Орусиянын көз карандысыз «Диссернет» коому кыргыз окумуштуусу Нонна Розахунованын диссертациясын «жалган» жана плагиат деп атады. Алардын пикири боюнча, Розахунова өз диссертациясына шилетеме бербестен эле башка окумуштуулардын иштеринен ондогон бет маалыматтарды кошкон. Розахунова муну четке кагып, өз диссертациясын жазуу маалында талаптар башкача болгон деп билдирүүдө.

Эмне болду?

Илимий диссертацияларды талдаган Орусиянын «Диссернет» долбоорунун эксперттери кыргыз окумуштууларынын 600гө чукул иштерин текшерүүгө киришти.

Эксперттер алардын ичинен биринчи Кыргызстандын юридикалык илимдеринин доктору жана Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин профессору Нонна Розахунованын диссертациясын текшеришти. «Диссернет» Розахунова өз диссертациясына орусиялык үч окумуштуунун иштеринен материалды кошуп алган деген тыянак чыгарган.

«[Окумуштуу Магомед] Абдуллаев Орусия жөнүндө жазган, [...] Розахунова бул ишти алып, "ОФ Конституциясын" "Кыргыз Республикасынын конституциясына", "ОФ эл аралык келишимдерин" "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине", "Омбудсменди" ал "Акыйкатчыга" алмаштырган. Тактап айтканда ал плагиатка караганда шумдуктуу бир нерсе кылган — ал илимий изилдөөнүн маалыматтарын алмаштырган», — дейт долбоордун катышуучусу Андрей Заякин.

Анын айтымында, Розахунованын адам укуктары жана мыйзамдын булагы жөнүндө диссертациясы «автор ойлоп тапкан реалдуулук» болгон, анткени диссертацияда Орусия жөнүндө маалыматтар болгон жана алар Кыргызстан үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.

«Мамдуманын депутаттары экономика боюнча [өз] диссертацияларында "шоколад" деген сөздү "эт" деп алмаштырышкан белгилүү мисалдар болгон, ошол эле учурда өндүрүштүн көлөмү, баасы, технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрү жана жеткирүүнүн маршруттары ошол эле бойдон калган. Тактап айтканда, эгерде "шоколадды" "этке" алмаштырып койсо, бул эт жөнүндө да эмес, шоколад жөнүндө да эмес диссертация болуп калат — бул автор ойлоп тапкан реалдуулук болуп калат», — деп эсептейт Заякин.

Анын айтымында, мындай эреже бузуулар үчүн Розахунованы окумуштуу даражасынан ажыратып койсо болот. Заякин билдиргендей, Орусияда «Диссернеттин» басылмаларынан кийин 200гө чукул адам өз даражаларынан кол жууп калган.

Розахунова өзү бул жөнүндө эмне деп ойлоп атат?

Нонна Розахунова илимий иштин плагиатына байланыштуу бардык айыптарды четке кагып, бул «кимдир бирөөнүн буйрутмасы» деп билдирди. Анын айтымында, ал 2010-жылы өз диссертациясын жактап жаткан учурда плагиаттын деңгээлине карата мындай талаптар жок болчу, ал эми Кыргызстан менен Орусиянын конституциялары «окшош» болчу. Ал азыр илим докторлугуна талапкерлерге иштерин жактоо оор деп айтат.

«"Диссернет" мыйзамсыз сайт деп эсептелет — Орусияда чындыгында плагиат менен шугулдангандардын бири да дипломдорунан ажыраган эмес», — деп эсептейт Розахунова.

Ошол эле кезде Розахунова өзү 2014-жылы башка окумуштуулар менен кошо Ош мамлекеттик университетинин диссертациялык кеңешине арызданып, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинен «Кыргызстанда жасалма докторлор менен илим талапкерлерин көбөйтүүнү токтотууну» суранган.

Аттестациялык комиссия эмне деп атат?

Жогорку аттестациялык комиссияда (ЖАК) орусиялык адистердин тыянактары «бейрасмий» жана комиссияга түшүп жаткан бардык илимий иштер «Антиплагиат» программасы аркылуу өтөт деп айтышууда.

«Качан бул ишти орусиялык адистер алып барып калышты, анткени бизде юристтер абдан көп да. Биз "Диссернет" жөнүндө биринчи жолу угуп атабыз. Биздин өзүбүздүн "Антиплагиат" программабыз бар жана бизге түшүп жаткан иштин бардыгын бул программа аркылуу өзүбүз текшеребиз. Бул эксперттердин тыянактары — алар эми бейрасмий да», — деп билдиришти ал жактан.

Ал эми комиссиядан «Антиплагиат» програмасы кантип иштээри жана диссертацияны жактоо үчүн кандай жоболор бар экени жөнүндө кененирээк айтып берүүдөн баш тартышты.

Материал жарык көрөөр алдында Билим берүү министрлиги комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп турду.

«Диссернет» деген эмне?

«Диссернет» — бул окумуштуулардын докторлук жана илим докторлугуна талапкерлердин диссертацияларына көз карандысыз экспертиза берген орусиялык изилдөөчүлөр менен эксперттердин тармактык коому. Алар өздөрү «алдамчылардын, бурмалоочулардын жана жалганчылардын бетин ачуу» боюнча иш жүргүзөбүз деп айтышууда.

«Диссернет» өз ишин 2013-жылы баштап, Мамдуманын депутаттарынын, аткаруу бийлигинин аткаминерлеринин, губернаторлодун, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана врачтардын иштерине талдоо жүргүзгөнгө үлгүрүшкөн.

Алардын арасында маданият министри Владимир Мединский да болгон. «Диссернеттин» мүчөсү Иван Бабицкий министрдин ишин орой каталарды камтыган «сандырак» деп атаган. Бабицкийдин айтымында, Мединскийдин диссертациясы «илимий изилдөө деп эсептелиниши мүмкүн эмес».

«Диссернет» 2018-жылы жазында тажик окумуштууларынын диссертацияларын текшере баштап, плагиат камтылган 20дан ашуун ишти тапкан. Алардын арасында Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басарынын жана өлкөнүн президенти Эмомали Рахмаондун жардамчысынын диссертациялары болгон.

Нонна Розахунова