ЖАМК: Камактагылар ачкачылыкты токтотуп, талаптарынан баш тартышты

Молдовановка айлындагы №27 түзөтүү абагы. Сүрөт: Akipress.

Чүй облусунун Молдовановка айлындагы №27 түзөтүү абагында эркинен ажыратылгандар түрмөдө эркин басып жүрүүнү, текшерүүлөрдү азайтууну жана уюлдук телефонго уруксат берүүнү талап кылышкан. Бирок алар бул талаптардан баш тартып, ачкачылык кармоону токтотушту.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдиргендей, камактагылар «тарбиялык иштерден кийин» бардык талаптарынан баш тартышкан.

«Жалпы 54 адам ачкачылык кармап аткан. 11-июнда алты адам тамак иче баштаган. Ошол түнү башкалары да ачкачылык кармоодон баш тартышты. Азыр эркинен ажыратылгандардын бардыгы тамак иче баштады», — деп кабарлады ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Мурдараак ЖАМК камактагылардын талаптарын мыйзамсыз деп атап, ачкачылык жарыялагандар «орозо кармап» жатышат жана белгиленген убакытта эле тамактанышууда деп билдирген.

Мамлекеттик кызматттын маалыматы боюнча, эркинен ажыратылгандар өздөрүнө «анча-мынча эле» жаракат келтирген жана бул алардын ден соолугуна таасир эткен эмес.

Экстремизм үчүн соттолгондор 5-июндан тарта тамак-аштан баш тартышкан. Алардын ичинен 10 адам ооздорун тигип алып, дагы 11 адам колдорун тилген.

Соттолгондор өзүнчө камералардан которууну, абактын аймагында ээн-эркин басып жүрүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан — экстремизм үчүн соттолгондор бул мүмкүнчүлүктөн ажыратылган.

Андан тышкары, алар уюлдук телефонго уруксат берүүнү жана абактын кызматкерлеринин текшерүүлөрүн азайтууну да талап кылышкан.

Бул №27 түзөтүү абагындагы биринчи эле жолку каршылык акциясы эмес. 2017-жылы январда экстремизм үчүн соттолгон 20га чукул адам да ачкачылык жарыялаган.

Анда соттолгондор башка беренелер боюнча соттолгондордон өзүнчө кармоо керектиги көрсөтүлгөн жаңы мыйзамга каршы чыгышкан.