Иллюстративдик сүрөт. Shutterstock

Депутаттар Адам укуктары боюнча декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата камактагылар үчүн мунапыс киргизүүнү сунушташты. Бул мунапыс кандай иштейт жана соттолгон кыргыз саясатчыларынын ичинен кимиси эркиндикке чыгып калышы ыктымал экенин түшүндүрөбүз.

Эмне болду?

Парламенттин бир нече депутаты мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Алар айрым камактагыларды эркиндикке чыгарып же жаза мөөнөтүн кыйла эле кыскартууну сунушташууда.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, анда мунапыс алты ай аралыгында колдонулат.

Абактан кимдер чыгып калышы мүмкүн?

Эгерде бул мунапысты кабыл алышса, анда абактан төмөнкүлөр эркиндикке чыгып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат:

• биринчи жолу 5 жылга чейин соттолгон жашы жете электер;

• 60 жаштан өткөн эркектер, ошондой эле 55 жаштан улуу аялдар;

• I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;

• экиден кем эмес жашы жете элек баласы же майып балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

• анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

Бул долбоорго кирбегендер: атайылап ден соолукка зыян тийгизүү, ВИЧ-инфекциясын жуктуруу, адам уурдоо жана сатуу, ала качуу жана башка беренелер боюнча соттолгондор жөнүндө бул жерден көрө аласыздар.

Кимдердин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат?

• жатак абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго — жарымы;

• атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө соттолгондорго — үчтөн бири;

• 15 жылга чейинки мөөнөткө соттолгондорго — бештен бири;

• тарбиялык жатак абактарында жаза өтөп жаткан 10 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жетпегендерге — жарымы.

Ошондой эле, абактардан качуу, эркинен ажаратуу түрүндөгү жазадан качуу, аскерден же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү үчүн — эгерде алар качып кеткенден күндөн тартып үч айдын ичинде ыктыярдуу келишсе жоопкерчиликтен кутулушат.

Мунапыс адам өлтүрүү, зордуктоо, кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, терроризм, кескилик, тыңчылык, улуттар аралык кастыкты козутуу, мамлекеттик жашыруун сырды ачыкка чыгаруу, кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция, өзгөчө ири көлөмдө зыян тийгизүү менен кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана кыйноо, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, опузалоо жана пара алуу, геноцид, экоцид жана жалдамачылык үчүн колдонулбайт.

Дагы кимдерге мунапыс колдонулбайт?

• коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасагандарга;

• жаза өтөөнүн тартибин кыянаттык менен бузгандарга;

• уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандарга;

• мурда мунапыс же ырайым кылуу актылары колдонулган жана кайрадан билип туруп кылмыш жасагандарга;

• издөөдө жүргөн адамдарга;

• чет элдик жарандарга;

• эрезеге жете электерге жана жаш балдарга карата ар кандай кылмыш жасаган адамдарга;

• өмүр бою эркиндигинен ажыратылган адамдарга.

Соттолгон кыргыз саясатчыларынын арасынан кимисине мунапыс колдонулушу мүмкүн?

Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 16-августта сотто. Сүрөт: Уланбек Эгизбаев/RFE/RL

Өмүрбек Текебаев

Коррупция үчүн мүлкүн алып коюу менен 8 жылга эркинен ажыратылган оппозиционер Өмүрбек Текебаевге мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгышы мүмкүн. Азыр Текебаев 59 жашта, бирок 2018-жылдын декабрында ал 60 жашка чыгат.

Ушул эле иш боюнча 8 жылга соттолгондордун экинчиси, ӨКМдин мурдагы башчысы, Дүйшөнкул Чотонов мунапыс боюнча чыгарылбайт, себеби ал болгону 50 жашта. Бирок анын жаза өтөө мөөнөтү үчтөн бирине кыскартылышы мүмкүн.

Буга чейин соттолгондордун экөөсүнүн тең жаза мөөнөтү мунапыс боюнча кыскартылган — эми ал 4,45 жылды түзөт.

Коррупция жана кызматтык кыянат үчүн соттолгондордун көпчүлүгүнүкү сыяктуу эле Текебаев менен Чотоновдун мүлктөрү конфискацияланган. Мыйзам долбоорунда амнистияга кабылгандар жазадан бошотулат, бирок мүлктү конфискациялоодон бошотулбайт деп айтылган.

Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматовго мунапыс колдонулбай калат, анткени ал мунапыска туура келбей калган «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча соттолгон. Шыкмаматовго «жасалма тендер» жана өз аялынын машинасын Эсеп палатасына сатканы үчүн 5 млн сом штраф салынган.

Райкан Төлөгөнов

Экс-депутат Райкан Төлөгөновго да мунапыс колдонулбай калат, себеби ал соттолгон «тоноо» беренеси боюнча мунапыс колдонууга туура келбей калат. Ал 2010-жылдагы апрель революциясы учурундагы «мародёрчулук» жөнүндө иш боюнча 15 жылга соттолгон.

Садыр Жапаров

Жапаровго да мунапыс колдонулбай калат, анткени ал дагы мунапыс колдонууга туура келбей калган «Барымтага алуу» беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө митингчилерге облустун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча буйрук берген.

Карганбек Самаков

Ал эми Самаковго мунапыс колдонулушу мүмкүн. Эгерде ал колдонулса, анда анын мөөнөтү үчтөн бирине кыскарышы мүмкүн. Ал жерлерди мыйзамсыз транформациялоо үчүн соттолуп, 10 жылга кесилген. Кийинчерээк анын жаза өтөө мөөнөтү мунапыс боюнча үч жылга чейин кыскартылган.