2001-жылы ислам динин кабыл алган сибирлик Муаз Бишкектин борбордук мечитинде. «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү

«Мушриктер (көп кудайга ишенгендер — ред.) кылгандай кылбагыла: сакалыңарды өстүргүлө жана мурутуңарды тегиздеп жүргүлө»

Мухаммад пайгамбардын сакал жөнүндө хадиси

* — Бул текст сакалы өспөгөн мусулман эместерге да жардам берет.

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТМЕ: Материалда врач жөнүндө бөлүм болот. Кандайдыр бир дары-дармекти колдонуунун алдында макаланы толугу менен окуп чыгуу сунушталат.

Мырза дайыма барпайган сакалым болсо деп кыялданчу.

Кыргызстандагы көптөгөн эркектердикиндей эле анын сакалы ээк жагында гана өсөт, бирок ал мусулманчылыктагы сунуштамаларды кармануу үчүн аны өстүрүп жатат.

«Мурда таптакыр сакалым жок болчу — өсчү эмес. Байкем ээгимдеги үч тал сакалды көрүп, "Сенин сакалың деле жок, эмне кыласың аны? Жаман көрүнөт экен, алып сал" деп айтчу. Барпайган сакал болсо жакшы көрүнмөк», — деп кыялданат ал.

Мырза эмне кылышы керек жана кимге кайрылганы оң?

Мечиттин жанындагы күркөгө барыш керекпи?

Көйгөйдү чечүүнүн эң эле көрүнүктүү жери бул Бишкектин борбордук мечитинин жанындагы күркөлөр. Ал жакта дин туткан мусулмандарга керектүү болгон нерселерден тартып сакал өстүргөн каражаттар дагы бар.

Ал мурунга куюлчу дары сыяктуу кичинекей бөтөлкөнүн көлөмүнчө бар жана анын таңгагы сакалчан ымыркайдын сүрөтү менен кооздолгон.

Сатуучулар дармек 100 пайыз натыйжа берээрин айтып, кепилдик беришет. Аны ден соолукка зыянсыз деп 250 сомго сатышат.

«Албетте, табигый продукт! Аны Бириккен Араб Эмирлигинен алып келишет — деп ишендирет сатуучу. — Алгыла, алгыла, сакалыңар таңгактагы ымыркайдыкынан да жакшы болот!»

Чынында каражат кандай таасир этээри түшүнүксүз, ал эми сатуучу аял каражаттын көрсөтмөсүн «интернеттен» табууну сунуштады.

Эгерде сиз сакалым күркөдөгү белгисиз суюктуктун жардамы менен өсөт десеңиз, анда бул текстти улантып окубай койсоңуз деле болот. Ал эми «табигый продукт» сизде күмөн жаратса, анда макаланы окууну улантыңыз.

Абаскан Дүйшөнаалы уулу: «Сакал коюу — бул пайгамбардын сүннөтү. Мухаммад пайгамбар эркек киши болгон, ал эми эркектер сакал коюшу керек». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү
Улар: «Сакал менен жүрүш керек. Биздин пайгамбар сакал өстүрүп жүрчү. Ар ким өзүнө жаккан адамга окшош болгусу келет». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү

Хипстердик барбершопко кирүү керекпи?

Барбершоптун кызматкерлери сыяктуу сакалдар жөнүндө жакшы билгендер саналуу эле болсо керек. Сакал өстүрүүгө болгон моданын толкунунда Бишкекте акыркы үч жылда бери эле дегенде беттеги түктөргө кам көрүү боюнча бир нече жайлар ачылган.

Акмарал алардын биринде иштейт (ал иштеген жеринин атын жазбоону суранды) жана аларга ультрасаркеч хипстерден тышкары, ультраконсервативдик мусулмандар да келишээрин айтып берди.

«Алар кыздардын кызматтарынан таптакыр колдонушпайт, анткени болбойт деп түшүндүрүшөт. Мындай мусулмандардын чачы менен сакалдарын эркек киши гана алып тегиздеши керек. Биз жөн гана сороюп чыгып калган чачтарды алып, сакалдарын майлайбыз. Дин боюнча, сакал тыкан болушу керек», — деп түшүндүрөт Акмарал.

Белгилүү болгондой эле, аларга сакалдары бар кишилер кайрылышат. Жалпысынан Кыргызстанда, Акмаралдын байкоосуна ылайык, чындыгында көптөгөн эркектердин бетине сакал өспөйт.

«Бардыгына мурут өсөт жана алардын сакалы ээк жагында гана бар. Беттерине анчейин өспөйт. Эгерде өстүргүлөрү [сакал] келсе, анда жаактын ылдый жагына ичке сызык болуп өсөт», — деп кардарлардын сакалдарына карата байкоолору менен бөлүштү Акмарал.

Акмарал иштеп аткан барбершопто биринчи жолу «миноксидил» жөнүндө сөз болду — бул сакалдын өсүшүн түрткү кылган каражат.

Барбершоп аны кардарларга сатат, бирок кызматкерлердин ичинен эч кимиси ал кандай таасир кылаарын жана курамында эмне бар экенин түшүндүрүп бере алган жок. Балким сакалдын өсүшү боюнча жакшы билген кимдир бирөөлөр бардыр?

Самидин: «Сакал пайгамбардын сүннөтү болгону үчүн өстүрүп жүрөм. Пайгамбарга жакын болуп, анын жолун жолдош үчүн сакал коюп алгам. Мен үчүн бул сүннөт». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү
Абдрахман Мамазакиров: «Мен 64 жаштамын. Менин пикирим боюнча, мусулман 50 жаштан кийин сакал коюушу керек. Анткени 50 жаштан кийин сен ак сакал болуп каласын. Ал эми азыркы жаштардын сакал өстүрүп алганын туура эмес деп ойлойм». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү

Транс-эркектен кеңеш сураш керекпи?

Бишкектик Азамат (аты өзгөртүлдү) — төрөлгөндө эле жынысы аял болуп аныкталган эркек. Төрт жыл мурда ал адамдын денесин гормоналдык терапия жана/же операциянын жардамы менен өзгөртүү процесси деп аталган «өтүүнү» баштаган.

Терапияга чейин Азаматтын бетинде эч бир түк жок болчу, ал эми бүгүн болсо анын ээги менен бет сөөктөрүн жарашыктуу кара түк кооздоп турат.

Ал мурда мындай эмес болчу — өтүү процессине чейин алгачкы убактарда анын бетине сакал сейрек болуп жука өсчү. «Ээгимде, жаактарымда бир аз түк жана мурут бар эле. Мен аларды бет жагыма кошушум керек болчу», — деп эстеди ал.

Азамат да ээги менен жаак сакалын кошуш үчүн миноксидил колдонгон. Бирок ошону менен бирге ал организмде тестостерондун деңгээлин жогорулатыш үчүн гормоналдык терапияны баштаган.

«Транс-эркектердин бардыгына эле сакал өсө бербейт — бул абдан жекече иш. Ал эми гормоналдык препараттар адамдын организмине жараша башкача таасир берет. Мен биринчи ийнени [тестостерон] сайдыргандан кийин эки аптадан соң ээгиме чачтар өсө баштаган», — деди Азамат «Мен эффект [миноксидилден] же гормоналдык препараттан болуп же болбогонун так билбейм» деп кошумчалап.

Бирок тестостерон ийнесин цисгендердик* эркекке сайса болобу же жокпу? Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

* — цисгендердик эркек — бул эркектин денесинде төрөлгөн эркек.

Врачка барабыз

Эндокринолог Жыпаргүл Аманалиева өзүн сыйлаган врачтын эч бири цисгендердик эркекке сакал өсүшү үчүн гормоналдык терапия жазып бербейт деп айтууда.

«Бул абдан олуттуу препараттар экенин түшүнүү керек. Бир эле тестостерон эмес, башка андрогендик (эркектердин) гормоналдык препараттары да олуттуу экенин түшүнүү зарыл. Жазып берүүнүн алдында абдан терең талдоо жүргүзүү абзел. Гормоналдык фон, кан жана башкалар изилденет», — деп түшүндүрдү врач.

Ал сакалды өстүрүү үчүн өз билемдик менен гормоналдык препарат сайып жана ичүү — бул чектен чыккан жоопкерсиздик жана терс таасирдин чыгышын шартташы мүмкүн деп көшөрүүдө.

«Бул бир гана бейтаптын гормоналдык фонуна эле эмес, анын канына жана жүрүм-турумуна да таасир этип коюшу ыктымал. Тестостерондун кандагы жогору деңгээли нерв системасына да залал тийгизет. Адам агрессивдүү болуп, бат ачууланып калышы мүмкүн», — дейт Аманалиева.

Сакал өстүрүү үчүн врачтын көрсөтмөсү жок жана салыштырмалуу жалгыз коопсуз каражат деп башта айтылган миноксидил болуп калууда.

Негизи, миноксидил чач түшүп, таз болуп калууга каршы колдонулат. Бул кислород, кан жана чач фолликулдарына пайдалуу заттардын келишин шарттап, тамырларды кеңейткен каражат.

Натыйжада, фолликулдар өсүп чыгып, калыңыраак жана узун чачтарды өстүрө баштайт.

Бирок миноксидилдин кыйыр таасирлерин текшериш керек (ал денени кычыштырып, дүүлүктүрүп, дем алууну оорлотуп жана шишитиши мүмкүн) жана сөзсүз түрдө врачтын кеңешин алуу зарыл.

Андан тышкары, миноксидил сакалдын өсүшүнө жардам деле бербей коюшу мүмкүндүгүн унутпоо керек. Эгерде өспөй калса, анда сакал өстүрүү үчүн жалгыз ыкма катары, кыл түптөрдү которуу керектелип калат.

Дерматовенеролог Марина Шин бир түп кыл чачты которуунун баасы 1 АКШ доллар экенин, ал эми толук кандуу сакал өстүрүү үчүн 1000-1500ге чукул кыл түбүн которуу керектелип калаарын айтты. Андан тышкары, Бишкекте мындай операция жасалбайт.

«Мындай операция Алматыда жасалат. Түркияда байма-бай жасалат, ал эми бизде мындай ыкма анчалык жайылган эмес», — деди ал.

Азиз: «Сакал коюуп жүрүү бул сүннөт, парз эмес (шариаттын милдеттүү буйругу), ошондуктан мен динге ишенген адам катары намаз окуйм. Тактап айтканда сакал койбостон эле динге ишенсе болот». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү
Алтуран: «Сакал коюуп жүрүү — бул сүннөт. Биздин пайгамбардын сүннөтү». «Клооп» үчүн Павел Большаковдун сүрөтү

Сакалы жок эле жүрсөмчү?

Натыйжада Мырза Бишкектин борбордук универмагында (ЦУМ) 1000 сомго миноксидил сатып алып, бир айдын ичинде аны күнүгө эки маал бетине сүйкөгөн. Жыйынтыгында сакал ээгине өсүп, ал эми жаагы менен бетине өскөн эмес.

Миноксидил ар кандай мөөнөттө таасир бере башташы мүмкүн. Кимдир бирөөгө бир айдан кийин, дагы башкасына андан да кеч таасир эте башташы ыктымал. Барбершоптун кызматкерлери эки ай сүйкөгөндөн кийин сакал көбөйбөсө аны колдонууну токтотуу керек деп айтышууда. Адардын пикири боюнча, бул препарат жардам бербейт дегенди айгинелейт.

Мырза миноксидилди дагы бир айдай сүйкөнөм деп жүргөн, бирок мусулмандардын ыйык Рамазан айы келип калгандыктан аны колдонуудан баш тартып койгон. Себеби миноксидил спирт аралашмасы түрүндө сатылат.

Бирок ал сакалы анчейин барбайып турбаса деле башка дин жолундагылар сыяктуу эле жыйынтыгына ыраазы: «Мурда таптакыр жок болчу сакал, ал эми азыр жакшы эле. Бул мени сүйүнттү».

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу расмий дин башкармалыгы миноксидилдин колдонулушуна терс карабасын билдирди.

«Эгер адам өзү препаратты колдонуп, сакал өстүрөм десе, анда тыюу болбойт. Сакалга байланыштуу эч кандай фатва жок», — деп ырастады ал.

Сакалга байланыштуу бир эле эреже бар — ал ээкке коюлган муштумдан узун болбошу керек.

Бирок ал сакалдын кимдир бирөөдө өсүп, дагы кимдир бирөөсүндө өспөгөнүн жаман деп эсептебейт: «Эркек кишиге сакал чыгышы мыйзам ченемдүү нерсе. Ар кимдики ар кандай өсүшү мүмкүн, айрымдардыкы коюу, жука дегендей».

Сакал койбогон мусулман дин таануучу Икромжон Мирсаитов да ушундай эле пикирди карманат:

«Эгерде эркек кишиге сакал өспөсө, бул ал адам мусулман эмес дегенди билдирбейт».

Тексттин үчстүнөн иштегендер: Регина Им, Рустам Халимов, Гүлжан Эшбаева, Нуртаза Абдиев, Дмитрий Мотинов, Бектур Искендер

ТЕМА БОЮНЧА: