Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, чогулушка келгендерди коррупцияга каршы күрөштө биригүүгө чакырды.
Жээнбековдун өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу 19-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Жалпысынан президент менен жолугушууга 40 адам чакырылган, алардын арасында саясий активисттер, экологдор жана укук коргоочулар бар. Жолугушуу эки саат өтүшү керектелгени менен төрт саатка созулуп кетти.
Жээнбеков жолугушуунун башында чогулгандарга коррупцияга каршы күрөшүндө колдоо керектиги жөнүндө тезистерин айтып, бийлик сын-пикирге жана жаңы идеяларга даяр экенин билдирди. Андан сырткары, ал аткаминерлердин декларацияларын текшерүү менен сот системасындагы өзгөрүүлөрдүн үстүндө иш башталгандыгы тууралуу билдирди.
«Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! [...] Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек», — деп билдирди Жээнбеков.
«Ак ниет атмосфера»
«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы жана мурдагы парламентарий Чолпон Жакупова жолугушууга оң баа берди. Ага президенттин иш жөндөмдүүлүгү таасир калтырган.
«Президент өзү айткандай, эки блокнот жазып толтурган. Бул жолугушуу учурунда ал ар бир маселени жазып, өзүнө кыска жазууларды калтырган. Көп жылдардан бери биринчи жолу колуна калемсап кармап иштеген президентти көрүшүм», — деди укук коргоочу.
Анын айтымында, жолугушуу танаписи жок төрт саатка созулуп, пенитенциардык системаны реформалоодон баштап, саламаттык сактоо менен аяктаган көптөгөн темалар талкууланган.
«Активисттердин 80 пайызы сот жана укук коргоо системасындагы иштердин абалына нааразылык өсүп жатканы жөнүндө айтышты. Бул жөнүндө социалдык тармактын өкүлдөрү эле эмес, укук коргоочулар да айтышты. Президент айтылгандарды эске алып, бул анын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты», — деди Жакупова.
Жолугушууда ал Жээнбековго Сотторду тандоо боюнча кеңешти, Тартип комиссиясын жана Жогорку соттун жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган.
Активист Эдил Байсалов президент менен жолугушуу «ак ниет атмосферада» өттү деп эсептейт. Ал чогулуштун катышуучулары оорчундуу темаларды талкуулоодо «курч маселелерди аста жеткирүүгө» аракет кылышканын, бирок президент бир да темадан качпаганын кошумчалады. Байсалов чогулуш жабык эшик артында өткөнүнө таянып, тагыраак кандай темалар талкууланганын ачыктаган жок. Бирок кийинчерээк ал твиттерде жолугушуунун катышуучулары тарабынан айтылган тезистер боюнча өзүнүн кыскача жазуулары менен бөлүшкөн.
Ал эми эколог Эмил Шүкүров Жээнбеков айлана чөйрөгө байланыштуу маселелерди өзүнчө жолугушууда талкуулоону сунуштаганын айтып берди. Президент дин маселеси боюнча дагы бир ушундай жолугушуу өткөрүүнү убада кылды.
«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилованын айтымында, Жээнбеков укук коргоочуларга өз үй-бүлөсү тууралуу айтып берген.
«Абдан кызыктуу жана ошол эле кезде чынчыл жолугушуу болду [...] Ал жада калса өз үй-бүлөсү жөнүндө — ким кайда иштээрин, алар чечимдерге канчалык таасир этишээри боюнча да айтып берди. Ал үй-бүлөлүк кландык башкаруу колдонбойт деген үмүт пайда болду», — деди ал.
Укук коргоочу кошумчалагандай, президент ар бир катышуучуну угуп, суроолордун бардыгына жооп берген.
«Биз алгачкы жолу бийликтин бардык тепкичтеринен өзү өткөн адамды сездик. Ал ылдый жактан келип аткан көйгөйлөрдүн бардыгын абдан түшүнөт экен жана мыйзам ар бир адам үчүн иштей турганын айтты [...] Президент өтүнүчтүн баары протоколго киргизилгенин жана катышуучулардын айрымдары жумушчу топтор менен иштээрин билдирди», — деди Исмаилова.
«Эч нерсени бузуунун кереги жок»
Укук коргоочу Рита Карасартова чогулуш цензурасыз жана элексиз өттү деп эсептейт. Анын айтымында, жолугушууга жада калса бийликтин эң эле катаал сынчылары да чакырылып, аларга президентке суроо узатуу мүмкүнчүлүгү да берилген.
Карасартова өзү президенттен УКМКнын реформаланышы ыктымалдыгы жөнүндө сураган. Укук коргоочунун айтымында, атайын кызмат «бийлиги күчтүү мокочого айланып калган».
«Президент учурда УКМК өз милдеттерин аткарып жатат жана бүтүндү бузууну кереги жок деп жооп берген. Бирок ал УКМКнын ишин көзөмөлдөө боюнча парламенттик комитет түзүү демилгесин колдогон», — деди Карасартова.
Ал Жээнбеков өлкөдөгү саясий куугунтук жөнүндө суроолорго жооп берип жатып өзү да, башка бирөөлөр да соттордун ишине кийлигишип же болбосо аларга таасир эте албасын айтканын кошумчалады.
Адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн фэйсбук барагында бийликтин бутактарынын системасы боюнча тема көтөргөнүн жазган. Юристтин пикири боюнча, азыр президенттин институту «эч нерсеге жооп бербестен эле» башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылып жатат. Бирок Токтакуновдун айтымында, президент бул маселе боюнча эч кандай конституциялык реформа болбосун түшүндүрүүгө аракет кылган.
«Тилекке каршы президент азыр бул системага кол тийбей жатат, мен эч кимге басым кылган жокмун дегендей жооп берди. Мен ага эч кимге басым кылуунун кереги жок дедим, анткени айланасындагылар анын каалоолорун туюп турат, ошондуктан анда бардыгын туура кылып жатам деген сезим боло берет», — деп жазган ал.
Токтакунов кошумчалагандай, Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө суроону жоопсуз калтырган.
«Медиа полиси» институтунун директору Багайым Үсөнова өлкө башчысына башкы прокурор сотто президенттин ар-намысын коргой алган мыйзамдын жобосу Конституцияга каршы келээрин айткан.
Анын айтымында, президенттер өз кызыкчылыктарын жарандык тартипте коргошу керек, анткени мамлекет башчысынын катышуусундагы сот аздыр-көптүр судьяларга басым кылып коёт. Ал эми президенттин адвокаты болуп башкы прокурор чыгып атканда соттор кош басымды сезишет.
«[Жээнбеков] [журналисттер менен] соттошпой турганын жана мамлекет башчысы катары сынга чыдашы керектигин айтты [...] Негизи алгачкы убактарда [президенттер] ак көңүл келишет. Президенттик мөөнөт башталган биринчи убактарда журналисттерди эч ким сотко бербейт», — деди Үсөнова.
Ошондой эле, укук коргоочу президентке «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча жаза чарасын кайра карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, бул берене менен ар бир кыргызстандык түрмөгө отуруп калышы ыктымал.
Үсөнова бул жаза чарасын ашкере деп эсептеп, Жээнбековго кылмышка жараша шайкеш жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Мисалы, мыйзам биринчи жолу бузулса эреже бузган адамды дароо түрмөгө жөнөтпөй штраф жазып берүү.
«[Президент] түрмө — бул реалдуу коркунуч жаратпаган сөздөр үчүн эң эле катаал чара экенине кошулду. Ошондуктан биз өз сунушубузду президенттик аппаратка жөнөтөбүз», — деди Үсөнова.
Материалдын үстүндө иштегендер: Рустам Халимов, Айсымбат Токоева, Эмиль Султанбеков, Айдай Эркебаева