Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу механизмин иштеп чыгууну чечти, бирок азырынча ал кандай иштей турганы түшүнүксүз. Бул идеянын автору депутат Исхак Масалиев мындай жол менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну каалоодо. Бирок эгерде Конституция сакталса, андай кылууга мүмкүн эмес. Эмне үчүн экенин айтып беребиз.

Эмне болду?

17-майда депутаттар Бишкек ЖЭБдеги аварияны изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карап, жыйындын аягында эл өкүлдөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу ыкмасын табууну чечишкен.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу идеясы менен парламенттик комиссиянын курамына кирген «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев чыккан. Анын айтымында, Атамбаев ЖЭБди жаңыртууда «түзмө-түз премьер-министрдин башын аттап туруп министрлерге буйрук берген».

«Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен, ошондой эле иштеп жаткан депутатты да тартса болот экен. Ал эми экс-президентти эч ким, эч качан эч нерсеге тарта албайт экен. Кыргызстанда бир адам эч качан эч нерсеге жооп бербейт деген Конституцияга да туура келбейт», — деген Масалиев.

Депутаттардын көпчүлүгү идеяны колдоп, бул механизмди иштеп чыгууну парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине тапшырышкан.

Азыр «Президенттин ишинин кепилдиги жөнүндө мыйзам» экс-президенттерди өз ыйгарым укуктарын аткарып турган кездеги жасаган иштери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуудан коргоп турат.

Исхак Масалиев — экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу идеясынын демилгечиси.

Кол тийбестиктен ажыратуу механизми качан иштелип чыгат?

Масалиев кол тийбестиктен ажыратуу мехнизмин парламенттик комитет иштеп чыгышы жана бул кандай иштей турганы боюнча суроолорду анын мүчөлөрүнө берүү зарыл деп билдирди. Ошондой болсо да Масалиев өзү конституциялык мыйзамдар боюнча комитетке кирет.

КСДП фракциясынан аталган комитетке кирген дагы бир мүчөсү Асел Кодуранова парламентарийлер азырынча бул механизмди иштеп чыгууга кирише элек экенин билдирди.

«Бул Исхак Масалиевдин идеясы болчу, добуш берүү өттү, бирок ага каршы добуш бергендер да бар. Ошондуктан азыр иштеп чыгуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес, жеке мен каршы добуш бергем», — деди ал.

Юристтер эмне деп жатышат?

Юристтердин айтымында, мыйзамды экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратып койгудай кылып өзгөртүп койсо болот, бирок баары бир эле Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга болбойт. Алардын пикири боюнча, мыйзам келечектеги президенттерге гана тийиштүү болуп калат.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев депутаттар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасын гана жаза алышат, бирок Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе ачык бойдон кала берет деп эсептейт.

«Эгерде алар жада калса "Президенттин ишинин кепилдиги жөнүндө мыйзамга" өзгөртүүлөрдү киргизишсе да, анда артка иштөө күчү болбойт. Бир жактын жагдайын оорлотуучу мыйзамда артка иштөө күчү жок. Бул учурда ал дал ошол Атамбаевдин жагдайын оорлотот. Аны ЖЭБди жаңыртуудагы эреже бузуулардын айынан жана мурда болушу ыктымал кылмыштар боюнча жоопкерчиликке тартышпайт», — дейт Эралиев.

Юрист Тимур Иманкулов Эралиевдин пикири менен макул — жада калса эгерде парламентарийлер мыйзамга экс-президенттерди кол тийбестиктерден ажыратуу жөнүндө жобо киргизишкен күндө да, ал Атамбаевге тийиштүү болбой калат.

«Мен демилгенин келечеги жок, зыяндуу деп эсептейм. Эгерде депутаттар анын [Атамбаевдин] айнасындагылардан кимдир бирөөнү жоопкерчиликке тартууну каалашса, анда макул жол болсун. Министрлерди, премьер-министрлерди — аларда иммунитет жок», — дейт Иманкулов.

КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков да кол тийбестиктен ажыратуу механизми Атамбаевге тийиштүү болбойт деп эсептейт.

