Бишкектеги аракечтердин жашыруун клубу 20 жылдан ашуун убакыттан бери бар. Анын негизги миссиясы — алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткендерге жардам берүү. Журналист Элдос Казыбеков клубга барып, өзүн аракеч деп эсептегендердин окуяларын билип келди.
Каармандардын ысымдары өзгөртүлдү
«Мен ичип алып өлүп калгым келди»
Ал көп убакытка чейин спирт ичимдиктерине көз каранды экенин танып келген, качан гана ал чындыкты кабыл алгандан кийин өзүн жеңил сезген. Татьяна башынан өткөргөн тажрыйбасына таянып, алкоголго көз каранды адамдарга жардам бере баштаган. Эми ал үчүн эң маанилүүсү — бул жерде оозуна ичимдик албай соо жүрүү.
Татьяна 58 жашта. Биринчи күйөөсү аны батирсиз калтыргандан кийин ажырашып кетип, анын айынан аракечтикке берилип кеткен. Ал жаш кезинен спорт менен машыгып, дени сак жашоону көздөй бет алган.
Бирок Татьянанын биринчи күйөөсү ага спортту же үй-бүлөнү танда деп шарт койгон. Ал артыкчылыктарды белгилеп, биринчи орунга үй-бүлөсүн койгон. Бирок бир нече убакыт өткөн соң, күйөөсү көп ичип кеткендигинин айынан кетип калган. Ал ичип келгенде өзүн орой алып жүрчү. Алар ажырашышып кеткенден кийин бир нече жыл өткөн соң күйөөсү каза болуп калган.
Татьяна спирт ичимдигин алгачкы жолу 24 жашында үйүндө достору менен татып көргөн. Ал тынымсыз иче баштап, 35 жашында аракечке айланган.
«35 жашымда сүйүктүү адамым акчанын бардыгын алып кетип, мени батирсиз калтырган. Мен психологиялык жактан начар абалга калып, ичип алып өлүп калгым келген. Бул окуядан кийин мени апам алгачкы жолу “наркологияга” жөнөткөн», — деп айтып берди Татьяна.
Эки жолку ийгиликсиз никеден кийин ал өзүнө бир нече жылда бир жолу гана ичем деп шарт койгон. Бирок бул көрүнүш аны күндө ичимдик ичүүгө түрткөн. Кээде бир жумадан да ашып кетчү. Ал психологиялык жактан өзүн начар сезип, күнүмдүк көйгөйлөрдөн убактылуу качуу максатында ичип турчу. Бара-бара мындай көрүнүнүштөр адатка айланып калган.
«Аракечтердин бардыгы ар кандай ичишет, а бирок бир эле оорудан жабыркашат. Мен эч качан күнүгө ичпейт элем. Менде акыркы жылдары бир жылда төрт жолу, бирок узак мөөнөткө ичип кеткен учурларым болчу. Узак ичип кеткен убактым үч күндөн он күнгө чейин созулуп кетчү. [...] Мени жашоо ар тараптан калчаганда, ичимдик мага даба болчу, ошондуктан мен ичип кетээр элем», — дейт Татьяна.
Башынан эле ал эки баласына бул жаман адатын көргөзбөгөнгө аракет кылып, мас абалда аларга көрүнчү эмес.
Анын апасы менен мамилеси начар болчу — ал биринчи жолу көпкө чейин ичип кеткенде апасы неберелерине Татьянанын ичимдиктен көз каранды экени жөнүндө айтып салган. Ошондон кийин алардын ортосундагы мамилеси сууп кеткен.
Бир топ жыл өткөндөн кийин баласы Василий да бир кездеги өз апасы сыяктуу эле ичимдик иче баштаганы Татьянанын үчүн катуу сокку болгон. Күндөрдүн биринде уулу кечинде Татьянага чалып, «коштошкусу» келген. Татьяна баласынын үйүнө барып, биринчи жолу өз баласын мас болуп отурганын көргөн.
«Мен түнкү саат үчтө кийинип алып анын үйүн көздөй жөнөдүм. Андан мурда “Уулум, сен мени күт, мен азыр барам, сени менен сүйлөшөм” деп айттым. Мен келдим, ал абдан мас экен, жанында кур илинип турган экен [көрсө ал асынып өлүүгө даярданып отурган экен]. Мен аны сооротуп, жаткырып койдум. Эртең менен ал эсине келип, [мунун бардыгына] ишене алган жок», — деп айтат Татьяна.
Баласына жардам берүүгө аракет кылып, Татьяна уулу менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө белсенген. Ал ичип кеткенде — ал эми мындай учурлар далай эле жолу болгон — Татьяна нарколог-врачка кайрылууга аргасыз болчу.
«Аракечтердин бардыгы ар кандай ичишет, а бирок бир эле оорудан жабыркашат»
Эне-бала аракечтикке каршы күрөшүү үчүн бири-бирине ар түрдүү ыкмалар менен жардам берүүгө аракет кылышчу. Татьянанын кезектеги ичкилигинен кийин Василий андан аракечтердин жашыруун клубуна баруусун суранган. Анын мүчөлөрү өзүлөрүнүн ортосундагы чогулуштарды АА деп атап алышкан.
«Ал бул клубда көп жылдан бери ичимдик ичип, баңгизат колдонгондор бар экенин жана алар азыр ичпей калышканын айтты. Ал АА клубунда мүчө болуп турган кезде мен даарыланып жаткан ооруканага күнөгө келип, мени менен маектешип отурчу. Ал мага “Апа, ичкиликти биротоло таштагыңыз келеби? Анда клубга келиңиз, ал жактан колдоо табасыз” деп айтчу. Ал өз көйгөйүн жеңе алды, мен да аны уктум», — дей баяндайт Татьяна.
Татьяна алкачкы жолу АА клубуна барганда өзүн ыңгайсыз сезген, себеби ал жерде чынын айтканда чогулушка биринчи жолу келгендер өздөрүнүн көз карандылыгы жөнүндө айтып берүүгө даяр эмес болуп чыгышат.
Татьяна АА клубуна барып жүргөн кезде бир нече жолу баласы менен ичкиликтин айынан урушуп кеткендигинин айынан өзүн кармана албай калган.
Ошентсе да мындай чогулуштар ага ичкиликтен көз карандылыкты жеңүүгө жардам берээрин жана акыркы жолу өзүн кармана албай калган учур бир жыл мурда болгонун айтат.
«Мага эч нерсе жардам бербей калгандыктан өзүмдү алсыз сезгем»
Алкоголдук ичимдиктер менен баңгизаттар аны үмүтсүздүккө жетелеген: үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, жумушсуз калуу жана ичимдик ичүүнү таштоодогу ар кыл аракеттер. Алексей өз адатынын курмандыгына айланганга дейре ичимдиктен ичимдикке чейинки жашаган жылдары бир топ жылга созулуп кеткен.
Алексей ичимдик ичүүнү 11 жашынан баштаган, ал биринчи жолу арактын даамын балдар лагеринен татып көргөн. Башында ага жаккан эмес, андан соң достору менен ичимдик ичүүнү адатка айланткан.
Бир нече убакыттан кийин Алексейдин досу ага “наша” да чектирип көргөн, ал баңгизаттын жеңил түрүнөн да, спирт ичимдигинен да көз каранды болуп калган. Баласынын психотроптук заттарды колдонуп жатканын билип калышкан ата-энеси аны катуу көзөмөлгө ала башташкан.
«Университетте окуп жүргөн кезде менин баңгизат жана алкоголго байланыштуу көйгөйлөрүм бар деп эсептечү эмесмин. Экинчи курсат окуп жүргөндө өзүмдүн чакан бизнесимди ачкам. Ошол учурда менин жашоомдо героин пайда болгон», — деп өз сөзүн улантты Алексей.
Кийинчерээк анын бизнеси чыгымга учурай баштап, Алексей анын айынан тез-тезден баңгизат колдонуп, карызга батып кеткен. Ата-энесинин баласын мажбурлап сакайтма борборго жөнөтүүдөн башка аргалары калган эмес.
«Сакайтма борбордон чыккандан кийин мен кантип мас болбой жашоо керектигин билбей калгам, менин жан дүйнөм соолуп калган. Мага героин колдонууга болбосун билип, мен алкоголдук ичимдиктерди иче баштагам. Ошентип менде алкоголдук көз карандылык пайда болгон», — деп эстеди ал.
