Бишкек ЖЭБдеги авариянын айынан Жалал-Абаддын мэри кызматтан кетти

Салайдин Авазов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Салайдин Авазовду Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматынан бошотту. УКМК аны апрель айында Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария иши боюнча кармаган — Авазов жылуулук борборду жаңыртуу жөнүндө Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууга кол коюу учурунда «Электр станциялар» ишканасын жетектеп турган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр 25-майда Авазовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошоткон.

Жалал-Абад шаарынын мэринин басма сөз катчысы Жалил Сапаров азыр шаар башчысынын милдеттерин Турдалы Темирбаев аткарып жатканын кабарлады.

«Авазов кармалган учурда эле анын биринчи орун басары Турдалы Темирбаев мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан. Анткени, Салайдин Авазов 15 күнгө өргүү алып, Бишкекке дарыланууга кеткен болчу. Аны камакка алышканы кийинчерээк белгилүү болду», — деди Сапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов менен анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду 17-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авария иши боюнча шектүү катары кармап, тергөө абагына камакка алган.

Атайын кызмат Авазов менен Назаров эмнелерге шектелип атышканын тактап берген эмес.

Салайдин Авазов 2012-2014-жылдары Бишкек ЖЭБди башкарган «Электр станциялар» ишканасынын директору болгон. Ал учурда Жолдошбек Назаров анын орун басары болуп турган. Назаров «Электр станциялар» ишканасынан 2015-жылы кеткен.

Алар Бишкектин жылуулук борборун жаңыртууга Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлүп жатканда компанияны жетектешкен.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Бийлик дароо эле авариянын келип чыгуу себептерин жана станцияны жаңыртууга кеткен 386 млн доллар чыгымды изилдей баштаган.

Депутаттык комиссия өзүнүн ЖЭБди жаңыртуу үчүн кеткен насыянын сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө корунтундусунда жаңыртууда сатылып алынган жабдуулардын баасы «кымбаттатылганын» көрсөтүшкөн.

КСДП парламенттик комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын сынга алып, укук коргоо органдарын кылмыш иштерин иликтөөдө «ачыктан ачык ылгоочулук мамиле жасашууда» деп айыптаган.

«Маселен, адегенде кылмыш иши ЖЭБдеги кыйроо фактысы боюнча козголгон. Бирок анын мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун жоопко тартуунун ордуна, тергөө органдары кыйроого түздөн түз тиешеси жок адамдарга көңүл бурушууда. Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДП партиясынын мүчөсү С.А. Авазов камалды», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Авторлошу: Гүлжан Эшбаева