Албек Ибраимов УКМКга суракка чакырылды

Бишкек мэри Албек Ибраимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэри Албек Ибраимовду суракка чакырды. Ибраимов 2012-жылы өзү жетектеген ТНК «Дастан» ишканасындагы ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү коротуу иши боюнча чакырылган.

УКМКнын басма сөз кызматы Ибраимов суракка күбө катары чакырылганын «Клооптун» кабарчысына маалымдады.

Ал УКМК май айында 2012-жылы «Дастан» ишканасына буюмдарды жеткирүү боюнча түзүлгөн келишимдин айынан козгогон кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Ибраимов 2012-жылы бул ишкананы жетектеп турган.

УКМКнын маалыматы боюнча, «ТНК Дастан» ишканасы 2012-жылы «Дастан инжиниринг» компаниясы менен 553 миң долларга келишим түзгөн. «Дастан инжиниринг» өз кезегинде ошол эле товарды жеткизүү боюнча Украинанын мамлекеттик компаниясы менен макулдашып, бирок жеткирүүнү кошуп 63 миң долларга келишим түзгөн. Ошол эле учурда «Дастан инжиниринг» 30 пайызга «ТНК Дастан» ишканасына таандык.

УКМК келишимдин айынан тийген зыянды 470 миң долларга баалаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, келишимге ошондо Ибраимов жана «Дастан Инжинирингдин» башкы директору Асылкүл Сасыбаева кол койгон.

Кылмыш иши «Өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде козголгон.

Ал эми Бишкек мэри өзү «Апрель» телеканалына курган маегинде «бул иш саясат менен жана жеке өзү менен байланыштуу деп айта албасын» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: