Ак-Өргө конушундагы №77 мектеп. Иллюстративдик сүрөт

Үстүбүздөгү жылдын күз айларынан баштап Билим берүү министрлиги (ББМ) мектеп мугалимдерине жумалык минималдуу талаптарды киргизүүдө. Өкмөттүк эмес «Булан» инстутутунун адистери бул сабактарды аз өткөн мугалимдердин жумушсуз калышына алып келет деп эсептейт. Билим берүү министрлиги буга макул эмес. Эмне болуп атат?

Эмне болду?

ББМ (Билим берүү министрлиги) 2018-жылдын январында мектеп мугалимдерине минималдуу иш жүктөмү боюнча талаптарды киргизүүнү чечти.

Жаңы эрежелер үстүбүздөгү жылдын күз айларында окуу жылы башталышы менен күчүнө кирет. Мектеп жетекчилери жумуш саатын мугалимдер арасында бөлүштүрүүдө аны эске алууга милдеттүү болот. Эгерде мектеп администрациясы бул талапты бузса, анда ББМ ага тартипке чакыруу чараларын көрөт.

Мугалимдин минималдуу иш жүктөмү өтүп жаткан сабагынан көз каранды болот — ал жумасына 1 сааттан 18 саатка дейре оошуп турат.

Бул эмне үчүн керек?

Кыргызстандын бийлиги 2011-жылы мугалимдер үчүн өтүлгөн саатына карата акы төлөп берүүнү киргизген. Ошол эле маалда педагогдор үчүн минималдуу иш жүктөмүн чектей турган эч кандай документ болгон эмес.

Натыйжада айрым мектептерде БММдин айтышынча, мугалимдердин иш жүктөмүн бөлүштүрүү көйгөйү жаралган.

БММдин финансылык башкармалыгынын начальниги Мухтар Баймурзаев айткандай, натыйжада бул мектеп директорлоруна туугандарын жумушка алууну суранган аксакалдардын, айыл өкмөттөрдүн же акимдердин басымы менен окуу сааттарын чачыратууга мүмкүндүк берген.

«Бирок алар эгерде мугалим мектепте бир күндө бир саатка гана келсе, [билим берүүнүн] сапаты болбойт экенин түшүнбөй жатышат. Бул буйрук — биздин директорлорду [басымдан] коргоо», — деп түшүндүрдү Баймурзаев.

Профсоюздардын борбордук комитетиндеги Лидия Олимпованын айтымында, өлкөдө орточо айлык 16 миң сомго жетип турганда мугалимдер Кыргызстанда айына орточо 11 миң сом алышат.

Эгерде мугалим аптасына 6-8 сааттан иштесе, анда мамлекет ага мындан да аз төлөй баштайт. Олимпова мындай иш жүктөмү бар мугалимдер Ош жана Нарын облустарында бар экенин айтууда — алар өз иши үчүн төмөнкү тиричилик минимуму (4800 сом) менен барабар маяна же андан да аз алышат.

«Бул эмне себептен болууда? Анткени [азыр] иш жүктөмдөр боюнча талаптар жок. Ошондуктан мектеп директорлору окуу сааттарын өздөрү кандай кааласа ошондой бөлүштүрө алышат», — дейт ал.

Ошентсе да Олимпова божомолдогондой, аймактарда айрым мугалимдер аз эмгек акысы менен 6-8 сааттык иш жүктөмүнө көнүшү ыктымал. Мындай иш тартиби аларга мектептеги жумушу менен бирге үй чарбасындагы ишин кошо алып кетүүгө шарт түзөт.

Ал эми жумуштан бошотуулар кандай болуп калат?

Кыргызстанда билим берүү долборлору менен иштеген «Булан» институту ББМдин минималдуу иш жүктөмү боюнча талаптарынын айынан жумасына 6-10 саат иштеген мугалимдер кыскартууларга кабылышы ыктымал деп эсептейт.

«Демек, алты, сегиз, он саат менен иштеп жаткан мугалимдер жумуштан бошотулуп, ал сааттар башка мугалимдерге кошулуп берилиши керек», — деп айтылат институттун баяндамасында. Алар мындай кадам мугалимдер арасында чоң нааразычылык жаратышы толук ыктымал деп эсептешет.

Же болбсо институттун директору Чолпон Орозбекова айткандай, мугалимдер өз иш жүктөмүн көбөйтүүгө аргасыз болушат.

«Бирок мугалимдердин мындай санына сааттар жетпей калат. Профсоюздар да бул теманы көтөрүшкөн. Эмненин негизинде жумуштан бошотушаарын да сурашкан», — деп кошумчалады ал.

Мугалимдер эмне деп жатышат?

Токмок шаарынын мугалими Бегайым Жусупова «Клооптун» журналистине ага ББМдин окутуу жүктөмү боюнча талаптары жөнүндө эч нерсе белгисиз экенин кабарлады.

«Мен мектепте бир жарым ставкада орус тил сабагынын мугалими болуп иштейм. Бизде мугалимдер жетишсиз. Министрлик мектепке мугалим жетпей жатса кимди жумуштан бошотмок эле?» — деп суроо салды Жусупова.

Ак-Өргө конушундагы №77 мектеп. Иллюстративдик сүрөт

Мугалимдердин жетишсиздиги жөнүндө Султаналы Чакчагаев да айтууда — ал Чүй облусундагы Кара-Суу орто мектебинде орус тилинин мугалими. Анын быйылкы жылдагы окутуу жүктөмү аптасына 20 саатты түзгөн. Чакчагаев анын мектебинде аптасына 10 сааттан аз иштеген мугалимдер жок экенин айтат.

«Азыр мектептерде жалаң эле пенсионерлер. Адистер жетишпей жатат. Мисалы, [биздин мектепте] химик, информатика, физика сабактарынан берген мугалимдер жок. Физика бизде эч качан болгон эмес, бул сабакты бизде математиктер өтүшөт. Химияны бизде биологдор өтүшөт», — дейт ал.

Музыка сабагынан берген мугалим Гүлнура Карабаева «Клооптун» кабарчысына анын окутуу жүктөмү аптасына 4 саатты түзгөнүн айтат. Ал Ысык-Көл облусунун Токтоян айылындагы мектепте жана анын китепканасында иштейт. Ал китепканачы жана мугалим болуп иштөө менен айына 4200 сом алат.

ББМ иш жүктөмү аз мугалимдерди жумуштан бошотобу же жокпу?

ББМдин басма сөз катчысы Марина Гречанная «Клоопко» билдиргендей, окутуу боюнча жүктөмдөр талабын киргизүү «негизсиз» жумуштан бошотууларга алып келбейт.

Бирок ББМ окутуу жүктөмү аз мугалимдерге учурдагы билиминин базасында жаңы адистикти алуу жана жүктөмдүн көлөмүн көбөйтүү үчүн профессионалдык кайра даярдоо боюнча акы төлөнчү ийримдердерден өтүүнү сунуштоодо.

Мисалы, ББМ минималдуу иш жүктөмү аптасына 3-12 саатка дейре жеткен музыка сабагынан берген мугалимдерге сүрөт тартуу исскуствосун же этика сабактарын да окутуп калуу үчүн кайра даярдоо ийримдеринен өтүүнү сунуштоодо. Физика мугалимдери математика, астрономия же табият таануу боюнча кайра даярдоо ийримдеринен өтүп, бул сабактарды да мектепте окута алышат.

Адистикти өзгөртүү жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дүйшеева «Клоопко» кайра даярдоо курстарын педагогикалык факультеттери бар Кыргызстандын университеттеринде өтүүгө болоорун билдирди.

Анын айтымында, мектеп директорлору кайра даярдоо боюнча ийримдерге кызыкдар болушу керек. Бул Дүйшееванын айтымында, мисалы, мугалимдердин бири пенсияга кетип, анын ордуна киши табуу керек болсо, анда бул директорлорго кадр маселесинде ийкемдүүлүк көрсөтүүгө шарт түзөт. Мындай учурда директор өз мугалимдеринин ичинен бирөөсүн алдын ала эле кайра даярдоого жөнөтө алмак. Ал эми ага жөнөтүлгөн мугалим өз кезегинде пенсияга чыгып жаткан мугалимдин ордун басып кала алмак.

«Бирок бизде директорлор муну кылышпайт. Алардын бардыгы эле талдоо жүргүзө албайт. Мугалим кеткенде гана анын ордуна киши издей башташат», — дейт Дүйшеева.