Маркум Улан Эгизбаев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү резонанс жаратып, «Азаттык» үналгысынын негизги иликтөөчүсү 28 жашында жөндөн-жөн эле Ысык-Көлгө чөгүп кетиши мүмкүн эмес болчу деген божомолдордун жаралышына жем чачты.

Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү резонанс жаратып, «Азаттык» үналгысынын негизги иликтөөчүсү 28 жашында жөндөн-жөн эле Ысык-Көлгө чөгүп кетиши мүмкүн эмес болчу деген божомолдордун жаралышына жем чачты.

Эгизбаев кыргыз тилинде жазган өлкөдөгү калеми курч журналист болчу: коррупцияны жогорку деңгээлде иликтеп, аткаминерлерге ыңгайсыз суроолорду берчү жана социалдык маанилүү темаларды жакшы ачып берип жүргөн.

Анын өлүмү конспирологиялык теориялардын жаралышына себеп болду. Айрым активисттер, бийликтин сынчылары жана Эгизбаевдин тааныштары журналисттин өлүмү алдын ала даярдалышы мүмкүн экени жөнүндөгү версияларды айтышууда.

Мисалы, журналисттин досу Каниет Жыргалбеков бир катар кыргыз басылмаларына курган маегинде Эгизбаевдин чөгүп өлүшүнө ишенбеси жөнүндө айткан. Ал моргдо журналисттин бутунан шек туудурган бир нече тактарды көргөнүн айткан.

«Бутунда так бар болчу аны изилдеше элек! Өз көзүм менен көрүп, колум менен кармагам! Эки бутунда согончоктон өйдө жакта так бар болчу! [Күтүлбөгөн кырсык жөнүндө] маалымат тактала элек!» — деп жазган Жыргалбеков.

Бирок бул версия менен кошо башка да божомолдордун олуттуу далилдери жок. Азырынча аталган божомолдордун бардыгы журналисттин өлүмүнө карата чыгарылган алдын ала расмий версияга ишенбөө негизделет.

Милиция шашпай турууну өтүнүп жатат

ИИМ коомдук желенин колдонуучуларынын алардыкынан башка версия түзүү боюнча аракеттерине терс реакция кылууда. Милиция аны «такталбаган маалымат» жана «жалган маалыматты чындыкка окшоштура берүү» аракети деп атоодо.

ИИМдин үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айлыгы боюнча ишинин жыйынтыгына карата басма сөз жыйында министр Кашкар Жунушалиев Эгизбаевдин өлүмү боюнча версиялар менен шашпай турууну суранды.

Криминалдык милиция кызматынын начальниги Нурбек Абдиевдин айтымында, экспертиза маркумдун сөөгүндө зомбулуктун белгисин көрсөткөн эмес. Ал кошумчалагандай, акыркы жыйынтык бир айдан кийин чыгат, бирок азыр да сот медициналык экспертине ишенбөөгө себеп жок.

Ошентсе ал тергөө журналисттин өлүмүнө байланыштуу жагдайлардын бардыгын текшерип, Эгизбаевге кайтыш болоору астында келген коркутуп-үркүтүүлөрдү изилдеп атканын айтат.

«Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобуу иштеп, ал кайтыш болгон жерди текшерип жатат. Видео жазмалар алынууда. Алдын ала диагноз — чөгүп өлүү, денесине келтирилген залал табылган жок», — деп билдирди Абдиев.

Расмий версия

Ысык-Көл ИИБнин маалыматына ылайык, Эгизбаев 19-июлдан тарта 22-июлга чейин колуктусу менен бирге Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Акун» пансионатында эс алып жүргөн жана эс алуусу аяктап кетээр алдында дагы бир жолу көлгө түшө кетүүнү чечкен.

Биринчи аны жергиликтүү тургундар көлгө секирип түшүүчү пирстин жанынан байкап калып, алар журналист көлдө ойноп жатат, чөккөн жок деп божомолдоп, жардам чакырбай коюшкан.

Эгизбаевди анын денеси сууда калкып калган кезде гана алып чыгышкан. Ага пансионаттын кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылышканы менен журналистти сактап калууга мүмкүн болбой калган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында көлгө чөгүп каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал “Азаттык” радиосунун журналисти Улан Эгизбаев болуп чыгып, анын сөөгү Ысык-Кѳл райондук оорукананын моргуна алынып келинген», — деп билдирет милиция.

Маркум журналист Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда Нарын облусунун Көк-Жар айлында жерге берилди.

Бул материалдан Эгизбаевдин өлүмү бүтүндөй Кыргызстан үчүн канчалык чоң жоготуу экени жөнүндө окуңуз.