«Эгер биз экс-президенттерден кол тийбестик алган мыйзамга өзгөртүү киргизсек, ал мындан кийинки президенттерге иштей турган мыйзам болот. Анткени мыйзам артка иштебейт. Буга чейин экс-президент макамын алгандарга тиешеси болбойт. Бирок азыр саясий оюдардын негизинде бул демилге Атамбаевге каршы көтөрүлүп жатат. Бирок мыйзамды сыйлагандар үчүн бул туура эмес», — деди Турсунбеков.

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын башында күчүнө кирген жаңы Конституциянын тексти менен.

«Мыйзамдын артка иштөө күчү жок» деген эмнени билдирет?

Артка иштөө күчү жок деген жобо Конституцияда жазылган. Анда «Жаңы милдеттерди же оорлотуучу жоопкерчиликти белгилеген мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбаcтыгы» жөнүндө айтылат.

Мыйзамдар жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет, эгерде документтин өзүндө башкача жазылып калбаса эле. Бул деген эгерде силер мурда жоопкерчилик жазылбаган кандайдыр бир аракет кылган болсоңор, анда мыйзам күчүнө киргенден кийин сиз бул аракет үчүн жооп бербейсиз дегенди билдирет.

Бул жасалган кылмыштарга да тийиштүү болуп калат. Мисалы, сиз 2010-жылы уурулук кылып, бул үчүн беш жыл абак мөөнөтү көргөзүлсө, сизди жоопкерчиликке 2011-жылы тартып, беш жылга түрмөгө кесүү өкүмү чыкты. Бирок 2015-жылы мыйзам өзгөртүлүп, жаза мөөнөтү 10 жылга чейин узартылды. Бирок артка иштөө жөнүндө жобого ылайык, сиздин абак мөөнөтүңүз узартылбайт.

Эгерде артка иштөө принцибин Атамбаевге байланыштуу жагдайга бура турган болушса, анда анын экс-президенттин кол тийбестик макамы бар болуп чыгууда, демек ал андан ажырап кала албайт.

Балким Атамбаевди жоопкерчиликке тартуунун башка амалдары бардыр?

Аны президент болуп турган учурда жасап же жасабаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартууга болбойт.

Бирок 2019-жылы Кылмыш-процессуалдык кодекси күчүнө кирет, ага ылайык, башкы прокурор экс-президентти жоопкерчиликке тартууну демилгелей алат.

Экс-президентти жоопкерчиликке ал 2019-жылдын 1-январынан кийин гана жасаган кылмышы үчүн тарта алышат.

Атамбаев өзү 2011-жылда эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн шартында Кыргызстанда «кол тийбестер» жок, ошондуктан ага «кол тийбестиктин кереги жок экенин» билдирген.

«Эгерде биз Кыргызстанда мындан ары кол тийбестер жок экенин көрсөтө албасак, анда тартипке келтирүү абдан кыйын болот. [...] Кыргызстанда мындан ары кол тийбестер болбойт. Бул президентке да тийиштүү. Суранам, эгерде мен бир жерде кандайдыр бир ишке байланыштуу болуп калсам, мен дароо жооп бергенге даярмын, мага эч кандай кол тийбестиктин кереги жок», — деп бидирген ал.

Буга чейин кандай аракеттер көрүлгөн?

2018-жылы апрелде юрист Нурбек Токтакунов экс-президенттин кол тийбестиги «мыйзамсыз» деп таанылышы үчүн конституциялык палатага кайрылган. Ошол эле кезде Токтакунов бул аракетинде Атамбаевди эскерген эмес.

Анын айтымында, мурдагы президенттер качандыр бир кезде жасашкан өз кылмыштары үчүн ар кандай куугунтуктан «түбөлүк корголгон».

«Эгерде биз бири-бирибиз менен тең болсок, көрсө экс-президент барынан да жогору экен. Ал эми эгерде кыргыз экс-президенти дачада эс алып, саякаттап жана студенттерге лекция өтүүнүн ордуна саясий күрөшкө жигердүү катыша баштаса, анда мындай иммунитет коомго кооптуу боло баштайт», — деп жазган Токтакунов.

Конституциялык палата азырынча Токтакуновдун кайрылуусун карай элек, бирок эгерде анын арызы кабыл алынса, анда ал боюнча чечим беш айдын ичинде кабыл алынышы керек.