Ичимдикке берилгендердин көпчүлүгү сыяктуу эле Алексей болгон күчү менен аракечтикти — бул «дубалдын түбүндө жаткандар» гана деп эсептеп, өз аракечтигин танып келген. Акыркы жылдары ал жалгыздыкта иче баштаган, себеби достору аны менен баарлашуудан оолактап кетишкен.
«Мен ичүүнү каалабасам деле дүкөнгө кирип, спирт ичимдик сатып алып иче берген күндөрүм да көп болгон. Жок дегенде бир нече апта ичпейм деп өзүмө шарт да койгом, бирок болбой эле чыдабай кетип, бир-эки күндүн аралыгында ичип кетчүмүн», — деп эстеди ал.
Ичимдиктен көз карандылыгын биротоло моюнга алуу оңойго турган эмес, бирок бир кезде баш жазыш керек болуп турган абалда ал аракеч экенин мойнуна алган.
«Ичимде бир нерсе бүлүнүп кеткендей болду, дендароо болуп, мени үмүтсүздүк каптап кетти, мага эч нерсе жардам бербей калгандыктан өзүмдү алсыз сезип аттым», — дейт Алексей.
«Экинчи курсат окуп жүргөндө өзүмдүн чакан бизнесимди ачкам. Ошол учурда менин жашоомдо героин пайда болгон»
8 жыл мурда Алексей өзүнүн келечектеги жубайы менен таанышкан. Ал ага жардам сурап кайрылууну сунуштаган эмес, себеби ал өзү спирт ичимдигинен көз каранды болчу. Күндөрдүн биринде мастыктын айынан уруш чыгып, Алексей аялынын бутун бычак менен жарадар кылган.
Натыйжада Алексей атасынын талабы менен «бекинип алган». Андан соң аракечтердин жашыруун клубу жөнүндө угуп калган.
Ал бул жакка дароо эле келген эмес — башында ага уялуу жана тартынуу сезими жолтоо болгон. Бирок таанышынын кеңешинен кийин АА клубунун жолугушуусуна барып калган.
«АА клубунда мага жылуу достук чөйрө жагат. Ал жерге мага окшогон жана меникиндей эле көйгөйгө кабылгандар барат. Мен алар менен өз көйгөйлөрүмдү бөлүшө алам, себеби ал туура болот. Ал адамдар мени түшүнөт», — деп түшүндүрдү Алексей.
Ал ар кандай жол менен аракечтиктен арылууга аракет жасаганын эстеди: камчы менен чапкылаган молдого бардым, далай жолу «бекинип» көрдүм, ар кандай дары-дармек ичтим, бакшыларга да кайрылып көрдүм. Бирок ал спирт ичимдиги менен баңгизат колдонууну АА клубундагы өзүнө окшош эле адамдардын түшүнүүсү жана жардамы менен таштай алган.
Алексей эми 14 жылдан бери героин колдонбой, беш жылдан бери спирт ичимдиктерин ичпей жана «баңги чөптөрүсүз» жашап келе жатат. Ошентсе да ал АА клубуна жигердүү барууну улантып, башка көз каранды адамдарга көйгөйлөрүн жеңүүгө жардам берүүдө.
АА клубунун жолугушуулары кандай өтөт?
Бишкектеги анонимдүү аракечтердин уюму 1996-жылдан тарта иш алып барып келет. Бул убакыт аралыгында АА клубу 800гө чукул адамга аракечтиктен арылууга жардам берүүгө жетишкен. Клубду ачууга Польшадагы ушундай эле көйгөлөрдүн үстүнөн иш алып барган топ жардам берген. Ал Бишкекке өз семинары менен келген.
ААнын чогулуштары чакан бөлмөдө өтөт — ар бир жолугушууга 10-12 адам келет. Столдун үстүнө эки шам, печенье жана момпосуй коюлат.
Катышуучулардын орточо курагы 30 жаштан 45 жашка чейинкилер. Жолугушуулар жумасына эки жолу өтүп, бир жарым саатка чейин созулат — бул убакыт аралыгында катышуучулар баштан кечирген окуялары, өздөрүн кабатыр кылган нерселер жөнүндө ой бөлүшүп, «Спирт ичимдигинен баш тартуунун 12 кадамы» программасын талкуулашат.
Бишкекте баңгизаттардан, тамак-аштан, секстен жана азгырык оюндардан жабыркагандар үчүн дал ушундай принципте эле иштеген клубдар бар.