Салык кызматы аткаминерлер менен депутаттардын декларацияларын текшерет

Журналисттер депутат Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияга киргизилбеген хан сарайын табышты.

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын текшерет — мекеме алардын декларацияларындагы маалыматтарды Мамлекетти каттоо кызматынын (МКК) жана башка органдардын маалыматтары менен салыштырып текшерет. Эгерде салык кызматы депутат же аткаминердин декларациясында дал келбөөчүлүктөр табылса, анда бул маалыматтар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын текшерүү боюнча кампанияны башталышы 1-июлга пландалганын айтты.

«Биз ар бир мамкызматкердин декларациясын МКК жана башка органдардын маалыматтары менен салыштырып текшеребиз. Эгерде аларда дал келбөөчүлүктөр табылса, биз тийиштүү материалдарды башкы прокуратурага өткөрүп берип турабыз», — деди Сазыков.

Басма сөз катчынын айтымында, депутаттар менен аткаминерлердин декларацияларын текшерүү фамилиялары боюнча жүргүзүлөт. Ал эми үстүбүздөгү жылдын октябрында Салык кызматы өзүнүн сайтына депутаттар менен аткаминерлердин кирешеси жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды чыгарат.

Депутаттардын декларацияларын талкуулоо «Кактус» басылмасы 7-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн үйү жөнүндө материал жарыялангандан кийин башталган.

Жолдошбаевдин хан сарайы «Жал» кичи районунда жайгашып, 2,5 гектар жерди ээлейт.

«Кактус» басылмасынын журналисттеринин айтымында, үйдүн күзөчтүлөрү менен депутаттын жардамчылары кыймылсыз мүлк Жолдошбаевге байланыштуу экенин тастыкташкан.

«Клооптун» редакциясы кыймылсыз мүлктүн ээсин текшерип көргөн. Кадастр департаментинин маалыматына ылайык, бул үй депутат Жолдошбаев ээлик кылган «Беш Сары» компаниясына катталган.

Салык кызматынын өкүлү Анарбай Мойдунов «Вести» басылмасына курган маегинде билдиргендей, мекеме Жолдошбаевдин декларацияга кирбеген үйү жөнүндө маалыматтарды башкы прокуратурага өткөрүп берет.


ТЕМА БОЮНЧА: