Алар эскире баштаган бут кийимди оңдошот, бузулган мешти оңдоп берет. Бул өнөр ээлери ар күнү тыным көрбөй иштеп жаткан болушат. «Клооптун» кабарчысы Сыймык Шамшиев Ош шаарындагы түрдүү кесип ээлеринин өнөрканасын сүрөткө тартып, кадыресе тургундардын окуялары менен таанышып келди.

Оюнчук жасаган чебер

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу/Kloop.kg

Чоң-Алайдын тургуну Аидакан Мамасадыкова кийизден сувенир жана оюнчуктарды жасайт. Бул өнөрдү аркалашына ага балдары себеп болгон экен.

Эки баласына сатып берген оюнчуктардан жагымсыз жыт чыга берип, акыры ойлонуп жүрүп кийизден балдарына жумшак оюнчук жасап көрүүнү чечкен.

«Балдарыма оюнчук жасап көргөндөн кийин чеберчилик мага жага баштады. Учурда бала-бакча, мектептерден буйрутма алып, кийизден оюнчуктарды жасап келем», — дейт Мамасадыкова.

Оюнчуктарын «Нур кийиз» бренди менен чыгарып жаткан 30 жаштагы чебер чет тилин үйрөнүп, туристтерге сувенирлерди сатып иштешүүнү пландап жатат.

«Оюнчуктарды Чоң-Алайда жасалган деген жазуу менен чыгарууну ойлонуп жатам. Келечекте келген туристтер экологиялык жаткан таза ар кандай сувенир, оюнчуктарды өздөрү менен ала кетүүсүн салтка айландырсам», — дейт ал.

Айнек кесүүчү

Жашы 50гө чамалаган Тургунбай Тажибаев айнек кесип эмгектенип келатканына 15 жылдан ашыптыр.

Бул кесипти ал бир тууган агасына шакирт түшүп үйрөнгөн. Ал терезе, эшиктерге ылайыктап түрдүү калыпта айнек кесип берет.

«Айнек кесип жатканда абайлоого аракет кылам. Себеби аны сындырып алчу болсом, өз капчыгымдан төлөөгө туура келет. Мындан сырткары, денеңди да тилдирип алуудан сактанышың керек», — дейт Тажибаев.

Ал үч уулдун атасы: эки уулу Орусияда, кенжеси мектепте окуйт. Анын айтымында, учурда айнек кесип иштөөнүн кирешеси жакшы болбой турат.

«Себеби пластик айнектер чыгып, адамдардын көпчүлүгү ошол тарапка ооп кетти. Ушул жерде иштеп, тиричилик кылганыма шүгүр кылып келе жатам», — деп кошумчалады айнек кесүүчү.

Ал келечекте өзүнүн ишканасына ээ болууну кыялданат. Себеби бул бөлмөнү ал 4 миң сомго ижарага алып иштетет экен.

Электроника оңдогуч

Жантайбек Камаридинов Ош технологиялык университетинде 2-курста окуйт. Болочок энергетик бош убактысын текке кетирбей сүйгөн кесибине кадам таштоону чечкен.

«Бош убактымда бул жерге келип, тааныш агама жардам берем. Элдин бузулган үй-тиричилик техникаларын оңдоп, орточо эсеп менен күнүнө 500 сом таап кетем», — дейт ал.

Жантайбек үй-бүлөдө улуусу, эки карындашы, бир иниси бар. Келечекте электроника оңдоочу устакана ачууну жана ГЭСте иштөөнү кыялданат.

«Кыш мезгилинде суук болгондо чакан устаканабызда бутубузду жууркан менен ороп олтуруп иштейбиз», — деп жылмайды студент Жантайбек.

Темир уста

Икрам Исаков атасы ашпозчу болсо да өзү темир устачылыкка кызыккан үчүн бул өнөргө ыктап кеткен экен. 25 жаштагы уста темир ээритип, кызытып, орок-чалгы, кетмен жасап жүргөнүнө эки жылдай болуп калды.

«Көпчүлүк ата кесибин улантышат, а менде тескерисинче, атам ашпозчу болгонуна карабай, учурда үч уулу тең темир устачылык кылат. Эгер менин да балам ушул кесипти аркалайм десе, мен эч тоскоолдуксуз ага үйрөтмөкмүн», — дейт жаш темирчи.

Ал кыштын суугунда декабрдан тарта 2-3 айга тыныгуу алат. Антпесе кышында темир иши оор болот. Ишканасы шаардын борбордук бөлүгүндөгү буюм базарында жайгашкан.

«Ал эми июль айындагы жай саратанда бир айдай эс алуу кылабыз. Сыртта да, ичкериде да ысык болсо, ден соолукка зыян тийип, кыйналып калабыз», — дейт Исаков.

Сүрөтчү студент

Айтурган Самикулова Ош мамлекеттик университетинде көркөм сүрөт тартуу адистиги боюнча окуйт. Анын дубал жана кагаз бетине сүрөт тартып жүргөнүнө он жыл болду.

«Бул өнөрдү аркалап калышыма ата-энем колдоо көрсөтүп, Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан жеке ишканабыздын эки бөлмөсүн бөлүп беришкен. Сүрөтчүлөр кааласа талаага чыгып же болбосо жабдыктары батчу жерде деле чыгармачылыгын жасай берет», — деп эсептейт ал.

Айтурган өзү окуган факультетте сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп, 40 эмгегин элге көрсөткөн. 14 жашынан сүрөтчүлүккө кадам таштаган Айтургандын алдыга койгон максаттары көп.

