Май айынын аягында Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аны эркек бала мажбурлап ала качып кеткен. Бирок алар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал кызды бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган. Окуя кандай болгондугу тууралуу Бурулайдын үй-бүлөсү жана кошуналары менен «Клооптун» журналисти сүйлөшүп келди.

Бурулайды тааныгандарды бардыгы ал абдан акылдуу жана тынчтыкты сүйгөн кыз деп айтып беришти. Ал үйдүн кенжеси болгондуктан ата-энесинин жана Кожоналиевдердин үй-бүлөсүндөгү беш баланын сүйүүсү менен мээримине бөлөнгөн назик кыз болгон.

Кыз кайтыш болгондон бери сегиз күн өтсө да адамдар Кожоналиевдердин үй-бүлөсүнө көңүл айтууга келип жатышат. Көңүл айтып келгендер үчүн жайылган дасторкондо Бурулайдын сүрөттөрү коюлган. Сүрөттөн бир ай мурда сүйлөшкөн жигити Бурулайга сөйкө салганы келгендеги элесин жана үлпөт тойдун күнү белгиленгенин көрүүгө болот.

Ала качууга кабылган кыз 19 жашында эле, жаш туруп, өз алдынча үй-бүлө курууга шашылган эмес. Бурулай сүйлөшкөн жигити турса да, бардыгына карабай дарыгер болууну кыялданы, убактысынын бардыгын окууга арнаган. Бурулайды ала качуудан коргоп калуу үчүн кудалашуу аргасыз чара болгон — өлүмүнө чейин аны биринчи жолу ала качышканда аны куткарып калуу мүмкүн болгон. Ошол эле бала аны экинчи ирет турмуш курууга мажбурлап ала качкан аракети Бурулайга ажал алып келди.

Ал күнү тартылган сүрөттө кыз бактылуу көрүнөт. Бурулайдын ак жоолукчан түшкөн сүрөтүндө анын кубанычтуу жылмайып турганын байкоого болот. Эми алардын үй-бүлөсү менен чогуу отурчу дасторкондо аны эске салган сүрөттөр гана турат.

Үйүнүн алдынан ала качышкан

Бурулайдын үйүнүн дарбазасы калаанын маршруттук таксилеринин биринин акыркы аялдамасына жакын орун алган. Кызды ала качкан Марсбек ошол аймактагы каттамда айдоочу болуп иштечү. Анын Бурулайды окууга же башка иштери менен үйдөн чыккан маалда байкап жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

27-май күнү кечки ондор чамасында ата-энеси Бурулайды үйдүн жанындагы дүкөндөн айран алып кел деп жөнөтүшөт. Ошол маалда дүкөндүн астындагы машинада аны буга чейин бир жолу ала качкан жигит отурган болот. Сатуучу аял Гүлбарчын Байгашкаеванын айтымында, Марсбек Бурулайга дээрлик дүкөндүн кире бериш жагынан эле кол сала баштаган.

«Айран алып чыккан эшикке. Мен бул жерди карап калыпмын. Ачуу, аябай катуу чаңырык чыкты. Башкача чаңырык болчу. Чыксак эле кызды көтөрүп машинага жетип калышыптыр. [Ала качкан баланын] өзүнүн жүзүн көрөйүн деген аракетимден майнап чыккан жок, анткени Бурулайдын башына оролгон сүлгү экөөнүн тең бетине жабылып калыптыр», — деп эстеди ал.

Окуяга күбө болгон Бурулайдын кошунасы Михаил Василенко Марсбекти токтотууга да аракет кылган. Ал кыйкырык чыгып аткан машинага чуркап барган. Михаил эшикти тарткылап ача албаган соң машинаны тепкилей баштаган.

«Эшикти тарткылап, ача албай койдум. Мунун баары тездик менен болуп кетти, ошондо мен аларды чагым кылыш үчүн тизем менен машинаны тепкилейин деп чечтим. Алар машинадан чыгышса, сүйлөшөбүз го деп ойлогом. Унааны тептим, ал эч бир реакция кылган жок. Ошол жерден дароо газды басып, ордунан жылып кетишти. Мен жетишпей калдым», — деп айтат ал.

Ал арада дүкөндүн сатуучусу Бурулайдын ата-энесин чакырууга үлгүрүп, кыздын атасы кошунасы Михаил менен бирге ала качкандарды кууп жөнөп, бирок аларга жетпей калышкан.

Бурулайдын атасы Жайыл РИИБдин имаратынын алдында.

Милиция бөлүмүндөгү өлүм

Бурулайдын үй-бүлөсү дароо кызынын уурдалганы жөнүндө милицияга кабарлайт. Эки сааттан кийин милиционерлер кызды ала качкандарды Бишкек-Ош жолунда кармашат. Тартип сакчылары Бурулайды жана ала качкан жигитти Жайыл РИИБине жеткирип бара жатышканын кыздын ата-энесине телефондон кабарлашат.

«Алар кызым Кара-Балтада экенин, бизди ал жерге келип Бурулайды алып кетсеңер болот деп айтышты. Кабатырланып аткан жаныбыз жай ала түштү. Андан соң мен кызым менен телефондон сүйлөштүм. Ал бардыгы жакшы экенин жана күтүп жатканын айтты», — деди кыздын апасы Гүлсара Кожоналиева.

Бурулайдын үйүнөн Кара-Балтага чейинки жол жарым саат убакытты алат. Кыздын ата-энеси менен алар кайрылган жергиликтүү милиция кызматкерлери токтоосуз Кара-Балтага чыгып кетишет.

«Биз Сокулуктан өтүп, Беловодск айылына жакындап калганда кызым дагы бир жолу чалып, "Апа, келе жатасыңарбы? Мен күтүп атам силерди" деп сурады. Мен "ооба, бара жатабыз, бир аздан кийин келип калабыз" дедим. Ошондон кийин телефон өчүп калды, бул биздин акыркы сүйлөшүүбүз болду», — деп эстейт Гүлсара.

Кыздын атасы Турдалы Кожоналиев Бурулайды ошол сүйлөшүүдөн кийин эле дароо өлтүрүп салышкан деп эсептейт. Анын айтымында, Марсбек кыздын денесин тилип, «Б+Н» («Н» — Бурулайдын болочок күйөөсүнүн ысымынын баш тамгасы) деп жазып, өзүн бир нече жолу бычак менен ичке сайган.

Азыр Марсбек №1 тергөө изолятордо, ал тергөө изоляторуна 12-июнда Кара-Балтанын ооруканасынан чыгыралгандан кийин киргизилген. Ооруканада ал күнү-түнү конвойдун кайтаруусунда болгон. Милиционерлер ооруканада ага бир гана дарыгерлерди киргизишчү. Врачтардын биринин айтымында, милиционерлер бейтапты ууландырып кетишет деген коркунуч менен тамак-аш киргизүүгө да уруксат беришчү эмес.

Бурулайдын апасы кызы жөнүндө эскерип көз жашын төгүүдө.

Үч саат ичиндеги туңгуюк

Бурулайдын ата-энеси Кара-Балтага түн жарымда келишкен — бул кызы менен акыркы сүйлөшүүдөн кийинки бир саатка жетпеген убакыт.

«Алар [милиционерлер] бизди бөлүмгө киргизбей, кызыңар түшүнүк кат жана башка документтерди жазып атат деп айтышты. Ал учурда көрсө эбак эле өлүп калган экен да. Алар кармалгандарды [кызым менен ала качкан баланы] бир бөлмөгө отургузуп коюп, өздөрү чай ичип же тамактанганы кетишсе керек да», — деп айтып берди Бурулайдын атасы.

Турдалы милиционерлер менен таңга маал саат үчтө гана сүйлөшө алган. Анын эстешинче, бөлүмдүн жетекчиси аны иш бөлмөсүнө чакырып, окуянын чоо-жайын түшүндүрбөй эле кызыңарды өлтүрүп салышты деп кабарлаган.

«Бул 100 пайыз милициянын күнөөсү. Кантип алар кызымды бөлүмдүн ичинде өлтүртүүгө жол беришти? Булар «кыргыздар ушинтип эле [кыз] алып качып, анан элдешип алат» деп ойлошуп, кичине тыйынын алып, экөөнү бир бөлмөгө киргизип коюшту да», — дейт маркум Бурулайдын атасы ишенимдүү.

Ал ошондон кийин укук коргоочулар кызынын өлүмүнө кантип жол берип коюшканын билүү үчүн Жайыл РИИБдин кызматкерлери менен жолугушууга аракет кылган. Бирок алардын эч кимиси менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес. «Азыр жетекчилик жок. Бардыгы Бишкекте», — деп ага айтышкан.

Бурулайдын өлүмүнөн кийин 10 күн өтүп ИИМ бул бөлүмдөгү беш милиционерди кызматтан айдаган, бирок бул кыздын ата-энесинин көксөөсүн сууткан эмес.

«Бул жетишсиз. Жөн гана бошотуп коюу — бул жаза эмес. Аларды түрмөгө отургузуу керек. Алар ушунчалык мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө жол беришти. Ал жөн гана бычак сайып тим болбой, денесине тамгаларды тилип жазган», — деди кыздын атасы милициянын жабык дарбазасынын алдында туруп.

Марсбек Бурулайды эки жолу ала качкан. Биринчи ала качуудан кийин ал эгерде турумушка чыкпаса, кызды өлтүрүп салаарын айткан. Эки күндөн кийин Бурулай сүйлөшкөн жигити экөө үйлөнүү тойдун убакыт-саатын белгилешкен. Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы.

Биринчи ала качуу

Марсбек Бурулайды биринчи жолу бир ай мурда ала качууга аракет кылган. Ошондон кийин кыздын ата-энесине дароо Марсбектин туугандары чалып, анын кызга үйлөнүү максаты бар экенин айтышкан.

«Биз кызды кайтарып бергиле, эгерде ал каршы болбосо биз менен сүйлөштүргүлө дегенбиз. Анын чечимин колдойбуз, эгер макул болсо тойго чогуу даярданабыз деп айттык. Жолугушкан кезде кызымдан бул балага турмушка чыккың келеби же жокпу деп сураганымда, ал баш тартып койду», — деп айтып берди Турдалы.

Кызынын мындай жообун уккандан кийин атасы ала качкандар тарапка кыздын эркине каршы бара албасын жана жактырбаган адамына турмушка бербесин айткан.

«Ошондо ал [ала качкан бала] мени карап "Эгерде Бурулай мага турумушка чыкпаса, мен аны баары бир өлтүрөм" деп айтты. Мен ошондо ал муну жини менен эле айтты деп ойлоп койгонум үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем», — деп катуу үшкүрдү Бурулайдын атасы.

Бурулайдын апасынын айтымында, анын жолдошу менен Марсбектин байкеси бир кезде чогуу иштешкен. Марсбектин байкеси биринчи ала качуудан кийин жолдошун [Бурулайдын атасын] милицияга кайрылбагыла деп ынандырып койгон.

«Ал мындай иш кайталанбасын жана ал [Марсбек] эч качан Бурулайга жолобой турганын айткан. Улуу кызым да арыз жазып коюуну суранган, бирок жолдошум болбой койгон», — деп эстеди Гүлсара.

Ошол эле күнү Бурулай ата-энесине башка бала менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып берген. Эки күндөн кийин анын сүйлөшкөн жигити Бурулайды дагы бир ирет ала качууга дуушар болбошу үчүн кыздын үйүнө кудалашууга келген. Үйлөнүү той август айына белгиленген болчу. Бурулай үлпөт тоюна 90 күн калганда каза болду.