УКМК Шадиевге издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 31-майда мурдагы вице-премьер-министр жана парламенттин депутаты Аскарбек Шадиевге издөө жарыялады. Ошондой эле, Бишкектин Биринчи май райондук соту депутатты эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасын кабыл алган.

Мааламыт саат 13:26да жаңыртылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Аскарбек Шадиев 27 апрелде Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек ара аркылуу сууну кечип Тажикстан тарапка мыйзамсыз өтүп кеткен.

УКМКнын маалыматы боюнча, Шадиев 28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин Тажикстандын Хужант шаарынан Москвага учуп кетип, андан соң депутат Кыргызстандын дипломатиялык паспортун колдонуу менен АКШга учуп кеткен.

«Аскарбек Шадиевдин жакын туугандарынын маалыматына ылайык, ал даарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен жана бир-эки аптанын ичинде кайтып келиши керек болчу. Бирок Шадиев азыркы убакытка чейин атайылап тергөө органдарынан жашырынып жүрөт, буга байланыштуу ал издөөгө жарыяланды», — деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.

Мурдараак Жогорку соттун басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына Биринчи май райондук сот Шадиевди 31-майда камакка алуу боюнча сыртынан баш коргоо чечимин кабыл алганын билдирген.

«Анын кармалышы негиздүү экени менен мыйзамдуулугун текшерүү үчүн ал 48 сааттын ичинде сотко жеткирилиши керек. Токтом 5 сутканын ичинде Бишкек шаардык сотунда даттанылышы мүмкүн», — деп айтышкан басма сөз кызматтан.

Май айынын башында анын жардамчысы Айбек Эрмеков бир нече басылмаларга Шадиев 27-апрелде жүрөгүнөн операция жасатыш үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирген. Ал учурда УКМК менен Чек ара кызматы Шадиев Кыргызстандан кеткен эместигин билдиришкен.

Шадиевдин иши

Аскарбек Шадиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 2 млн сомдун уурдалышынын айынан козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Ага карата кылмыш иши 2018-жылы 28-апрелде ачылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров Чынгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн эки миллион сомду «өзүнө ыйгарып» алган. Ал эми тергөөчүлөр Шадиев Закировдун акча бөлүп берүү боюнча документке сыйлык берилбесин «билип туруп» кол коюп берген деп эсептөөдө.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКга караштуу тергөө изоляторунда камакта.

Май айында башкы прокуратура менен УКМК Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн камакка алган. Токтомго ылайык, мүлк «конфискацияланышы ыктымалдыгы боюнча өкүмдүн аткарылышын камсыздоо максатында» камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: