Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына адамдардын азаттыгынын маанисин түшүндүргөн сүрөттөр тартылды. Уюштуруучулар көчө сүрөттөрү аркылуу жаштарды коомдук желеде жумуш сунуштагандарга шектенүү менен мамиле кылууга чакыргысы келет.

Стрит арт же көчө сүрөттөрү калаанын батыш тарабындагы үйлөрдүн дубалдарына тартылды. Уюштуруучулардын айтымында, шаардын бул бөлүгүндө эл көп отурукташкан.

Демилгени Ош шаарындагы «ISEDA» коомдук фонду колго алган. Уюм төрт жылдан бери адам сатуунун кесепеттери, мыйзамсыз миграция туурасында кыргызстандыктарга акысыз кеңеш берип келет.

Фонддун координатору Айнура Мамажунус кызы «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, адам сатууга каршы үндөгөн сүрөттөрдү дүйнөлүк желеден чогултуп алышкан.

«Онго жакын сүрөттү Ош шаардык милициясына жибердик, алар бешөөнү тандашты. Бешөөнүн ичинен үч сүрөттү Миграция боюнча эл аралык уюмдан бекитип беришти. Сүрөттөрдүн авторлорун билбейбиз», — деди Мамажунус кызы.

Ал эми тандалып алынган чыгармаларды дубал бетине жергиликтүү сүрөтчү Илья Тарасов түшүргөн. Сүрөттөрдүн четинде кулчулукка кабылгандар үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишеним телефондору жазылган. Көрсөтүлгөн номерге чалган жабырлануучулар укук коргоо кызматкерлеринен акысыз кеңеш ала алышат.

Калааны көрктөндүрүп туруу максатында тартылган дубал сүрөттөрү «эркин болуунун маанисин» коомчулукка жеткизүүнү да көздөйт.

Айнура Мамажунус кызы калаадагы чет өлкөгө жумушка орноштурган компаниялардын арасында мыйзамсыз иш алып баргандары кездешээрин айтат. Муну алар өздөрү бир нече жолу өткөргөн социалдык экспериментке таянып билдирди. Ошондуктан уюмдун кызматкерлери жумуш берүү боюнча коомдук желедеги билдирүүлөргө жаштарды шектенүү менен мамиле кылууга үндөшөт.

«Биздин жаштар чындыгында маалыматы жок эле, интертеттен тамак-ашы, жатаканасы, жол киреси бекер деген [жарыяны] көрүп кетип калышат. Жумушка орношуп жатканда компаниянын лицензиясын сураш керек. Лицензияны Юстиция министрлигинин сайтынан тактап алса болот. Биз ушул маалыматтарды жаштарга жеткизүүнү максат кылдык», — деди координатор.

Ички иштер министрлигинин маалыматтык аналитикалык борбору берген маалыматка ылайык, 2002-2014-жылдар аралыгында «Адам сатуу» беренеси боюнча 237 кылмыш иши козголгон.

Сүрөттөрдүн автору: Маматказы Расул уулу
Видео: Маматказы Расул уулу, Дастан Үмөтбай уулу