Сүрөт: Kaktus.Media

«Кактус» басылмасынын журналисттери Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн үйүн табышты. Журналисттердин маалыматына ылайык, ал үй Бишкектин «Жал» кичи районунда жайгашып, аянты 2,5 гектардай жерди түзөт.

«Кактус» Жолдошбаевдин үйү тартылган видеону 7-июнда чыгарды — кадрлардан «О» тамгасынын формасындай чоң үйдү жана жанында бассейн жайгашканын көрүүгө болот. Депутаттын декларациясында бул үй кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн эмес.

«Кактус» басылмасынын журналисттердин айтымында, үйдүн күзөчтүлөрү менен депутаттын жардамчылары кыймылсыз мүлк Жолдошбаевге таандык экенин тастыкташкан. Ал эми үйдүн өзү Бишкектин «Жал» кичи районундагы Бакаев көчөсүндө жайгашкан.

«Клооптун» редакциясы кыймылсыз мүлктүн ээсин текшерип көрдү. Кадастр департаментинин маалыматына ылайык, бул үй депутат Жолдошбаев ээлик кылган «Беш Сары» компаниясына катталган.

Жолдошбаев коомдук тармактарда жигердүү талкууланган өзүнүн байкоосуз ой-пикирлери менен белгилүү.

ЖЭБди жаңыртуу боюнча депутаттык комиссиянын отчётун кароо учурунда Жолдошбаев ишкерлерге акча чыгарып, Кыргызстандын тышкы карызын жаап берүүнү сунуштаган.

Ал эми парламенттин дагы башка жыйындарында депутат Жогорку Кеңештин жыйындарын түз алып берүү учурунда КТРК эл өкүлдөрүн «кызыл беттери» менен тартып жатканына нааразы болгон.

«Эфирден кебетебиз кандай көрүнүп жатканын көрдүңөр беле? Бетибиз кызыл, мурдубуз дагы кызыл. Сиздин кебетеңизди (вице-спикер Мирлан Бакировду) жакшы кылып көрсөтүшөт, ал эми биздикинчи?» — деген ал.

Эл өкүлү 2018-жылы февралда коомдук транспорт менен «Жогорку кеңешке жөө келишкен» эл өкүлдөрү жана алардын жардамчылары үчүн уялып атканын айткан. Анда ал депутаттарга кызматтык машиналарды кайтарып берүү жөнүндө маселени карап көрүүнү сунуштаган эле.

Камчыбек Жолдошбаев. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Жолдошбаев 2018-жылы Бишкектин Ош базарында бир нече жолу чыккан тилсиз жоодон кийин базарды өрттөгөндөрдү таап, өрттөп салууну сунуштаган. «Аларды тезирээк таап, өрттөп салыш керек. Ооба, тамеки чегип атып, өзүн капыстан өрттөп алган деп айтып косо болот. Бул үчүн Ош базарында жабыркагандар гана ыраазы болушат», — деген ал.

Депутаттын компанияларына таандык соода үйлөрү дал ошол Ош базарда жайгашкан.

Жолдошбаев 2017-жылы октябрда Тазабек Икрамов жана Алмаз Жутанов менен кошо парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан чыгарылган.

«Булар фракциянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынган чечимдерине каршы саясат жүргүзгөнү үчүн катардан чыкты. Ар кандай интригаларды уюштуруп, туура эмес маалыматтарды тараткан. Ошондой ыплас нерселер себеп болуп, чыгарып салдык. Биздин фракцияда ынтымак болушу керек, көпчүлүгү фракциянын саясатын колдоого тийиш», — деген ошондо «Өнүгүү-Прогресстин» депутаты Тынчтыкбек Шайназаров.

Жолдошбаев жана анын үй-бүлөсү дагы эмнелерге ээлик кылышат?

2016-жылга карата салык декларациясына ылайык, Жолдошбаев — бери эле дегенде беш ишканынын түзүүчүсү, ал эми анын жакын бир тууганы төрт автоунаадан турган кичи автопаркка ээлик кылат: «Тойота Лексус» LS 430 жана RX300, «БМВ» X5 жана «Субару Форестер».

«Субаруну» эске албаганда бул автомобилдердин бардыгы — кымбат баалуу жол тандабастар. Эң эле жөнөкөй эсеп боюнча, бул автоунаалардын жалпы баасы 42 миң долларды түзөт. Ошол эле кезде бул машиналардын ээлеринин декларацияга кирген кирешеси 2016-жылга карата негизги жумуш ордулары боюнча 171 миң сомду түзгөн — бул 2500 миң АКШ долларынан бир аз азыраак.

Камчыбек Жолдошбаев — «Беш Сары» ЖЧКсынын түзүүчүсү. Бул болсо Ош базарынын аймагындагы эки чоң соода үйү. Ошондой эле, парламентарий кичи насыя берүүчү «Profit Credit Company» жана таш көмүрүн чыгарган «Беш Сары К» компаниясынын түзүүчүсү.

Бул компаниялардын бардыгын депутатын эки кызы, Наргиз жана Гүлиза Жолдошбаевалар, жетектешет.

Жолдошбаев жана анын эки кызы Бишкекте үч батирге ээлик кылат — бул 12-кичи райондогу жана Исанов менен Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү батирлер. Гулиза Жолдошбаева катталган үйдө батирледин баасы кыймылсыз мүлк базарында 70 миң доллардан 280 миң доллардын тегерегинде турат.