Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө сот реформасын тездетүү керектигин билдирди. Ал 66 судьяны бошоткон жана судьяны тандоодо анын киреше жана чыгашасы жөнүндө декларациясы, андан тышкары, анын моралдык-этикалык жүрүм-туруму текшерилиши керек деп эсептейт. Эмне болуп атат?
Жээнбеков 17-майда Коопсуздук кеңештин жыйынында сот реформасын тездетүү керектигин айтты, анткени элдин адилетсиз сотторго карата даттануулары уланып жатат.
«Мен эл менен жолукканда жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго карата даттануулар айтылып жатат. Менин дарегиме келген кайрылуулардын 70 пайызында ушул эле көйгөйлүү маселе жазылып жатат», — деди Жээнбеков.
Анын айтымында, этикалык жүрүм-туруму кынтыксыз эмес судьялардын көпчүлүк бөлүгү өз кызматтарынан кеткен.
«Сот органдарында судьялык кадр алмашуулар болду. Жүрүш-турушу кынтыксыз эмес деген судьялардын көп бөлүгү кетти. Бирок жаңы тандоо жүргөндөн кийин деле судьяларга карата жарандардын даттануулары азайган жок. Алар соттордун бардык деңгээлине тийиштүү», — деп билдирди ал.
Президент кадрларды судьялык кызматка тандоо сапаттуу, адилеттүү жана күчтүү болушу керек деп эсептейт.
«Судьянын кызмат ордуна өмүр бою иштөө үчүн тандоо абдан күчтүү болуп, талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү менен коштолушу керек. Анын негизинде кесипкөй, моралдык принциптери жогору болгон судьялык корпус түзүлүшү зарыл», — деди ал.
Сотторду кызматтарынан бошотуу
Жээнбеков судьяларды 2017-жылы декабрдын ортосунда өз ишине жаңыдан кирише баштаганда эле кызматтарынан ала баштаган.
Алардын ичинен көпчүлүгүн — 54 адамды — президент ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташы менен кызматтарынан кетирген. Кызматтарынан бошотулгандардын ичинен 10 адам өз калоосу менен кеткен, бирөөсү жашы жеткенине байланыштуу жана дагы бир судья судьялык этиканы бузгандыгынын айынан алынган.
Кыргызстанда 442 судья иштеген 42 сот органы бар. Мыйзам боюнча, президент биринчи жолу судьяларды 5 жылга дайындайт, андан кийин жашы жеткенге чейин. Жогорку соттун судьялары үчүн жогорку жаш — 70 жашты, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары үчүн — 75 жашты түзөт.
Кызматтарынан алынган судьялар кайсы иштерди карашкан?
Кызматынан алынгандардын арасында 2015-жылы «Вечерний Бишкек» гезити жана онлайн басылманын иши боюнча чечими чыгарган Лилия Фахриддиновада бар. Анда гезит сот чечими боюнча басылманын тең ата ээси Александр Рябушкиндин көзөмөлүнө өтүп, редакциянын басымдуу бөлүгү жумуштарынан бошоп кетишкен.
Ал эми ээлеген кызматынан кетирилген башка судья Шералы Жакыпбеков 2011-жылы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча чечим чыгарган. Аскаров 2010-жылы Жалал-Абад облусунда этникалык жаңжал учурунда «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «адам өлтүрүүгө катышуу» боюнча күнөөлүү деп табылган. Укук коргоочу өз күнөөсүн мойнуна албай келет.
Жээнбеков судьялык этиканын бузулушунун айынан кызматынан алган жалгыз судья — бул Бишкектин Октябрь райондук сотунда иштеген Гүлчехра Оморова. Президент Оморованы башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова даттанып кайрылган тартип комиссиясынын сунушу боюнча бошоткон.
Усманованын маалыматтары боюнча, Оморова сот отурумунан кийин иш бөлмөдө доогер Нарын облусунун мурдагы прокурору Жаныбек Салиев менен сүйлөшкөн. Ошону менен Башкы прокуратура ырастагандай, мурдагы судья кызматтык этикасын бузган.Бирок Оморова өз кезегинде доогер ага капыстан кирип калганын жана ал аны кууп чыга албаганын айтууда. Гүлчехра Оморованын апасы Максуда өзүнүн фэйсбук барагында өз кызынын жумуштан алынышы Салиевдин акталышына байланыштуу өкүм менен байланыштуу деп жазган. Оморова кызы өз чечими менен «Ак Үйдүн көрсөтмөсүн» бузган деп билдирген.
Оморова 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Заноза» онлайн басылмасынын тең түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айыпка карата доо арызын караганы менен белгилүү. Оморова Атамбаевдин пайдасына чечим чыгарып, Айыпты төгүндөө чыгарууга, андан сырткары, доогерге 6 млн сом кун төлөп берүүгө милдеттендирген.
Атамбаевдин сот реформасы
Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле өз ишинин башкы максаты катары коррупцияга каршы күрөштү жана сот системасында реформа жүргүзүүнү атоодо.
Атамбаев 2012-жылы сот ситемасын реформалоо боюнча кеңеш түзүп, ал эми 2017-жылы ал кеңештин ишинин жыйынтыгын чыгарган. Атамбаевдин башкаруусу учурунда төрт кодекс жаңыртылып, жаңы үчөө иштелип чыккан: Административдик-процессуалдык кодекс, Жазык кодекси жана мыйзам бузуу жөнүндө кодекс. Алардын бардыгы тең 2019-жылы январда күчүнө кирет.
Андан сырткары, Атамбаев ошол кезде судьялар корпусунун жаңыланышы тууралуу да билдирген.
«Мурунку судьялардын курамынан чечкиндүү түрдө кутулдук. Себеби көпчүлүгүнүн артынан жаман сөздөр ээрчип жүрчү эле. Эгерде реформанын биринчи жылдарын эстесек, ай сайын судьяларга кылмыш иши козголуп, камакка алынган учурлар болгон. Азыр болсо абал башкача, судьялар корпусу жаңыланды. Такыр башка баалуулуктары бар, башка адамдар келди», — деп билдирген ал.
Анда президент судьялардын үчтөн эки бөлүгүн жаңырткан — ал 263 жаңы судья дайындап, 20дан ашуун судьяга кылмыш иштери козголгон.
Бирок Атамбаевдин сот реформасына сын айткандар анын президенттиги учурунда бийликтин соттук бутагы мамлекетин көзөмөлүндө болуп калган деп эсептешет.
Авторлошу: Анна Капушенко