«Ош шаарында жалгыз Гапар Айтиев атындагы искусство мектеби бар. Менин эң чоң максатым — магистратураны аяктагандан кийин калаабызга сүрөт мектебин ачып, ал жерде таланттуу балдарга сабак берүү», — дейт Самикулова.

Жаш сүрөтчү буюртмага сүрөт тартып, киреше табат. Ал эми өз эмгектерин сатпайт. Кардарлар өтө суранып калса, анда көчүрмөсүн гана берүүгө макул экенин кошумчалады Айтурган.

Өтүкчү

Ош шаарынын тургуну Зиядин Балтабаев 36 жашта. Ал атасына жардамдашып жүрүп, 13 жашынан тарта бут кийим оңдой баштаган. Учурда өтүкчү жайма базардагы өзүнө таандык чакан күркөдө эмгектенет.

«Кымбат айтып кардарларды качырбаш керек. Аларга ыңгайлуу бааны сунуштабасаң кайра кайтып келбей коюшат. Мисалы, башкалар бут кийимди 100 сомго тиксе, мен 60-70 сомго эле бүтүрүп берем», — дейт Балтабаев.

Өтүкчү келинчеги менен төрт баланы тарбиялап жатышат. Максаты — ата кесибин улай өз уулдарына да өнөрүн өткөрүп берүү.

«Баланы жашынан үйрөтүп, көндүрүү туура экен. Себеби бала чоңойгондо “дерзкий” болуп, өзү каалаган өнөрүн тандап кетет», — деп жылмайды өтүкчү.

Эстелик жасаган уста

Данияр Кудайберди уулу алты жылдан бери эстелик жасап иштейт. Бул өнөрдү бир тууган агаларынан үйрөнгөн.

«Ош технологиялык университетинин архитектура бөлүмүн аяктагам. Үч-төрт жылдан кийин өз кесибим боюнча иштейин деген ниетим бар. Кызыгуум болгону үчүн таштап кете албай жүрөм», — дейт уста.

Эстеликке керектелчү материалдарды Орусиядан жана Кытайдан алдырышат. Ошондой эле Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынан табигый таштарды алып келишет.

«Эстелик жасоодо белге күч келет, себеби таштардын салмагы оор. Таштын бетин жылмакай кылып жатканда көздү сактап, мурунга чаң кирбеши үчүн беткап тагуу туура», — дейт Данияр.

Анын устаканасы Ош шаарынын чыгыш дарбазасынан кире бериште. Ай сайын сегиз миң сомдон төлөп, ижарага алып иштетет.

Улуттук кийимдерди тиккен ууз

Жылдыз Токсобаева 41 жашта, учурда Ош шаарынын Райымбеков көчөсүндөгү ижарага алган чакан өнөрканасында улуттук кийимдерди тигип иштейт.

Ал жогорку билимин Ош технологиялык университетинин инженер-энергетика багытында алып, окууну бүткөн соң ошол эле университеттин энергетика факультетинде мугалим болуп иштеген.

«Он жыл сабак берип жүрдүм. Кийин өз алдымча иштегим келип, жоолукчан кыздарга кийим сатуучу дүкөн ачтым. Түркиядан товар алып келип сатчумун. Бирок акыркы жылдары доллар көтөрүлүп, мага жакшы пайда түшпөй калды. Ошондо ал ишти токтоттум да өзүм тигип сатайын деген ойдо тигүүчүлүктү үйрөндүм», — дейт ал.

Эми гана өзү сүйгөн кесипти аркалай баштаганын айткан Токсобаева эки кыз, бир уулду тарбиялап жатат. Учурда 18 жаштагы уулу сайма сайып, апасына жардамдашып жүргөн экен.

«Ушул ишимдин артынан үй алдым, Кудайга шүгүр. Бир бөлмө ишканамын ижара акысына 7 миң сом төлөйм. Максатым чоң тигүү цехин ачып, жаштарга үйрөтүү», — дейт ал.

Зергер

Надыр Момбаев 41де, жогорку билимдүү зергер. Бул өнөрдү аркалап келатканына 20 жылга чукулдады. Зергерлик боюнча билимин ал Ташкен мамлекеттик университетинде алган.

«2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен барып калдым. Ал жактан “Кылым зергери” наамын алып, толкунданып кайттым. Анткени, мындай наам коңшу өлкөлөрдө да болгон эмес экен: анын Кыргызстандагы эң алгачкы ээси — мен. Нобель сыйлыгын алгандай эле болдум», — деп эскерди ал толкундануу менен.

Анын айтымында, «Кылым зергери» наамын алганы — анын эмгегинин жыйынтыгы. Ал эми ийгиликке ал ата-энесинин колдоосу менен жеткенин айтат.

Зергердин иш бөлмөсү шаардын Шейит-Дөбө аймагында. Чакан болсо да өзүнүн устаканасында ал кароосуз калган балдарга өнөрүн үйрөтүүнү каалайт.

«Иш бөлмөм кичине гана болсо да, жетишкендиктерим, кылган ишим чоң болуп жатканына сүйүнөм. Келечекте балдар үйүнөн кызыгуусу күч 10 баланы алып келсем, аларга өнөрүмдү акысыз үйрөтсөм дейм. Мындай жол менен балдар үйүнүн жоюлушуна салымымды кошкум келет. Алар менен бир тууган болмокмун. Себеби, бир тууган болуу үчүн бир энеден төрөлүү зарыл эмес», — дейт ал.

Cүрөттөрдүн автору: Сыймык Шамшиев