Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова отставкага кетти

Рыскулова вице-мэрлик кызматтан башка ишке өтүп жаткандыгынан улам кетти.

Рыскулованын отставкасы жөнүндө 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында белгилүү болду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Рыскулованын отставкасы жөнүндө буйрук 25-майда эле чыкканын «Клооптун» кабарчысына кабарлашты.

«Мен башка жумушка өтүп жаткандыктан кызматтан кеттим. Кайсы жумуш экенин азырынча айта албайм», — деп комментарий берди Рыскулова өз отставкасы боюнча.

Рыскулова вице-мэрлик кызматка 2014-жылы июнда келген. Ал саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык-маданий блокту тескеген. 

Буга чейин ал ар кандай мамлекеттик кызматтарды ээлеп, БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын стратегиялык маселелери боюнча кеңешчиси болгон.

Рыскулова президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тымызын тирештин шартында кызматтан кетип жатат, бирок саясатчынын экөөсү тең кандайдыр бир тирешти четке кагышууда.

Жээнбеков экс-президенттин үзөңгүлөштөрүнүн бардыгын маанилүү кызматтардан кетирген. Атамбаевдин командасынан азырынча жогорку кызматта отургандардан Бишкек мэри Албек Ибраимов бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет апрелдин аягында Бишкектин бийлиги тарабынан 9 миң сомдон сатылып алынган көчөттүн айынан кылмыш ишин козгогон.