Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында союз убагынан бери калган 30дан ашуун уран калдыктары көмүлгөн жай бар. Бирок бул жергиликтөөрдүн жалгыз эле көйгөйү эмес: алар өздөрү «уран кошулган» кир сууну ичүүгө аргасыз болуп жатабыз деп ойлошот.

38 жаштагы Зуура Эргешова Майлуу-Сууда жашап атканына алты жылдан ашты. Анын жолдошу жумушунан Майлуу-Сууга которулганына байланыштуу Ноокенден үй-бүлөсү менен кетүүгө аргасыз болгон. Эргешованын айтымында, бул аралыкта үч жолу боюна бүтүп, бирок түйүлдүктүн баары тең эки айга жетип-жетпей өөрчүбөй калгандыктан ал боюнан түшүрүүгө мажбур болгон.

Зуура Эргешова

«Мындан эки жыл мурда боюмда бүтүп, 2 айлык болгондо бейтапканага барып, бала өспөй калганын билдим. Дарыгерлер баланы тез арада алдырыш керектигин айтышты», — деп айтып берди Зуура эже.

Үй кожойкеси боюндагы түйүлдүктөр жакшы өөрчүбөй калганын шаардагы суу жана аба менен байланыштырууда. Ал шаардагы миңдеген адамдар сыяктуу күнүгө кир суу ичкенге мажбур.

«Бул жакка келгенге чейин жакшы эле төрөгөм. Майлуу-Сууда жашоо өтө эле кыйын болуп калды. Суу таза эмес, түсү капкара. Ушу суунун айынан да эл көп ооруп жатат», — деп кайгырды ал.

Ал төрт баласынын ден соолугу үчүн коркуп жатканын жана мүмкүнчүлүк пайда болоору менен анын үй-бүлөсү Майлуу-Суудан көчүп кетээрин кошумчалады. Бирок азырынча алардын эки бөлмөлүү батирине кардар табыла элек. Эргешова шаарда турак-жай абдан арзан экенин айтууда. Себеби, уран калдыктары көмүлгөн жайлардын жакындыгынын айынан аны эч ким сатып алгысы келбейт.

Таш-Көмүрдүк 26 жаштагы Элнура Калбаева Майлуу-Суу шаарына билим алуу үчүн келип, коллеждин финансы факультетин бүткөндөн кийин жергиликтүү балага турмушка чыгып, калып калган. Анын жолдошу лампа заводдо иштейт жана айына 7 миң сомго чукул айлык алат. Ал өзү кичинекей кызы менен үйдө отурууга мажбур.

«Бул жакка келгенимде чачым түшүп, ооруп бир жылдай абдан кыйналдым. Бейтапканага барсак силерге бул жактын абасы жана суусу жакпай жатса керек дешти. Мага кыжаалат болбоону айтышып, бара-бара көнүп кетесиң деп коюшту. Азыр деле чачым түшөт, бирок мурдагыдай эмес. Бирок мени өз балдарымдын ден соолугу кабатыр кылат», — дейт ал.

Элнуранын балдары бейтапканада каттоодо турушат. Ал таза суу кышкысын жаан-чачын жана сел жок кездерде гана эки ай чыгаарын айтат. Калган убактарда шаардыктар кум аралаш кир суу ичкенге аргасыз.

Татьяна Семкина

Шаардын 70 жаштагы дагы бир тургуну Татьяна Семкина Майлуу-Суунун суу түтүктөрүнүн эбак эле эскилиги жеткенин жана аларды алмаштыруу керектигин айтат.

«Биздин чоргодон аккан суу менен дарыядагы суунун түсү дээрлик окшош. Жаан жааган кезде аны ичүү таптакыр мүмкүн эмес, аны бир далай убакыт кармап, бир нече жолу кайнатууга туура келет. Кошуналардын суу тазалаган чыпкасы бар, бирок ага бир аптада эле кум толуп, аны маал-маалы менен тазалап турууга аргасыз болушат», — дейт ал.

Майлуу-Суу дарыясы. Сүрөт: Салик Исаков/Kloop.kg

«Тондо кармалган уран»

Улуттук илимдер академиясына караштуу Тоо физиологиясы жана медицина институтунун медициналык проблемалар бөлүмүнүн башчысы Рахманбек Тойчиев 2006-2008-жылдары төрөгөн 150 аялдын тонундагы уранды изилдеген. Жыйынтыгында ар бир тондо урандын саны 3 миллиграмга жеткенин аныктаган. Ал баланын тонунда уран таптакыр болбошу керек дейт.

