Казак активисти Тунгишбаев өз өлкөсүнө экстрадицияланат

Мурат Тунгишбаев

Бишкектин Октябрь райондук соту Казакстандын бийлиги «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы менен байланышы бар деп шектеп аткан казак активисти жана блогер Мурат Тунгишбаевди экстрадициялоону чечти. Активисттин адвокаты Нурбек Токтакунов жактоочу тарапка чечимди даттанууга убакыт беришпегенин айтууда.

Адвокат «сот катачылыгынын» айынан Тунгишбаев 26-июнда Казакстанга экстрадицияланганы жатканын жана жактоо тарабында бул чечимди даттанууга убакыт жетишпээрин билдирди. Токтакунов бул анын коргоого алган адамынын конституциялык укуктарын бузат деп айтууда.

Ал сот чечими токтоосуз күчүнө киргенин жана эгерде Тунгишбаев 26-июнда экстрадицияланып калса, анда бул чечимди даттанууга маани деле калбай калат деп түшүндүрүүдө.

Токтакунов Башкы прокуратура менен Коопсуздук кеңешин чечимдин аткарылышын токтото турууга чакырды.

Укук коргоочулар менен Тунгишбаевдин жакындары Бишкекте бир нече жолу аны Казакстанга экстрадиция кылбоо талабы менен митингге чыгышкан, анткени алар активист ал жакта кыйноого дуушар болот деп кооптонушууда.

«Ал түрмөдөн тирүү чыгабы же жокпу белгисиз. Анын кичинекей балдары жана мен улгайган апасы бар. Андан тышкары, Мурат кечээ күнү сотто эгер ал экстрадицияланса өз өмүрүн кыя турганын билдирген», — деди активисттин апасы Бактыбола Тунгишбаева.

Активистти кармоо

Мурат Тунгишбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 10-майда Алматы сотунун жазма буйругунун негизинде кармашкан. Казакстанда ал качкын саясатчы жана оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланышы бар делип айыпталууда.

Казакстандын укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Тунгишбаев Facebook жана Telegram аркылуу «Казакстандын Демократиялык тандоосу» үчүн «маалыматтык мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн» — Казакстанда экстремисттик деп таанылган кыймыл — жана Аблязовдун жетекчилиги алдында кыймыл топторун уюштурган.

Адвокат Нурбек Токтакуновун айтымында, кыргыз бийлиги Тунгишбаевди экстрадициялоонун жардамы менен «Атамбаевдин Назарбаевге каршы демаршынын жыйынтыгында уят болуп калган абалдан чыгууну» каалап атат. Ал экс-президент коңшу өлкөнүн жетекчилигин «улуттук байлыктарды уурдоого» айыптаган Атамбаевдин Казакстандын бийлиги менен болгон тирешин айткысы келген.

Мурат Тунгишбаев деген ким?

Мурат Тунгишбаев — 2011-жылы нефтчилер Жаңы-Өзөндө массалык иш таштоого чыгышканда каршылык акциясын чагылдырган казак активисти.

Казак бийлиги массалык каршылыкка чыгууну катуу басып, бул 16 адамдын өлүмүнө алып келген жана анын жүздөгөн катышуучулары жаракат алып, ондогон нефтчилер башаламандыктарды уюштуруу боюнча абак мөөнөттөрүн алышкан.

Тунгишбаев өзү Казакстандын бийлиги аны блогердик ишмердиктин айынан куугунтуктап атат деп айтууда. Ал өз материалдарында ал адам укуктарынын бузулушу жөнүндө, Казакстанда сөз эркиндиги бузулуп атканы жөнүндө жана саясий куугунтуктар жөнүндө айтып берген.


ТЕМА БОЮНЧА: