Мураталы Тагаев Жалал-Абаддын мэрлигине шайланды

Жалал-Абад шаарынын депутаттары 11-июнь күнү мэрди шайлашты. «Ата Журт» партиясынан эки депутат бул кызматка өз талапкерлигин коюп, көпчүлүк добуш менен 40 жаштагы Мураталы Тагаев шаар башчылыгына келди.

Жалал-Абад шаардык кеңеши мэрди шайлады. Жалпы 31 депутаттын 30у калаа башчысын шайлоого катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев «Клоопко» маалымдагандай, калаа башчылыгына «Ата Журт» партиясынан эки талапкер ат салышкан. Шайыр Ташиевди өз партиясы сунуштаса, Мураталы Тагаевди шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн.

«Шаар башчысын шайлоого 30 депутат катышты. Анын 11и Шайыр Ташиевге добуш берсе, көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган "Ата-Журттун" дагы бир мүчөсү Мураталы Тагаевге 18 депутат өз добушун берди», — деп билдирди Жүндүбаев.

Мураталы Тагаев 2017-жылдын ноябрынан тарта Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы кызматын ээлеген. Буга чейин ал шаардык кеңештин депутаты, облустук администрациясынын каржы бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.

Жалал-Абаддын мурдагы мэри Салайдин Авазов 2018-жылдын 25-майында кызматтан расмий түрдө кеткен. Ага чейин 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Авазовду Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария иши боюнча шектүү катары кармап, тергөө изоляторуна камакка алган.

Авазов 2012-2014-жылдары Бишкек ЖЭБин башкарган «Электр станциялар» ишканасынын директору болгон. Ал Бишкек ЖЭБин жаңыртууга Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлүп жатканда компанияны жетектеп турган.

Былтыр фракциялардын пикир келишпестигинен улам Жалал-Абаддын мэрин тандоо дээрлик бир жылга чейин созулуп, акыры Авазов шаар башчысы болуп 23-ноябрда шайланган. Депутаттардын 30 добушу менен кызмтка келген Авазов жарым жылдай мэр болуп иштеген.


ТЕМА БОЮНЧА: