Сүрөт: Эрнист Нурматов/RFE/RL

Журналист Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Ал «Азаттык» үналгысында иштеп, резонанс жараткан бир нече журналисттик иликтөөлөрдүн автору. Андан сырткары, ал таасирлүү видео окуялардын режиссёру болгон.

Анын эмгектери бир гана Кыргызстанда эмес, эл аралык деңгээлде да бааланган. Эгизбаев болгону 28 жашта эле.

Журналисттин кесиптештери 23-июлда аны эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

«Клооптун» редакциясы Улан Эгизбаевдин туугандары менен жакындарына көңүл айтат.

Улан Эгизбаевдин жашоосу жана эмгек жолу жөнүндө кененирээк: