Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы мектеп-гимназиясы. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ош шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо үнү жаңырды. Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов «Клоопко» билдиргендей, 25-майда калаа боюнча 2 550 бүтүрүүчү мектепти аяктаган.

«Быйыл 7 миңден ашуун окуучу 9-11-класстарды аяктады. Анын ичинен 4 500дөн ашууну окуучу 9-классты бүтүрдү», — деди Досмуратов.

Мэрия мектеп бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроо аземин көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салган. Ага ылайык, 25-26-май күндөрү укук коргоо органдары эс алуу жайларын көзөмөлгө алып, тартипти күчөтөт. Ал эми окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлгөн.

Ош шаарында жалпы 77 билим берүү мекемеси бар. Анын 55и мамлекеттик, калган 22си жеке менчик мектеп.