«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюумунун башчысы Төлөйкан Исмаилова

Бишкектин Октябрь райондук соту 2017-жылдын башында «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун отчетун экстремисттик деп тапкан, бирок уюмдан эч кимиси бул жөнүндө 2018-жылдын май айына дейре билген эмес.

Эң маанилүүсү:

• Өлкөнүн байыртан бери келе жаткан укук коргоо уюмдарынын бири «Бир Дүйнө — Кыргызстан» 2015-жылы Орусиянын Дискриминацияга каршы «Мемориал» борбору менен биргеликте кыргыз эмгек мигранттарынын Орусия менен Казакстандагы абалы жөнүндө отчёт даярдаган.

• Бир жарым жыл өткөндөн кийин Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) текшерүүнүн жыйынтыктарын алып, «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» отчёту экстремисттик деп табылышын талап кылып сотко берген.

• Бишкектин Октябрь райондук соту 2017-жылдын январында отчётту экстремисттик деп тапкан. Сот отурумунда «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» өкүлдөрү эле эмес, алардын юристтери да болгон эмес.

• «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» өкүлдөрү бул жөнүндө кокустан эле Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтындагы экстремисттик материалдардын тизмесин изилдеп жатып 2018-жылдын май айында билип калышкан.

• «Бир Дүйнө — Кыргызстан» чечимди соттун кийинки инстанциясы — Бишкек шаардык сотунда даттанууга аракет кылган, бирок аларга баш тартып коюшкан, анткени даттануунун мөөнөтү өтүп кеткен. «Бир Дүйнө — Кыргызстан» чечим жөнүндө билишпегенин, демек аны өз убактысында даттана албай калышканын далилдөөгө аракет кылууда.

• Азырынча бул отчётту экстремисттик деп таанууга эмне себеп болгону түшүнүксүз. Бийлик «бул эки жыл мурдагы иш» экендигине таянып, комментарий бергиси келбей жатат.

• Отчётто орус бийлигинин кыргыз өзбектерин мекенине депортация жана экстрадициялоо жөнүндө чечимине сын-пикир айтылган. Укук коргоочулар аларды 2010-жылдагы этникалык жаңжалдан кийин Кыргызстанга кайтаруу аларды кыйноого жана адилетсиз сотко дуушар кылуу экенин айгинелеген деп ырасташууда.

• Этникалык өзбектердин экстрадицияланышынын опурталдуулугун түшүндүрүү үчүн отчёттун (жалпы 17 барак) төрткө чукул барагы 2010-жылдагы жаңжалдан кийинки биринчи жылдарда өзбектердин Кыргызстанда укуктары бузулганын баяндоого арналган. Андан тышкары, отчётто Ош шаарындагы этникалык өзбектин сөздөрү жашыруун келтирилген. Ал жаңжал жөнүндө эстөө менен Кыргызстандын бийлиги «шаарга [Ош] келген кыргыздардын өзбектерди тоноп жана өлтүрүүсүн кубаттаган» деп ырастаган.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Бул жагдай Кыргызстандын бийлиги ар бир материалды авторуна эскертип койбостон эле бир тараптуу экстремисттик деп таанып коё алаарын көрсөтүп турат.

Ошол эле Октябрь райондук соту 2017-жылы ноябрда музыка жана аудифайлдарды жайгаштыруу үчүн Soundcloud сервисин экстремисттик деп таап, тосмого алып койгон.

Мамлекет эреже буздубу?

Ооба. «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмуна сотто өзүн коргоого мүмкүндүк берген жок. Бул укук бузуу. Ошондой эле, алардын отчёту экстремисттик деп табылганы жөнүндө уюмдун юристтерине кабарлаган эмес.

Андан тышкары, Башкы прокуратура сотко арыз берип жатканда аларды иштин катышуучуларынын тизмесине кошушу керек болчу, анткени укук коргоочулар кызыкдар жак болгон, бирок алар аны кылышкан эмес.

«Бир Дүйнө — Кыргызстанга» эмне болот? Дегэле тексттери экстремисттик деп табылган уюмдар менен эмне болуп жатат?

«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» юристи Эрик Ирискулбековдун айтымы боюнча, сот чечимине карабастан уюм өз ишин уланта берет. Ага эмне үчүн УКМКны дал ошол отчёт кызыктырганы жана текшерүү эмненин негизинде болгону да белгисиз.

«Эгерде материал экстремисттик болсо, анда уюм да экстремисттик деп табылышы керек. Алар өздөрүнө карама-каршы болуп атышат. Материалды экстремисттик деп табышты, ал эми аракеттерди экстремисттик деп табышкан жок. Демек, алар "Бир Дүйнө — Кыргызстандын" ишмердиги мыйзамдуу экендигине макул болушууда», — деди ал.

Юристтер эгерде Кыргызстандын Жогорку соту мурдагы инстанциялардын чечимдерин колдосо, анда чечимди эл аралык сотто даттанышмакчы.

Бийлик эмне деп жатат?

«Клооптун» кабарчылары Башкы прокуратурага кайрылышты, бирок анын өкүлү Жаркын Азиева иштин чоо жайын түшүндүрүп бере алган жок.

«Биз бул ишти өзүбүз да күтүп жатабыз, анткени бул эки жыл мурдагы иш жана аны көтөрүп чыгыш керек. Азыр сот аткаруучулары жок болушу мүмкүн», — деди Азиева «Клоопко» курган маегинде.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал эмгек өргүүсүндө жана журналисттерге ал маалымат алуу үчүн сотко кайрылууну сунуштады.

Андан тышкары, Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева ал жакта тексттин экстремисттик деп таанылышынын себептерин билишпейт деп айтты.

Мен «Бир Дүйнө» менен кызматташам. Бул мага кедергесин тийгизип калбайбы?

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев уюмдун өнөктөштөрүнө бул чечим эч кандай кедергесин тийгизбейт деп эсептейт.

Бул отчёт интернетте жеткиликтүү экен. Мен аны досторум менен бөлүшсөм эмне болот?

Эралиевдин айтымында, сот отчётко карата шилтемени жайгаштырууну экстремисттик контентти жайылтуу катары карашы мүмкүн.

Авторлошу Гүлжан Эшбаева