Мусулмандар ажылык учурунда Масжид аль-Харам мечитинде

Августта бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар ажылыкка аттанышат — бул ислам дининде Сауд Арабиясындагы ыйык Мекке шаарына зыярат. Кыргызстанда ажылыктын жөнгө салынышы, ал жакка кантип барууга болоору, баасы жана эмне үчүн активисттер муфтиятты ажылык зыяратын уюштурууда коррупция боюнча айыптап жатышканын айтып беребиз.

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 5485 адам жөнөгөнү турат, алардын ичинен 5315и — зыяратчылар.

Кыргыз зыяратчыларын 109 ажы башчысы, 16 врач, андан сырткары, муфтияттын кызматкерлери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп барышат. Бул жылы ажылыкка баруунун баасы 2890 долларды түзгөн.

Эмне үчүн мусулмандар Меккеге зыяратка барышаарын, кантип мусулмандардын дин башкармалыгы (муфтият) жана ведомстволор аралык комиссия ажы башчыларын тандап, эмне үчүн кыргыз активисттери өлкөнүн муфтиятын коррупция үчүн айыптап атканын айтып беребиз.

Эмне үчүн мусулмандар ажылыкка барышат?

Ислам дининин эрежелери боюнча, ажылык — бул мусулмандарга жүктөлгөн парздардын бири. Ар бир мусулман адам өз өмүрүндө жок дегенде бир жолу Меккеге ажылыкка барып келиши зарыл.

Жалгыз шарт — ажылыкка жөнөп аткан мусулман өз үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын камсыздап кетиш үчүн жетиштүү түрдө колунда бар болушу керек. Ислам мусулмандарга карызга акча алып ажылыкка барууга тыюу салат — мындай учурда алардын зыяраты кабыл болбойт деп эсептелинип калат.

Ажылыктын убактысы жыл сайын ай жыл санагына ылайык өзгөрүп турат. Бул жылы ажылык 19-августтан тарта 24-августка дейре өтөт, бирок Кыргызстандын зыяратчылары Сауд Арабиясына июлдун аягында барып калышат. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар өлкөдө логистикалык жагдайлар жаралып калбашы үчүн Мекке менен Мединага алдын ала барышат.

Ажылыктын милдеттүү жана кошумча шарттары бар. Мисалы, ажылыктын милдеттүү ырасымы Арафат тоосунда туруу болуп эсептелет. Аны эч бир зыяратчы өткөрүп жибербеши керек.

«Бул парз, милдеттүү шарт. Эгерде сен белгиленген убакытта Арафат тоосуна барбай койсоң, анда сенин бардык зыяратың эсептелбей калат», — деп муфтиятка караштуу ажылык жана умра бөлүмүнүн кызматкери Азиз Скаков түшүндүрдү.

Кошумча ырасым — бул Мединадагы Мухаммед пайгамбардын мечитине баруу. Пайгамбар туулган бул шаарга зыяратчылар ажылыкка баргандан кийин жөнөшөт.

Мусулмандар ажылык учурунда Кааба ташынын айланасында намаз окуп жатышат.

Ажылыкка баруу үчүн эмне кылуу керек?

Сауд Арабиясы жыл сайын зыяратчыларга квота бөлөт. 2018-жылы Кыргызстан үчүн квота мурдагы жылга караганда 640ка көбүрөөк болуп, быйыл ажылыкка 5400 кыргызстандык бара алат. Ушул жылдан тарта мусулмандарда эгерде биометрикалык паспорт бар болсо гана Сауд Арабиясына сапар тарта алышат.

Кыргызстанда зыяратчыларды ажылыкка каттоо жана жөнөттүү иштерин муфтият жөнгө салат. Бул жылы ажылыкка баруу үчүн ар бир кыргызстандык 2890 АКШ долларын жумшайт.

Заяратка аттануунун алдында кыргызстандыктар «РСК» банкына баштапкы төлөмдү которушу керек. Бул төлөмдүн наркы 500 долларды түзөт жана 1000 сом комиссиясы да бар. Бул каражатты ажылыкка камданган мусулмандар үстүбүздөгү жылдын башында төлөшкөн.

Баштапкы төлөм которулгандан кийин регионадык мечиттердин алдында иштеген муфтияттын аймактык өкүлдөрүнө (казыяттарга) айрым бир аныктамаларды жана өздөрүнүн паспортторунун маалыматтарын тапшыруулары керек.

Зыяратчы баштапкы төлөмдү төлөгөндөн кийин муфтияттын электрондук базасына катталып, ажылыкка баруу үчүн квота алууга кезекке турат. Бул баштапкы акы төлөгөн жаран 21-январда алдын ала төлөм которгондорго караганда 12-январда төлөгөн киши квотаны эртерээк алат дегенди билдирет.

Эгерде жарандын колуна квота тийсе, анда ал ажылыктын калган акысын төлөшү керектелет. Квота жетпей калган адамдар өз акчаларын кайтарып алып, же болбосо кийинки жылкы ажылыкка өздөрүнө орундарды ээлеп коё алышат.

Муфтият 2018-жылы Меккеге барууга ниеттенгендерден дээрлик 7 миң билдирме алган, тактап айтканда, зыяратка барууну каалаган 1600гө чукул кыргызстандык квота ала албай калышкан.

Зыяратчы Кааба ташынын фонунда дуба кылып жатат.

Дин башкармалыгы 2016-жылы зыяратчыларга электрондук каттоо системасын киргизген. Муфтияттагы Азиз Скаковдун айтымында, бул система кезексиз каттоого туруу маселесин чечүүгө шарт түзгөн. Анда аймактык өкүлдөр зыяратчыларды тааныш-билиштик менен же басымдын алдында каттап келишкен.

«Азыр мен эгер кааласам да эч кимди алдыга жылдыра албайм. Эгерде өз апам келип, эжемди кезексиз каттоону суранса да мен эч нерсе кыла албайм. Анткени кезекке туруу электрондук болуп калган», — деп түшүндүрдү Скаков.

Кыргызстандыктар үчүн ажылыкка баруунун баасы канча жана бул акчалар кайда кетет?

Скаковдун айтымында, ажылыкка баруунун баасы 2018-жылы Сауд Арабиясы бардык кызмат көрсөтүүлөргө беш пайыздык милдеттүү салык киргизгендигинин айынан көтөрүлүп кеткен.

Чыгымдардын эң кымбат беренеси — бул авиа каттам. Ал жакка барып, кайра кайтуу үчүн кыргызстандык мусулмандар 1550 доллардан төлөйт.

Кыргызстандыктар Меккеге Сауд Арабиянын Fly Nas авиакомпаниясы менен барып келишет — ал Скаковдун айтышынча, ошондой эле, зыяратчылардын жарымын Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан да ташыйт.

Кыргыз авикомпаниялары зыяратчыларды ташууга катыша албайт, анткени алар Сауд Арабиясынын аба майдандагы кара тизмесине түшүп калган.

Скаковдун айтымында, кыргыз муфтияты авиакаттамдын баасына эч кандай таасир эте албайт, анткени анын баасын авиакомпания жеке өзү коёт.

«Сауд Арабиясынын мыйзамдарына ылайык, ажылык учурунда зыяратчылар өлкөгө чартер каттамдары менен гана бара алышат, — дейт Скаков. — Бул ошол өлкөнүн жарандык авиациясынын талабы жана биз бул жерде эч нерсе кыла албайбыз».

Меккеде зыяратчылар акысыз жашашат.

Ажылыкка баруу үчүн төлөнгөн акчанын ичинен муфтият 80 долларды комиссия катары өзүнө алып калат. Бул жылы комиссиянын жалпы суммасы 420 миң доллардан ашат — алар муфтияттын бюджетине кетет.

Эгерде Кыргызстандан ажылыкка баруунун баасын Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен салыштырып көрсө, анда кыргызстандыктар үчүн зыяраттын баасы кыйла эле төмөн болуп калат.

Аялдар ажылыкка кантип барса болот?

