырган.

Алар экс-президентке ЖМК факттарды текшерүү боюнча өз ишин жакшыртышкан деген билдирүү менен кайрылышкан.

Маслова «Клооптун» кабарчысына Атамбаевдин дооматтан баш тартуу чечимине кубанычта экенин айтты. Анын айтымында, Атамбаев ошондой эле, бир гана негиздөөчүлөргө эмес, «Заноза» басылмасынын өзүнө койгон 15 млн сом доосунан да баш тарткан.

Ал эми Нарын Айып «мындай дооматтар таптакыр болбошу керек» деп айтты.

«Биз бир да жаңылыкта, макалада же репортажда эч кимди кемсинткен эмеспиз. Биз асмандан алынып, текшерилбеген маалымат берген эмеспиз. Эгерде биз бир нерсе жазган болсок да, дайыма белгилүү саясатчыларга же эксперттерге шилтеме берип жазганбыз», — деди Айып.

Мындан тышкары, ал судьялар чечим кабыл алууда эч нерсени териштирбей жөн гана Атамбаевдин талаптарын «канааттандырышканын» кошумчалады. «Адилеттүүлүктү көрсө сот эмес, бир адамдын каалоосу орнотот экен», — деди ал.

«Занозага» каршы соттор

2016-жылы жазында экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо боюнча «Заноза» басылмасына каршы жалпысынан беш доо арызын берген.

Ошол кезде президенттик кызматта отурган Атамбаев басылма өз макалалары менен анын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирип, өзү жөнүндө жалган маалымат тараткан деп эсептеген.

Атамбаев 2017-жылы августта өзүнүн жыл сайын жай айларында өтчү басма сөз жыйынында «Занозаны» эч качан кечирбесин жана бул ЖМКга карата дооматын чакыртып албасын билдирген. Анын айтымында, сот териштирүүсү «ушакчы журналисттерге» сабак болуп калышы керек болчу.

«Заноза» басылмасынын тең ата түзүүчүлөрү Дина Маслова жана Нарын Айып сотто беш доо арыз боюнча утулуп калып, президентке 30 млн сом төмөлөөр болуп калышкан.

Сот Айыпка Атамбаевге 9 млн сом, Масловага 3 млн сом жана басылманын өзүнө 15 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары Жакупова да доо арыздардын бири боюнча тең ата жоопкер катары Атамбаевге 3 млн сом төлөп бериши керек болчу.

Маслова менен Айып доо арыздарын басылмага карата «куугунтуктоолор менен басымдын» ыкмасы деп атаган. Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандын президентинин ЖМКга каршы доо арыздарын «саясий жүйөлүү» деп атаган. Алар бийликтен көз карандысыз ЖМКга карата куугунтукту токтотууну талап кылышкан.

Атамбаевдин ЖМКга каршы доо арыздары Кыргызстандын сөз эркиндиги боюнча рейтингиндеги позициясын төмөндөткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: