Иллюстративдик сүрөт

«Клооптун» кабарчылары Бишкек — Чолпон-Ата жолундагы белгилердин баарын изилдеп чыгып, ылдамдыкты чектөө белгисинин 49нун ичинен 13ү мамлекеттик стандартка ылайык орнотулбаганын аныкташты. Ага карабастан инспекторлор айдоочуларга эреже бузуу үчүн штраф салышууда.

Жалпысынан Бишкек — Чолпон-Ата жолунда ылдамдыкты чектеген 49 белги турат. «Клооптун» кабарчылары аны кол менен эле санап чыгышты.

Жол боюндагы белгилердин жайгашышын кененирээк изилдеп чыккандан кийин журналисттер 49 белгинин ичинен 13ү КМШнын мамлекеттер аралык стандартын — Кыргызстан сакташы керек болгон — бузат деп эсептешти.

Маселе Бишкек — Чолпон-Ата жолунун ылдамдык режими — бул 90 км/саат болгонунда болууда, бирок жолдо кокустан эле 60 км/саат ылдамдыктыкты чектөө белгиси пайда болуп калышы мүмкүн.

«Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары» мамлекеттик стандарты боюнча, ар бир кийинки белги үчүн ылдамдыкты максимум 20 км/саатка гана азайтса болот — мисалы, 90 км/саат ылдамдыкты чектөө белгисинен кийин 70 км/сааттан ылдый эмес белги чыгышы керек. Бирок Бишкек — Чолпон-Ата жолу үчүн бул сейрек кездешет, себеби белги бир гана жерге орнотулган.

Бишкектик Станислав Кобцев бул жылы өз автоунаасы менен Ысык-Көлгө эки жолу барып келген. Ал 90 км/саат белгисинен 60 км/саат белгисине өтүү айдоочуларды дароо токтоого аргасыз кылып атканын, антпесе эреже бузулуп калаарын айтууда.

«[инспекторлор] токтотушканда, сен [жогору] ылдамдыкта келе жаткансың деп айтышат. Мен аларга дайыма дароо тормоз басып, ылдамдыкты азайта албасымды айтам. Мен ылдамдыкты акырындык менен жайлатууга аракет кылам да», — деп түшүндүрдү ал.

Белгилер стандартка ылайык орнотулбаганына карабастан, жол инспекторлору баары бир эле ылдамдыгын азайта албай калгандарга штраф салышат. Мындай штрафтын өлчөмү 500 сомдон 2000 сомго чейин.

Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жана Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдордогу белгилер жайгашкан картасы төмөндөгүдөй:

Аталган жолдо 60 км/саат ылдамтыкты чектөө белгисинин артында турган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери бул белги стандартка ылайык орнотулбаганын моюнга алды. Бирок ал жогору ылдамдык үчүн штраф жазып бергенге аргасыз экенин айтууда, анткени ылдамдыкты чектөө белгиси ал жерде баары бир бар.

«Белгини коюшту, биз аны аткарып атабыз. Биз биринчи 70, андан кийин 60 деген белги койгула деп рапорт жазганбыз. Жакын арада коюшса керек. Буга чейин бул постто иштегендер да [мындай рапорт] менен кайрылышкан», — дейт ал.

Бишкек — Чолпон-Ата жолундагы ылдамдыкты чектөө белгиси. Сүрөт: Александра Ли/Kloop.kg

ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Талантбек Ибраев карама-каршы пикирде — ал белгилердин мындай коюлушу мамлекеттер аралык стандартты бузбайт деген ойду карманууда.

«Эгерде биз дароо эле 40 км/саат деген белгини коюп салсак, анда бул ырааттуу болбой калмак, ал эми биз [дароо] 60 км/саат белгисин коюуга укуктуубуз», — деп ишендирет ал.

Ибраев стандарт боюнча орнотулган жерлердеги белгилер, алар, тескерисинче, туура эмес орнотулган, аларды алып таштоо керек деп эсептейт. Ал жерде биринчи 70 км/саат, андан кийин 60 км/саат деп турат.

«10 км аралык — бул туура эмес. Бул менимче оңдоо иштери жүргөн жолдор, азыр 70 км/саат белгиси жок. Мисалы, мына мен көргөн эмесмин», — дейт ал.

Ибраев белгилердин жолдо коюлушу боюнча пикирин айдоочу эгерде коопсуз ылдамдык белгисин көрсө, унааны 60 км/саатка чейин азайтууга үлгүрөт деп түшүндүрүүдө. Ал эми туура эмес орнотулган белгилерге карата арызданууларды ал «жазадан качуу аракети» деп атоодо.

«Эгерде адам саатына 90 км ылдамдыкта келе жатса, ылдамдыкты 60ка чейин түшүрүү үчүн дароо экстремалдуу токтобосо деле болот — ал жетишет. Ал 200 метр жерден ылдамдыгын 60ка чейин түшүрүү менен бирге атүгүл токтогонго да үлгүрөт», — деп ишенет бөлүм башчысы.