Шадиевдин үстүнөн экинчи кылмыш иши козголду

Аскарбек Шадиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн айынан экс-вице-премьер жана парламенттин депутаты Аскарбек Шадиевдин үстүнөн экинчи кылмыш ишин козгоду. УКМК депутатты башка иш боюнча да издөөгө жарыялаган. Ал «ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу» боюнча айыпталууда.

УКМКнын басма сөз кызматы Шадиевге карата экинчи кылмыш иши 25-июнда «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча козголгонун билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Шадиевди 31-майда сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган. Ошол эле күнү УКМК депутат издөөдө экенин билдирген, анткени ал «атайылап тергөө органдарынан жашырынып жүрөт».

УКМКнын басма сөз кызматы Шадиев 27 апрелде Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан «мамлекеттик чек ара аркылуу сууну кечип» Тажикстан тарапка «мыйзамсыз» өтүп кеткенин түшүндүргөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, Шадиев 28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин Тажикстандын Хужант шаарынан Москвага, андан соң Нью-Йоркко учуп кеткен.

«Аскарбек Шадиевдин жакын туугандарынын маалыматына ылайык, ал даарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен жана бир-эки аптанын ичинде кайтып келиши керек болчу. Бирок Шадиев азыркы убакытка чейин атайылап тергөө органдарынан жашырынып жүрөт, буга байланыштуу ал издөөгө жарыяланды», — деп билдирген комитеттин басма сөз кызматы.

Май айынын башында УКМК менен Чек ара кызматы Шадиев Кыргызстандан кеткен эместигин билдиришкен. Бирок анын жардамчысы Айбек Эрмеков бир нече басылмаларга Шадиев 27-апрелде жүрөгүнөн операция жасатыш үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: