Cүрөт: Улукбек Максатов

Салык кызматы июль айынын башында Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлер үчүн электрондук патент берүүнү ишке киргизген. Бул ишкерлердин жашоосун кыйла эле жеңилдетмек, бирок электрондук патент алуу менен бирге камсыздандыруу полиси үчүн баары бир эле салык кызматына барууга туура келүүдө.

Июль айынын башында премьер-министр Муххамедкалый Абылгазиев салык төлөөчүлөр үчүн электрондук патент берүүнү жактырган. Азырынча бул сынама же пилоттук долбоор — мындай патентти Бишкек менен Ошто гана алса болот.

«[Азыр патент алуу] салык төлөөчүлөрдүн көп убактысын алат (берүү пунктуна келүү, берүү пункту менен кассадагы кезек күтүү, кайра кеткен жол азабы). Кечки жана иш күндөрүнөн тышкары убактарда патент алуу мүмкүнчүлүгү жок», — деп билдиришкен ошондо өкмөттөн.

Бирок иш жүзүндө электрондук патент алуу оңой эмес болуп чыкты, салык төлөөчүгө баары бир эле салык кызматына барууга туура келет.

Савия Хасанова

«Клооптун» дата-журналисти Савия Хасанова электрондук патент алууга аракет кылып көргөнү менен иш оңунан чыкпай калды.

Ал кабылган биринчи кыйынчылык — бул патент алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) сайтында арыз толтуруп, андан кийин сизге жеке кабинетке кирүүгө мүмкүндү алуу үчүн арызды салык кызматына жеткирүү керек болгонунда.

«Электрондук патент алуу үчүн салык кызматына жеке өзүң барышың керек. Ал жактан мага кайра компьютерге отуруп, сайтка катталып, арыз толтуруп, аны басып чыгарып, арызды көтөрүп алып келиш керек деп айтышты. Натыйжада мен кайрадан "РСК-Банкта" бир саат кезекте туруп, патентти эскиче ыкма менен эле узарттырдым», — дейт Хасанова.

Анын айтымында, экинчи көйгөй — Соцфонд тарабынан берилген камсыздандыруу полисти кагаз жүзүндө гана алуу мүмкүндүгүндө. Ал эми камсыздандыруу полиси жок патент жараксыз.

«Камсыздандыруу полисин узарттырууда Соцфонд аны электрондук кылгысы келбегени аныкталды. Тактап айтканда, [электрондук патентти узартууда] улам-улам салык кызматына барып, ошол эле процедуралардан өтүп камсыздандыруу полисинин мөөнөтүн узартууга туура келип калат», — деди ал.

Электрондук патент + кагаз жүзүндөгү полис

Эркин Сазыков

МСКнын басма сөз бөлүмүнүн начальниги Эркин Сазыков камсыздандыруу полисин берүүгө Соцфонд жооп берээрин айтты. Ал эми Соцфонддун өзүндө полисти алууну жеңилдеткен жалгыз опция — бул полис үчүн терминал аркылуу («Мобильник», Qiwi) же «РСК Банктын», «Айыл Банктын» жана «Росинбанктын» банкоматтары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү экенин түшүндүрдү.

Бирок полисти терминал аркылуу төлөсөңүз деле сизге аны жаздырып алуу максатында баары бир эле дүмүрчөктү көтөрүп алып Соцфондго (же Соцфонддун бөлүмчөлөрү бар Салык кызматына) барууга туура келет.

«Бул дүмүрчөк менен сиз өзүңүз катталган райондук башкармалыкка барасыз. Ал жерде сизге камсыздандыруу полисин беришет. Сизге банкка барып кезек күтүүгө туура келбейт», — деп түшүндүрүштү Социалдык фонддун басма сөз кызматынан.

Бардыгы коопсуздук үчүн

МСКдагы Эркин Сазыков сиз сайтта толтуруп, басып чыгарып келген арыз салык кызматына коопсуздук үчүн керек деп айтууда. Анын айтымында, салык кызматы биринчи салык төөлөчүлөрдү идентификациялап, андан соң гана электрондук патент алууга мүмкүн болгон жеке кабинетке кирүүгө жол берилиши керек.

«Бул коопсуздук үчүн жасалган. Мындан коркпош керек. Буга чейин деле жүрчү эл, эки саатка чукул убакыт кетчү [патентти тариздетүүгө]. Бир жолу кыйынчылык баштан кечирип, кийинкилеринде бир гана патент албастан, электрондук түрдө салык кызматтарын пайдаланып каласыз», — деп ишендирди ал.

Салык кызматка келгенден кийин салык төлөөчү арыз тапшыруу аркылуу МСКнын сайтындагы жеке кабинетке кирүү үчүн колдонуучу ысымды жана сыр сөздү ала алат. Арыз тапшырган адам сыр сөздү өзү ойлоп табат.

«Балким эл туура эмес түшүп атышкандыр, бирок жеке кабинетке кирүү үчүн мүмкүндүк алуу — бул бир жолку эле болчу процедура. [...] Эгерде сиз колдонуучу ысымды жана сыр сөздү алган болсоңуз, анда сизге кайрадан салык кызматына келүүнүн кереги жок болуп калат. Эгерде сиз жеке кабинетке кирүү мүмкүндүгүн алсаңыз, анда сиз бир гана патент албастан, декларация тапшырып, башка салыктарды төлөп, отчёт тапшырып, салык кызматкерлери менен жазыша аласыз», — деп түшүндүрдү Сазыков.