Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Билим — балдарды кооптуу жана алсыраткан эмгектен жана жакырчылыкка каршы күрөштөн коргоо үчүн маанилүү шарт. Бала башында кандай өссө, анын келечектеги ийгилиги ошондон көз каранды болот. Бул жерде мектепке чейинки билим берүү маанилүү ролду ойнойт, бирок Кыргызстанда үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 23 пайызы гана балдар бакчасына барууга мүмкүндүгү бар.

Каарамандардын ысымдары алардын суранычы боюнча өзгөртүлдү.

Каринанын кызы жакында эле беш жашка чыкты. Ал кызы эки жаш кезинде эле жашаган жери боюнча мамлекеттик бала бакчага кайрылган, бирок ал жактан Каринага кызын бир жылдан кийин алып келиши керек деп жооп беришкен. Кийинчерээк бала бакчада орун жок экени белгилүү болгон.

Ал алдын ала каттоодон өтүп, ошондон кийин гана документтерди бериши керек экени жөнүндө Карина мурдагы жылы гана билген. Эми анын кызы расмий түрдө мамлекеттик бала бакчада кезекте турат. Документтер менен кыйынчылыктар болгон эмес — Каринанын бардык аныктамалары бар болчу, ал эми анын үй-бүлөсү шаардын чет жакасында каттоодо турат. Ошондон бери ал өз баласы үчүн качан орун пайда болоорун чыдамсыздык менен күтүп атат.

Кыргызстанда 1990-жылдары бала бакчалардын жарымы жабылып же багыты өзгөртүлгөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, эгемендүүлүк алган учурда өлкөдө 198 миңге чукул бала бакчага барышчу. 2016-жылга карата бул сан 174 миңге чейин кыскарган. Бул убакыт аралыгында үч жаштан алты жашка чейинки балдар 21 пайызга көбөйгөн.

Билим берүү министрлигинде 1990-жылдары өлкө бардык мектепке чейинки уюмдардын дээрлик 80 пайызын жоготконун айтууда. 2000-жылдарга карата дээрлик 1700 бакчадан болгону 400ү эле калган. Бала бакчалардын 1200дөн ашуун имараты менчиктештирилген же сатылып кеткен.

2000-жылдары абал кыйла жакшырган, бирок мектепке чейинки уюмдар баары бир эле жетпей жатат.

Бала чакта эрте өнүгүү — бул үзгүлтүксүз процесс. Бул учурда бала салмактуураак кыймылдаганга, ойлонгонго, сүйлөгөнгө, эмоционалдык жактан кайгырганга жана башка адамдар менен биргелешип аракеттенүүгө үйрөнөт. Физикалык жактан өнүгүү, окуу жана эсептөө жөндөмү, социалдык жана экономикалык өнүгүү менен билим алууга даярдык — баланын жалпы өнүгүшүнө маанилүү багыт, анын социалдашуусунун жана жеке инсан катары өнүгүүсүнүн негизи.

Үйдө эле окуткан жакшыбы?

Гулира — тогуз жашар өспүрүмүн апасы. Ал бала бакчалар абдан эле керек деп эсептебейт. Эгерде апасы үй чарбасын башкарса, анда өзүнөн башка эч ким баланы мыкты тарбиялай албайт.

«Мен балдардын бардыгы ар башкача экенин түшүнөм. Кимдир бирөөсүнө өнүгүү үчүн коллектив керек, кимдир бирөөсүнө — кереги жок. Бирок мен бакчага барбаса, бала толук кандуу өспөй калат деп ишенген аялдарды түшүнө бербейм, эки ал тургай бир жарым жашта баланы бакчаларга түртө салышат. А мен болсо баланын үйдө болгону жакшы жана коопсуз деп эсептейм», — дейт ал.

Гулиранын баласы бала бакчага жана билим берүү ийримдерине барган эмес, аны апасы жана бала баккан аял тарбиялаган. Ал дайыма эшикте ойноп, өзүнүн курдаштары менен баарлашып, айланадагы дүйнөнү тааныган. Үй аны атайын окуу усулдары боюнча окутушкан эмес, бирок ал менен кошо китеп окуп, сүрөт тартып, пластилинден түрдүү фигураларды жасап ойношкон. Мектепке бараарда бала толугу менен китеп окуп, жазганды үйрөнүп барган, ал эми азыр ал мыкты деген баага окуйт. Гулиранын айтымында, анын окууда жана баарлашууда эч кандай көйгөйлөрү жок.

Жашоонун алгачкы үч-төрт жылы — бул адамдын интелектуалдык жөндөмдүүлүгүнүн эң эле тынымсыз өнүгүп турган учуру.  Бул учурда баланын өнүгүшү үчүн эң башкысы — үй-бүлөдө тарбиялоо: улуулардын үйрөтүүдө катышуусу жана үйдө балдар китебинин бар болушу абзел.

Эмне кылыш керек?

Ата-энелер өз балдарын тарбиялап окутушу абдан маанилүү. Бирок бакчага баруу башталгыч мектепке даярдоодо чечүүчү ролду ойнойт. Бала бакчада ага уюштуруучулук менен үйрөтүшөт — ата-энелер менен бала баккан аялдар көп учурда мындай кылышпайт.

Мамлекет балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо үчүн эмне кылып жатат?

Билим берүү министрлигинде азыр мамлекет мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын имараттарын өз карамагына кайтарып жатканын айтышууда. Андан сырткары, жаңы бала бакчаларды ачып, эскилерин оңдоп жана адамдарды акы төлөнгөн мектепке чейинки мекемелерди ачууга шыктандырып жатат.

Ошентсе да мектепке чейинки билимди абдан аз балдар алышууда — бир гана бала бакчаларды эмес, башка мектепке чейинки даярдыкты эске алуу менен эң эле оптимисттик эсептөөлөр менен жети жашка чейинки балдардын 39 пайызынын гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерге барганга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Билим — адамдын потенциалын жана экономиканы өнүктүрүүдө, андан сырткары калктын жыргалчылыгын жогорулатууда негизги ресурс жана жакырчылыктын масштабын кыскартууда негизги фактор.

Билимдин деңгээли — бул өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери менен социалдык прогресстин чарасы. Адам канчалык билимдүү болсо, ал жана анын үй-бүлө мүчөсү жакырчылыкка дуушар болуусуна ошончолук аз мүмкүнчүлүк калтырат.

Датасет шилтеме аркылуу жеткиликтүү