Жаш курагы 55 жашка чейинки аялдар зыяратка эркек бир тууганынын коштоосунда гана бара алат. Ал эми 45 жашка чейинки аялдарга Сауд Арабиянын элчилиги эгерде аларды коштоочу адам жок болсо таптакыр эле квота бербей коёт.

Бул жылы муфтият биринчи жолу кыргызстандык мусулман аялдарга өз үй-бүлөсүндөгү эркектердин коштоосу жок эле ажылыкка барууга уруксат берди, бул үчүн зыяратчы аялдын жашы 55тен кем эмес жана балдары же күйөөсү жок болушу керек.

«Күйөөлөрү, балдары жок жана өмүрүндө биринчи жолу ажылыкка барып жаткан улгайган аялдардын суранычы боюнча аларга коштоочусу жок барууга уруксат берилди. Мындай аялдардын саны 20га чукул. Талаптарга ылайык келбегендердин өтүнүчүнөн биз баш тарттык», — деп келтирди «Кактус» басылмасы муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин айткандарын.

Мусулмандар зыярат учурунда Кааба ташынын алдында.

Активисттер муфтиятты коррупция үчүн айып жатышат. Эмнеге?

Сауд Арабияга жөнөй турган зыяратчылардын бардыгы ыңгайлуулук үчүн эки топко бөлүнөт. Ар бир топту жетекчи коштойт — бул конкурстук тандоодон өткөн ажы башчысы. Бул жылы зыяратчылардын баштап баргандардын саны 109ду түзөт.

Активисттер муфтий Максат ажы Токтомушевди ажы башы кызматтарга өз тааныштарын дайындап атат деп айыпташууда. Активисттердин айтымында, топтун ар бир жетекчиси бул жумуш үчүн 2000 долларга чукул акча алат.

Активист Келдибек Аскаралиев муфтиятта коррупциянын бар-жогун текшерүү керектигин талап кылып, маморгандарга кайрылып келе жатканына төрт жыл богон. Ал НТС телеканалына курган маегинде ажы башчылар өз артында зыяратчыларды ээрчитүү үчүн керектүү билимге ээ эмес экенин билдирген.

«Алар айрым бир билимдерге ээ болушу керек — беш маал намаз окуу, араб тилин билүү сыяктуу. Бирок ажы башчы болуп калгандар бир гана беш маал намаз окубастан, араб тилин да билишпейт. Кантип анан алар ажы башы болуп, өз артында 50-60 адамды ээрчите алышат? Алар тилди, кантип ажылык кылуу керектигин билишпейт», — деди Аскаралиев.

Анын айтымында, бир нече жолу ажылыкка барып келгендер ажы башчылары болуп калышкан.

Муфтий Максат ажы Токтомушев өз кезегинде айыптоолорду четке кагууда. Анын айтымында, ажы башчыларын тандоо ишин ведомстволор аралык комиссия жүргүзөт. Бул комиссияга мамлекеттик органдардан 24 адам кирет. Алар: Дин иштери боюнча мамкомиссия, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Мамлекеттик каттоо кызматы жана башкалар.

«Зыяратчылардын ажы башчыларын тандоо муфтийдин жоопкерчилигине кирбейт. Биз ведомстволор аралык комиссия түзгөнбүз. Алар тандашат, алардын өздөрүнүн тандоо баскычтары бар. Силер муфтий жок дегенде бир адамды сунуштап же кыйытып айткан-айтпаганын комиссиядан тактап алсаңар болот», — дейт Токтомушев.

Скаковдун айтымында, ведомстволор аралык комиссия ажы башчысын эки баскычта тандап алат. Биринчи баскыч — бул тестирлөө, экинчиси — аңгемелешүү. Эрежелерге ылайык, ажы башы катары менен эки жыл ажылыкка бара албайт. Эгерде ал 2017-жылы зыяратка барган болсо, анда кийинки ажылыкка ал 2019-жылы гана барууга укуктуу.

Ажы башчылары өз иши үчүн ар бир зыяратчыдан 30 доллардан жана 30 долларды өздөрүнүн транспорт чыгымдарына алышат. Ажы башчылардын ар бири 49 адамдан турган топту жетектейт.