«Бул аябай жогорку көрсөткүч. Тонго уран көбүнчө боюнда бар аял пайдаланган суу аркылуу түшөт. Тондун коргогуч функциясы бар, ошондуктан ал кандайдыр бир тосмо болуп калган жана уран дал ошого чогулуп калган. Мал ичет бул сууну, эгинди суугарышат. Кийин кайра ошолордун продукциясын пайдаланышат», — деди Тойчиев.

Тойчиев Ош шаарына салыштырмалуу Майлуу-Сууда боюнан түшүү 2,5 жана өлүк төрөлүү 1,5 эсе жогору болгонун айтат.

Рахманбек Тойчиев

«Уран калдыктары сакталган жайлардын 60-70% дарыяга жакын жайгашышкан. Ал эми Майлуу-Сууда акыркы 60 жыл аралыгында 250гө чукул жер көчкү жана сел жүргөн. Бул убакыттарда Майлуу-Суу дарыясы уран менен кескин булганган. Бул суунун бир литринде 15 милиграмм уран кармалышы ыктымал», — деди ал.

Анын айтымында, 22 миң калкы бар Майлуу-Сууда, 800гө жакын тубаса майып төрөлгөндөр дарыгерлердин каттоосунда турат. Дени сак балдар төрөлүшү үчүн Тойчиев уран калдыктарын эл жашаган жерден алыс болгон коопсуз жайларга жана дарыядан алыс жерлерге көчүрүү керектигин белгилейт.

«Анын себеби уранда эмес»

Майлуу-Суу шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Тынарбек Догбаев Майлуу-Сууда Ошко салыштырмалуу бойдон түшүп калуу көбүрөөк катталаарын айтат — бирок 0,2-0,3 пайызга гана. Ал аны себеби уран калдыктары жакын жайгашканында эмес деп эсептейт.

«Негизи көпчүлүк аялдарда бойдон түшүп калуу врачтын каттоосуна турбагандыктан, жумушсуздуктун айынан, начар тамактануудан улам, климатка байланыштуу жана жугуштуу оорулардын айынан болот. 2016-жылы 119 бала, ал эми 2017-жылы 106 бала тубаса патология менен төрөлгөн. Бул көрсөткүчтөр азайып келе жатат дегенди айгинелеп турат», — деди ал башка жылдарга карата статистиканы келтирбестен.

Анын айтымында, Майлуу-Суудагы чорголордон аккан суу ичүүгө жарактуу жана анда уран жок.

«Шаардын чет жакасындагы Көк-Таш айлында суу түтүгү жок, тургундар алынып келинген сууну ичишет. Бирок ал дайыма эле бардыгына жете бербейт, ошондуктан жашоочулар дайра суусун колдонушат», — деп түшүндүрдү Догбаев.

Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жайдагы радиациялык коркунучтун белгиси. Сүрөт: Салик Исаков/Kloop.kg

Суу 50 жылдык түтүктөр аркылуу келет

Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов лабораториялык изилдөөгө ылайык, аймактагы жер астындагы суулар ичүүгө жараксыз деп табылганын билдирди. Ичүүгө жарактуу суунун жалгыз булагы — Майлуу-Суу дарыясындагы суу топтомо.

Нурадил Маматов

«Суу топтомо уран калдыктары көмүлгөн жайдан 10 км алыстыкта жайгашкан. Тургундарга суу түтүктөр аркылуу барат. Маалыматтарга караганда, бул суу таза жана ичүүгө жарактуу», — деп маалымдады мэр.

Ал шаардыктардын түтүктөрдү алмаштыруу заарылчылыгы бар деген пикирине макул. Анткени суу түтүктөрү мындан жарым кылым мурун, 1968-жылы, орнотулган.

Аталган көйгөйдү чечүү үчүн мэрия 2015-жылы Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкына кайрылган. Эки жылдан кийин банк Майлуу-Суудагы суу топтомундагы фильтрди жаңылоо үчүн жана Көк-Таш айылына таза суу жеткирүү үчүн 7 млн евро каражат бөлүп берген.

«Каражаттын 4 млн 250 миң евросу грант катары берилди. Ал эми калган сумма насыя түрүндө которулган, аны 5 жылдан кийин төлөп баштайбыз. Аны 20 жыл аралыгында төгүп бүтүшүбүз керек. Долбоордун алкагында ар бир үйгө суу эсептегичи орнотулуп, кредитти төлөө үчүн суу тарифин бери эле дегенде 30 пайызга көтөрүү пландалууда», — деди ал.

Октябрь айларында Майлуу-Суу мэриясы суу топтомону оңдоо жана Көк-Таш айылына 15 километрдик суу түтүгүн орнотуу үчүн тендер жарыялайт.

Авторлошу: Элвира Акимова