Музей үчүн эки аттын фигурасы 28 миң еврого сатылып алынган, алар учурда имараттын жер төлөөсүндө. Сүрөт: Уланбек Эгизбаев/«Азаттык» үналгысы.

«Ата Мекен» оппозициялык фракциясы Тарых музейинде реконструкция кандай өтүп атканын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөрдү. Музейди жасалгалоого 8,7 млн евро коротулган. Тарыхый комплексти тендерсиз жана долбоордук-сметалык документация жок оңдошкон.

Эмне болгон?

«Ата Мекен» фракциясындагы парламентарийлер Мамлекеттик тарых муйзейинде көчмө жыйын өткөрүштү. Анткени аларда оңдоо иштеринин баасы кымбаттатылганы боюнча маалымат пайда болгон.

Музейдин ичин текшерүүдө ал тендерсиз жана долбоордук-сметалык документация жок эле реконструкция болгону ачыкка чыккан.

«Бюджеттен чоң акча кетирүү менен кантип мындай ишти тендерсиз жана долбоордук-сметалык документациясы жок эле өткөрүүгө болот эле? Бул адамдарды азыр дароо ушул залдан камакка алыш керек», — деп билдирди «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров реконструкция кылуу үчүн тендер жарыяланбаганын тастыктады.

«Бирок компанияны конкурстук негизде тандашкан, конкурска беш компания катышкан. [...] Тендер эмне үчүн болгон эмес? Анткени долбоор жок болчу, акыркы сумма белгилүү эмес болчу. Ошондуктан квалификациялык тандоо болгон. Ведомстволор аралык комиссиянын курамында Маданият министрлигинин, Мамлекеттик каттоонун, Мамтехинспекциянын жана Мамкурулуштун өкүлдөрү болгон. Мамкурулуш жеке өзү компанияны тандаган эмес», — деп билдирди ал.

Кайсы чыгымдар депутатттардын суроолорун жараткан?

Музейди жасалгалоого 8,7 млн евро коротулган жана чыгашалардын айрым беренелери депутаттардын суроолорун жараткан.

Депутаттар көрсөткөн документтерге ылайык, консультациялык-дизайнерлик иштерге 394 миң евро кеткен. Кийим илгич үчүн эмеректин баасы 142 миң евро турган, ал эми аны Германиядан алып келишкен. Документтер боюнча, кафе үчүн бар столу менен эмерек 224 миң евро болгон, ал Испаниядан алынып келинген.

Тарыхый комплекстеги суусундук текчелери. Сүрөт: «Кактус Медиа» басылмасы.

Аттардын эки ак фигурасы үчүн 28 миң евро төлөнгөн. Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында, алар «ат жабдыктарын» демонстрациялоо үчүн керек. Ошол эле учурда Алмакүчүковдун айтымында, фигураларды жасап берген немис компаниясы «балким, бир аз ашыкча кеткен».

«Бул ат фигуралары аларга кеткен 28 миң еврого татыктуубу? Алар аттарга да эмес, эшектерге окшош экен», — деп суроо салды Сулайманов.

Андан сырткары ал, музейдин имаратында орнотулган инсталляциянын баасына да нааразы болду.

«Ал жакта жыгачтан жасалган конструкция турат, бирок бул бактар да эмес — бул 54 устун, алардын ар биринин баасы 600 доллар. Бак Африкада деле бак да. Бизде эмне бактар жокпу? Германиядан 54 жыгачты сатып алып келип, жөн гана краска менен боёп коюшкан. Мындай акчага биздикилер деле мындан жаман эмес жасап беришмек», — деди ал.

Музейдеги инсталляциянын бир бөлүгү. Депутаттардын айтымында, ар бир тал түркүгү 600 доллардан турат. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы.

Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында, мекеме финансылык маселерге тиешеси жок.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, [кымбат баа] интеллектуалдык эмгектин айынан. Мен ал жерде бир ой камтылган деп ойлойм, бул накта бактын бутактары, бирок кай жактан алынып келингенин билбейм [...] Эмне кымбат экенин айтуу үчүн бир нерсе менен салыштырыш керек. 200 миң доллар турган экспозициялар бар. Кээде идеянын өзүн эле 150 миң долларга сатышат», — деди директор.

Депутаттар УКМКнын Антикоррупциялык кызматына, Башкы прокуратурага жана Финполго музейдин реконструкцияланышын изилдөөнү сунушташты.

«Мунун ЖЭБди жаңыртуу схемасынан эч айрымасы жок. Иликтеш керек», — деди Сулайманов.

Музейди жасалгалоо үчүн жумшалган каражаттар. Маалымат булагы: «Кактус Медиа» басылмасы.

Башкы прокуратура тарых музейин реконструкциялоо боюнча материалдарды изилдейт.

Музейди жасалгалоо ишин ким аткарган?

Документтерге ылайык, ички бөлмөлөрдү жасалгалоо ишин Кыргызстандын «СМУ-3» компаниясы аткарган. Музей үчүн жабдууларды Германиянын Vitrinen- und Glasbau REIER компаниясы алып келген. Эки компания тең тендерсиз тандалып алынган.

«СМУ-3» компаниясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулушуна катышкан. Андан сырткары, бул компания Ала-Тоо аянтында «Манастын» эстелигин орноткон.

Ал 2017-жылы 46,5 млн сомго УКМКнын кызматкерлери үчүн үйдүн курулушуна тендерди утуп алган. «СМУ-3» курулушка катышуу үчүн билдирме тапшырган жалгыз компания болгон. Мурдарак ушул эле компания УКМК үчүн 90,2 млн сомго үйдүн курулушуна жарыяланган конкурсту утуп алган.

«"СМУ-3" компаниясы биринчи жолу эле мамлекеттик буйрутмаларды тендерсиз утуп алып жаткан жок. Бул абдан таң калычтуу», — деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев.

Депутат Айсулуу Мамашова аткарылган иштердин сапатынан шек санап койду.

«Чолпон-Атадагы ат майдандын реконструкциясына да чоң акча кетип, бир жылдан кийин оңдоо үчүн кайрадан акча талап кылынган», — деди ал.

Материалды чыгараар алдында «Клооптун» кабарчыларына «СМУ-3» компаниясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Музейге эмеректерди жеткирип берген Vitrinen- und Glasbau REIER компаниясы Германияда жайгашкан. Ал музей жабдууларын өндүрүп чыгарат.

Vitrinen- und Glasbau REIER компаниясынын директору Уве Рейер (оңдо) 2017-жылдын апрелинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Сүрөт: REIER.

Компаниянын сайтында ал дүйнө жүзү боюнча көптөгөн музейлер үчүн — Лондондогу Улуттук тарых музейи үчүн, Санкт-Петербергдагы Эрмитаж үчүн, Женевадагы Этнографиялык жана башка музейлер үчүн жабдууларды жасап бергени айтылат.

Германиянын ЖМКлары 2017-жылы ноябрда Кыргызстандын тарых музейи компаниянын тарыхында эң эле ири долбоор экенин жазышкан.

Аймактык Lausitzer Rundschau гезатасы Кыргызстандын президентинин жеке кеңешчиси июндун ортосунда компанияга келип, ошондон кийин президентке телефон аркылуу долбоорго эч ким жолтоо болбосун тастыктаганын жазган. Андан соң Кыргызстан компания менен 9 млн еврого келишим түзгөн.

Басылманын маалыматына ылайык, компания Кыргызстандын Тарых музейи үчүн 311 айнек витрина өндүрүп бериши керек болгон.

Музейдин реконструкциясы

Музейдин реконструкциясы 2016-жылы мартта башталган. Реконструкция иштерин 2016-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү пландалган, бирок оңдоо иши бүгүнкү күнгө чейин уланып атат.

Музейдин реконструкциясына бюджеттен 1,5 млрд сом (19 млн еврого чукул акча) бөлүнгөн.

Акчанын жарымы оңдоо иштерине, инженердик коммуникацияга, абаны тазалоо системасына жана борбордук жылытуу системасына коротулган.

Эмеректерди жеткирүү, монтаж жана бажыдан өткөрүүгө 891 млн сом кеткен.

Иманалиевдин айтымында, музейдин реконструкциясын парламентти аттап өтүп мамлекет башчысынын аппаратында иштеген Сапар Исаков баш болуп, президенттин администрациясы жетектеген.

«Музейдин мурдагы жана азыркы директорлору реконструкцияны башынан аягына чейин Сапар Исаков тескегенин айтышууда», — деп билдирди Иманалиев.

Ал эми Исаков өзү «Апрель» телеканалына курган маегинде музейди оңдоо ишин тескегенин айткан.

Финансы министринин орун басары Улукбек Карымшаковдун айтымында, реконструкцияга акчалар бюджет боюнча парламенттик комитеттин уруксаты менен бөлүнгөн.

«2017-жылы 9-июнда музейдин реконструкциясына республикалык бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн. Мындай чечимди өкмөт кабыл алган жана аны бюджет боюнча парламенттин комитети жактырган. Августта кошумча 869 млн сом бөлүнгөн. 1,5 млрд сомдон ашуун каражат музейдин реконструкциясына, экспонаттарды жана эмерек сатып алууга кеткен», — деди ал.

Ошондой эле, реконструкция ишине Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (ТИКА) да 15 млн доллар бөлгөн. Ал имараттын тышын гана камтыган жана жумуштун биринчи баскычын аткарып берген.

«Биринчи баскыч — бул тышкы бөлүк, ал эми экинчиси — ички бөлүгү. Биринчи бөлүгүнөн кийин Кыргызстан эч кандай себептери жок эле Түркиянын гранттык жардамынан баш тартат. Биз эмне үчүн гаранттык жардамдан баш тартууну чечишкенин аныктагыбыз келип атат», — деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев.

Тарых музейинин айланасында акыркы жылдары бир нече чуу чыккан — 2012-жылы сактагычтан 503 экспонат жоголуп кеткени белгилүү болгон, андан кийин Маданият министрлиги музейде сакталган биздин доорго чейин IV-V кылымдарга таандык аялдын мумиясын жерге берүүнү чечкен.

Коопсуздук кеңеш өкмөткө Маданият министрлигинин ишине талдоо жүргүзүүнү сунуштаган. Андан кийин маданият министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан кеткен.

Авторлошу: Айсымбат Токоева