Башкы прокуратура: Чолпон-Атадагы ат майданды курууда 200 млн сом зыян келтирилген

Чолпон-Ата ат майданы

Башкы прокуратура Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушунун баасы кымбаттатылганын айынан кылмыш ишин козгоду. Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 200 млн сомду түзгөн.

Каражат максатсыз пайдаланылгандыктан жана курулуш иштеринин баасы кымбаттатылгандыгынын айынан мамлекетке 202 млн сомдон ашуун зыян келтирилгенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Чолпон-Атадагы ат майдан долбоорлоо-сметалык документациясы жок эле курулуп, анын айынан чыгымдар 1 млрд сомдон ашып кеткенин билдирген. Жалпысынан курулуш иштерине 1,5 млрд сом бөлүнгөн.

Негизинен, атайын кызматтын алдын ала маалыматына ылайык, айрым иштердин наркы 10 млн сомго кымбаттатылган, ал эми жалданмачы 144 млн сомдун финасылык отчету боюнча документтерди тапшырган эмес. Андан тышкары, жалданмачы, кошумча 9,7 млн сомду коротуп салган.

Ат майдандын курулушунун башкы жалданмачысы «Азат» ДСК тобуна кирген «СМУ-3» компаниясы эсептелет.

Ушул эле компания Мамлекеттик музейди реконструкциялоо иштерин аткарган. «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары музейдеги жумуштун наркы да кымбаттатылган деп эсептейт, ал эми Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүүнү убада кылган.

Андан сырткары, бул компания Ала-Тоо аянтында «Манастын» эстелигин орноткон, ал эми 2017-жылы 46,5 млн сомго УКМКнын кызматкерлери үчүн үйдүн курулушуна тендерди утуп алган. «СМУ-3» курулушка катышуу үчүн билдирме тапшырган жалгыз компания болгон. Мурдарак ушул эле компания УКМК үчүн 90,2 млн сомго үйдүн курулушуна жарыяланган конкурсту утуп алган.

2016-жылы «СМУ-3» мамбюджеттен ири каражат алгандардын катарына кирген — анын эсебине мамлекеттен 1,42 млрд сом түшкөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну

Бийлик 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну үчүн инфраструктураны реконструкциялоо үчүн жана Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушуна 1,5 млрд сом бөлгөн.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги ат майдан эл аралык талаптарга жооп берет деп билдирген.

Биринчи дүйнөлүк көчмөдөр оюну 2014-жылы жылы өтүп, тарыхта эң эле бюджеттүү болуп кала берүүдө — аларга 200 млн сомдон бир аз ашык каражат коротулган. Бирок ошол эле жылы декабрда Башкы прокуратура уюштуруучулар Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-тузөөдө 11 млн сомго чукул акчаны коромжу кылышканын билдирген. Анда ат майданда оңдоо иштерин «Темир Канат» компаниясы жүргүзгөн.

2017-жылы ноябрда Бишкек шаардык соту «Темир Канат» компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаевди мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга соттогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ат майдандын трибунасы үчүн отургучтар «аткезчилик жол менен киргизилип, анын натыйжасында бажы төлөмдөрү төлөнбөй калган».

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну — бул көчмөн элдердин этникалык оюн түрлөрү боюнча эл аралык спорттук таймаштар, ал эки жылда бир Кыргызстанда өткөрүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: