Өкмөт «Коопсуз шаарды» күзүндө ишке берет

Иллюстративдик сүрөт

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте Бишкектин жолдорунда камералар эреже бузууларды 2018-жылы күз айларынан тарта каттай баштаарын билдирди. Бишкекте жана Чүй облусунда эреже бузууларды каттоо системаларын орнотуу 12 млн долларга бааланууда.

Боронов 13-июнда парламенттин алдында Кыргызстандын облустары менен шаарларында эреже бузууларды каттаган байкоо камераларынын жардамы менен коопсуздукту жогорулатмакчы «Коопсуз шаар» долбоорунун деталдары тууралуу өтчёт берген.

Бороновдун айтымында, Бишкекте төрт камера сыноо тартибинде иштеп жатат, бирок системанын өзү азырынча толугу менен иштей элек — айдоочуларга азырынча штрафтар жөнүндө каттар жөнөтүлгөн жок. Вице-премьер апрелдин башынан тарта бул камералар 118 миң жол кыймыл эреже бузууларын каттаганын айтат.

«18-июнга чейин биз документацияны бүтүрүп, бир айдын ичинде конкурс жарыялайбыз. Камераларды орнотуп, инфраструктура ишин жеке өнөктөш аткарат — ага биз штрафтын эсебинен төлөп беребиз», — деди Боронов.

Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абаддын жолдорунда камералар 2019-2020-жылдары орнотула башталат.

Долбоордун биринчи баскычында эреже бузуунун алты түрү аныкталынат: токтоо-сызыгынан өтүп кетүү, ылдамдыкты жогорулатуу, жолчырактын кызыл белгисинен өтүп кетүү, жолдун каршылаш тилкесине чыгуу жана машианын туура эмес токтотуу.

Бороновдун айтымында, кийинчерээк камералар эреже бузуунун 14 түрүн аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Болжолдуу эсептер боюнча, «Коопсуз шаарды» Бишкек жана Чүй облусунда ишке берүү үчүн 12 млн доллар кетет, ал эми камераларды 5 жыл аралыгында тейлөөгө 8,5 млн доллар керектелет.

Бийлик Бишкектин жолдоруна камераларды 2011-жылдан бери орнотууну убада кылып келет. Камералар «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында коюлушу керек болчу. Ошондон бери кыргыз бийлиги камераларды орнотуу ишин колго алууну каалаган бир нече комания менен кызматташкан.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат.

Өкмөт 2018-жылы Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн — долбоор 60 млн долларга бааланган. Бишкектин жолдорунда камералар 2018-жылы январда пайда болушу керектелген, бирок аны ишке киргизүү бир нече жолу жылдырлган.

Кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтү «Хуавэй» менен келишимди үзүп, «Коопсуз шаарды» өз күчү менен ишке берээрин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: