Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан Ибраимовдун отставкасын талап кылышты

Депутаттар 13-июлда шаардык кеңештин кезексиз жыйынында Бишкек мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө вотумунун кабыл алышты. Бул чечимди жыйынга катышкан 40 депутаттын бардыгы бир добуштан колдошту.

Эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду мэрлик кызматта калтыруу керекпи же жогун чечиши керек. Эгерде премьер-министр аны кызматтан албоону чечсе, анда шаардык кеңеш үч айдын ичинде Ибраимовго кайра ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрө алат. Бул учурда премьер аны кызматтан алууга милдеттүү болуп калат.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев журналисттерге 13-июлда эртең менен шаардык кеңештин бардык фракцияларынын жетекчилеринен Ибраимовго ишеним көрсөтпөө вотумун демилгелөө боюнча маселени кароону суранышкан кат алганын билдирди.

Ибраимов өзү жыйынга катышкан жок. Расмий маалыматтарга ылайык, ал 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамалекеттик комитет (УКМК) июнь айында Ибраимовду 2012-жылы өзү жетектеген ТНК «Дастан» ишканасындагы ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү коротуу иши боюнча күбө катары суракка алган.

Атайын кызмат болжолдонгон коротуудан тийген зыянды 470 миң долларга баалап жатат. Ал эми саясатчы өзү бул ишти саясий мүнөздүү деп эсептейт.

«Биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, ошондой эле менин Атамбаевдин командасындагы үзөңгүлөштөрүмдү камакка алуулар, мага карата ачылган ушул жана башка кылмыш иштери мага саясий жактан жүйөлөштүрүлгөн деп болжолдоого негиз берет», — деп айткан Ибраимов.

Ибраимов — Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеп турган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы тарапкери. 2018-жылдын башынан бери өз кызматтарынан премьер-министр Сапар Исаков, башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: