ТИМ кыргыз жарандарынын аэропортто текшерилиши боюнча Казакстанга нота жөнөттү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын бийлигинен казак атайын кызматтары тарабынан кыргызстандыктардын «кадыр-баркына шек келтирген ашкере» текшерүүлөрдү түшүндүрүп берүүнү суранды. Ал эми Казакстандын ТИМи текшерүүлөр террористтик коркунучтарга байланыштуу болуп атканын жана ал кыргызстандыктарга гана тиешелүү эмес экенин билдирди.

Кыргызстандын ТИМи Казакстандын бийлигине нота жөнөтүп, кыргызстандыктардын Алматы аэропортунда «системдүү түрдө негизсиз» текшерилип атканын түшүндүрүп берүүнү суранды.

Казакстандын ТИМи жооп бергендей, алардын атайын кызматтары ар кандай өлкөлөрдөгү террористтик чабуулдардын шартында чек арадан бардык чет элдиктерди текшерип жатышат.

Кыргызстандын жарандары бир нече айдан бери Алматы аэропортунда атайын кызматтардын күчөтүлгөн текшерүүлөрүнө арызданып келишет.

Кыргызстандыктардын айтымында, атайын кызматтар алардан саякаттын максатын, иштеген жерин, ээлеген кызматын, телефондорун текшеришип, IMEI коддорду да жазып калышат.

Апрелдин аягында Казакстандын чек ара кызматынан «Клооптун» кабарчысына текшерүүлөр «мыйзам чегинде» болуп атканын кабарлашкан.

«Күчөтүлгөн чаралар — бул кырдаалдын талабы. Мен азыр сизге бардык суроолорго жооп бере албайм, бирок биз мыйзам чегинде иш алып баруудабыз. Биз ашыкча аракет, ашыкча текшерүү уюштурган жокпуз, бардыгы мыйзам чегинде», — деп айтышкан чек ара кызматтан.

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү чет өлкөлөргө Алматынын аэропорту аркылуу учуп, кайра ошол аркылуу кайтып келишет. Бул Алматынын аба майданы Бишкектин «Манас» аэропортуна караганда кыйла эле көп эл аралык каттамдарды тейлегени үчүн болууда.

Көп учурларда Бишкектен эле учса болот, бирок жолдо катар бир учактан башка учакка отурууга туура келип, билет баасы да кымбатка туруп калат.


ТЕМА БОЮНЧА: