Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков 2010-жылы апрелде диссертациясын жактап, экономикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Сегиз жыл өткөндөн кийин орусиялык «Диссернет» коому анын кандидаттыгын текшерип, анын басымдуу бөлүгү плагиат экенин аныктаган.
Эркинбек Исаков — абдан эле жумушу көп киши.
«Клооптун» журналисти Исаковго диссертациясындагы плагиат боюнча чалганда ал Москвадан келген делегация менен жолугушуп жүргөнүн жана бош эмес экенин айтып, кийинчерээк сүйлөшүүнү сунуштады.
«Диссернеттин» ишине шилтеме алган Исаков журналистке кайра өзү чалып, Орусиянын изилдөө коому тарабынан «өзүнө көңүл» бурулуп атканына таң калганын айтты.
Чындагында Исаковго анчейин деле көңүл бурулбайт: Google Newsта анын ысымы менен фамилиясына уйкаш аттарды издөө болгону сегиз барак жыйынтык берет.
Исаков 2015-жылы бул кызматка келгенден кийин шаар инфраструктурасына байланыштуу суроолор боюнча комментарий алгысы келген журналисттердин байкоосуна көп деле илине берчү эмес. Ал мэрияда турак жай коммуналдык чарба үчүн жооптуу.
Исаковдун аты аталган эң эле ызы-чуулуу окуя — бул шаардыктардын каршылыгын жаратып, алардын милиция тарабынан кармалышына алып келген 2017-жылдагы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюу. Бирок жада калса ошол окуяларда да ал негизги каарман болгон эмес. Бактардын кыйылышына чейин бир апта мурда вице-мэр мэрия бактарды кыюу боюнча бир да актка кол койгон эмес деп билдирген.
2018-жылы жайында «Диссернет» коому Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштабаганда Исаковдун эмгек жолу тынч эле бир нукта шаардын бардык чарбачыларынын башчылык кызматында улана бермек.
Исаковдун диссертациясы
Эркинбек Исаков — Кыргыз-Орус Славян Университетинин (КОСУ) ишканасындагы экономика жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы жана окуу иштери боюнча проректор Күмөн Исаковдун баласы.
Эркинбек Күмөнөвич өз ишин 2010-жылы апрель революциясынан кийин эки күндөн соң КОСУда жактаган. Эми ал мэриядагы ишинен тышкары өз атасы иштеген бөлүмдө сабак берет.
Исаковдун кандидаттык иши «Трансформацияланып жаткан экономикадагы эмгек потенциалын өнүктүрүүнүн теоретикалык негиздери» деп аталат.
Техникалык барактар менен түпкү баракты жана мазмунун кошпогондо ал 181 беттен турат. Анын ичинен 140 бетте плагиаттын издери бар.
Эң эле көйгөйлүү жерлери 63-беттен 78-бетке дейре жана 143-беттен 174-беттерде. Бул аралыктарда кандитаттык иштин көпчүлүк бөлүгүн плагиат ээлейт, ал эми айрым беттер толугу менен эле плагиаттан турат.
Исаковдун ишиндеги көчүрмөлөргө эки адамдын кандидаттык диссертациясы маалымат булак болуп берген.
Биринчиси — саясатчы Магомедсалам Магомедов. Азыр ал Орусиянын президентинин администрациясында иштейт, ал эми 2010-2013-жылдары ал Дагестан республикасын жетектеген. Жогорудагы жадыбалда анын ишиндеги көчүрмө кызгылт түстө көрсөтүлгөн.
Экинчиси — Самара мамлекеттик техникалык университетинин мугалими Марина Гаранина. Мугалимдин ишинен алынган көчүрмө жадыбалда көк түс менен көрсөтүлгөн.
Толугу менен чоочун бирөөнүн текстинен түзүлгөн Исаковдун кандиттык ишиндеги барактын мисалы:
Жарым-жартылай чоочун бирөөнүн текстинен түзүлгөн кандидаттык иштин барагынан мисал:
Исаков эмне деп жатат?
Исаков «Клооптун» журналисти менен болгон маегинде, «Диссернеттин» дарегине мактоо айтуудан баштады.
«Мындай ресурстар сөзсүз керек — бул көйгөйгө кызыгууну көтөрүп атышат, көтөрө беришсин. Буга каршы талаш-тартыштын кереги жок. Эгерде мага бул коомго кошулуп, кимдир бирөөнүн ишин текшерүүгө катышууну суранышса, анда убактым болсо жада калса өзүм эле макул болмокмун», — деди ал.
Исаков коргонуп жатып, бир гана аргумент келтирди: көчүрүп алуу — бул жакшы эле жана андай нерсени көптөгөн мындай иштерде кезиктирсе болот.
«Жазылып аткан ар кандай эмгекте сөзсүз түрдө кандайдыр бир мурдагы материалдар колдонулат. Маселе мунун бардыгы жазылып аткан негиздеги жеке иш менен көчүрмөнүн карым катнаштыгында — бул теңсалмак кыйла эле ичке», — деди вице-мэр ал өз ишинде бул теңсалмакты сактап же сактабаганын тактап бербестен.
Ошого карабастан Исаков өкмөттүн алдындагы Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК), андан сырткары, өзүнүн илимий жетекчисине кайрылаарын убада кылды.
«Эгерде ЖАК чечим кабыл алса, анда маселе жок — каталарды оңдойм», — деп убада кылды ал.
«Диссернетте» эмне деп жатышат?
«Диссернеттин» тең түзүүчүсү Андрей Заякин Исаковдун ишин «көркөм адабият», ал эми андагы сандарды «ойдон чыгарылган» деп атады. Анын айтымында, Исаков Магомедовдун кандидаттык ишинен сүйлөмдөрдү көчүрүп атканда «Дагестан» деген сөздү улам-улам «Кыргызстан» деп алмаштырган.
Ошол эле кезде сандар боюнча маалыматтар Дагестанга тийиштүү болгон бойдон да калышы мүмкүн.
«Бул иштин баары эми Дагестанга да, Кыргызстанга да тийиштүү эмес», — деп түшүндүрдү ал.
Чоочун адамдардын ишинен көчүрүү жобосу жөнүндө Исаков келтирген аргумент Заякинди да ынандыра албагандай туюлду: эгерде материалда башка иштерден үзүндүлөр колдонулса, анда алар тырмакчага алынышы керек.
Ошентсе да Исаковдун диссертациясында Магомедов эле эмес, Гаранина жөнүндө да бир сөз жок, ал эми көчүрмөлөр тырмакчага алынбаган.
«Үзүндү колдонсоң — тырмакча белгилерин кой. Бул толук мыйзамдуу. Магомедовдон 131-беттен 175-бетке чейин бүтүндөй бир кесим сүйлөмдөрдү уурдап алган силердин Исаков өз диссертациясындагы 44 бетти эмне тырмакчага алып чыгышы керек беле? Ооба, ошондой болуп калып атат», — деди Заякин.
«Демек мындай болгондо Исаковдун диссертациясынын чыныгы жүзү ачылмак: бир каптын алдында ар башка үч адамдын иши кошулуп, ал эле эмес алардын жарым-жартылайы толугу менен түшүнүсүз болуп калганын көрүшмөк», — деди «Диссернеттин» катышуучусу.
«Диссернет» кандай иштейт?
«Диссернет» коому 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын мүчөлөрү машиналык же программалык текшерүү колдонушпайт. Плагиат бар делген бардык иштерди коомдун ыктыярчылары кол менен издеп табышат.
«Муну ар кандай куралдардын жардамы менен деле кылса болот: мисалы, кимдир бирөө эмне кай жактан көчүрүлгөнүн эстеп, өз тармагын жакшы билгендер бар. Плагиаттын булактарын гугл же яндекстин жардамы менен издесе болот — бул абдан эле жайылган ыкма», — деп түшүндүрдү Заякин.
Эгерде ыктыярчылар окшоштуктарды табышкан болсо, алар кайсы иш кечирээк чыкканын (албетте, анда плагиат болот) текшеришет, андан кийин айкалыштарды талдашат.
«Андан кийин адам бул окшоштукта бардыгы туура же туура эместигин карайт. Анан туруктуу сөз айкалышында капыстан [аныкталган] "Советтер союзунун коммунистик партиясы" деген сыяктуу туруктуу узун cүйлөмдүн, шилтеменин же тырмакчанын бар-жогу каралат. Эгерде тырмакча менен шилтеме бар болсо, анда мындай барактар биротоло бүткөрүлгөн эскпертизага кирбейт», — деп түшүндүрдү Заякин.
«Диссернет» орусиялык окумуштуулардын иштеринен плагиат тапкандан кийин алардын ичинен жүздөгөн адам өз даражаларынан кол жууп калган.
«Диссернет» плагиатчылык үчүн шектеген саясатчылардын арасында Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык думасынын экс-төрагасы Владимир Платонов бар.
Абубакиров 2015-жылы орусиялык ЖАКтын чечими менен окумуштуу даражасынан ажыратылган, ал эми Платонов ызы-чуудан кийин өз даражасынан өзү эле баш тарткан.
«Диссернет» 2018-жылы өз географиясын кеңейтип, илимий иштерди Тажикстан менен Кыргызстанда да текшере баштаган.
Тажикстанда плагиатчылык боюнча кармалган аткаминер — бул вице-премьер Давлатали Саидов. Ал өз кандидаттагында көбүнесе башка тажик окумуштууларынын эмгектерин колдонгон.
Исаков коомдун иши өлкөдө жаңыдан эле башталып жаткан кезде плагиат боюнча «Диссернеттин» торуна түшкөн алгачкы кыргыз аткаминери болуп калды.
Редакторлор: Бектур Искендер, Дмитрий Мотинов
ТЕМА БОЮНЧА: